https://sputnik.kg/20260710/bishkekte-1-sentyabr-dem-alysh-bolot-1102349427.html
Бишкекте айрым кызматкерлер үчүн 1-сентябрь дем алыш күн болот
Бишкекте айрым кызматкерлер үчүн 1-сентябрь дем алыш күн болот
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы айрым категориядагы кызматкерлер үчүн 1-сентябрды дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү... 10.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-10T17:36+0600
2026-07-10T17:36+0600
2026-07-10T17:36+0600
кыргызстан
жарлык
дем алыш
эс алуу
эмгек акы
https://sputnik.kg/img/07e7/02/17/1073106844_0:316:3069:2042_1920x0_80_0_0_51b4b554792d6b416339a8547389d7cd.jpg
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы айрым категориядагы кызматкерлер үчүн 1-сентябрды дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, 1-сентябрь борбор калаадагы мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш күнү болот. Мындай чечим Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан иш-чаралар өтүп жаткан учурда шаардагы тыгынды азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Белгилей кетсек, мунун алдында эле президент айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн киргизүүнүн убактылуу тартиби тууралуу жарлыкка кол койгону кабарланган.
https://sputnik.kg/20260710/koshumcha-es-aluu-kundoru-kirgizilet-1102348111.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/17/1073106844_220:0:2951:2048_1920x0_80_0_0_41c092f71db41509f40dbe1371d8f6ff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жарлык, дем алыш, эс алуу, эмгек акы
кыргызстан, жарлык, дем алыш, эс алуу, эмгек акы
Бишкекте айрым кызматкерлер үчүн 1-сентябрь дем алыш күн болот
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы айрым категориядагы кызматкерлер үчүн 1-сентябрды дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ага ылайык, 1-сентябрь борбор калаадагы мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш күнү болот.
"Бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Ал эми үзгүлтүксүз иштөөчү мекемелердеги кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексине ылайык төлөнөт. Ошондой эле жеке менчик уюмдардын жетекчилерине Бишкектеги кызматкерлерге 1-сентябрда орточо күндүк айлыгы сакталуу менен эс алуу күнүн берүү сунушталды", — деп айтылат маалыматта.
Мындай чечим Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан иш-чаралар өтүп жаткан учурда шаардагы тыгынды азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Белгилей кетсек, мунун алдында эле президент айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн киргизүүнүн убактылуу тартиби тууралуу жарлыкка кол койгону кабарланган.