https://sputnik.kg/20260709/bishkek-ekstremisttik-uyum-mucho-karmaldy-1102323588.html
Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 12 активдүү мүчөсү кармалды
Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 12 активдүү мүчөсү кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын аймагында диний-экстремисттик ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Хизб... 09.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-09T16:11+0600
2026-07-09T16:11+0600
2026-07-09T16:11+0600
кыргызстан
укмк
экстремизм
кылмыш
https://sputnik.kg/img/101952/50/1019525085_0:0:1024:576_1920x0_80_0_0_37078e29f45efca13f9d39e5fc8f6cc9.jpg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын аймагында диний-экстремисттик ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Хизб ут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалымдалгандай, кармалган адамдар экстремисттик идеологияны жайылтууга багытталган мыйзамсыз аракеттерди көрүп, ошондой эле экстремисттик мазмундагы материалдарды даярдоо жана таратуу менен алектенип келишкен. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти зордук-зомбулук менен тартып алууга ачык чакырыктар"), 331-беренесинин 2-бөлүгү ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") жана 332-беренесинин 2-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бул кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо жана мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка адамдарды тактоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
https://sputnik.kg/20260206/diniy-ekstremisttik-uyumdun-mucholoru-karmaldy-1099561833.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101952/50/1019525085_128:0:896:576_1920x0_80_0_0_02ad9048f75abeee8ec730288b3d1bfb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, экстремизм, кылмыш
кыргызстан, укмк, экстремизм, кылмыш
Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 12 активдүү мүчөсү кармалды
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын аймагында диний-экстремисттик ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Хизб ут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалымдалгандай, кармалган адамдар экстремисттик идеологияны жайылтууга багытталган мыйзамсыз аракеттерди көрүп, ошондой эле экстремисттик мазмундагы материалдарды даярдоо жана таратуу менен алектенип келишкен.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти зордук-зомбулук менен тартып алууга ачык чакырыктар"), 331-беренесинин 2-бөлүгү ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") жана 332-беренесинин 2-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча кылмыш иши козголгон.
"Иштин алкагында уюмдун 12 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Натыйжада "Хизб ут-Тахрирге" тиешелүү диний адабияттар, DVD-дисктер, уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбук, учкучсуз учуучу аппарат (дрон), акча каражаттары, ошондой эле "ИЖ 37", "Байкал МР-651 КС" жана "Синза" үлгүсүндөгү пневматикалык тапанчалар табылды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо жана мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка адамдарды тактоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.