https://sputnik.kg/20260706/zhkkuda-operatsiya-otkoruldu-1102262664.html
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн операциясында 3,3 тоннадан ашык баңгизат алынды
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн операциясында 3,3 тоннадан ашык баңгизат алынды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 29-июндан 3-июлга чейин ЖККУга мүчө мамлекеттерде "Канал — Янтарь жээги" аталышындагы субрегионалдык баңгизатка каршы операция... 06.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-06T17:22+0600
2026-07-06T17:22+0600
2026-07-06T17:22+0600
кыргызстан
жкку
баңгизат
иим
операция
кызматташтык
https://sputnik.kg/img/07e8/04/1a/1084609045_0:7:900:513_1920x0_80_0_0_908d619d628f59efcebdefdae860bc34.jpg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 29-июндан 3-июлга чейин ЖККУга мүчө мамлекеттерде "Канал — Янтарь жээги" аталышындагы субрегионалдык баңгизатка каршы операция өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Операциянын алдын ала жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 351 килограммдан ашык баңгизат жана психотроптук каражаттар, 2 тонна 441 килограммдан ашык күчтүү таасир этүүчү заттар, ошондой эле 1 тонна 96 килограммдан ашык прекурсорлор алынды. Мындан тышкары: Операциянын жүрүшүндө интернет аркылуу баңгизат таратууга жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоого каршы чараларга өзгөчө көңүл бурулган. Натыйжада тыюу салынган маалыматтарды жайылткан 1 376 интернет-ресурс аныкталып, 100 миллион рублден ашык суммадагы 2 миңден ашуун шектүү финансылык операция табылган. Биргелешкен иш-чараларды координациялоо үчүн Россиянын Калининград шаарында Эл аралык координациялык штаб түзүлүп, анын ишине Кыргызстандын делегациясы да катышты. Анын алкагында өлкөлөр оперативдүү маалымат алмашып, трансчек аралык баңгизат кылмыштарына каршы күрөшүүнүн мындан аркы багыттарын талкуулашты. Ошондой эле штабдын программасынын алкагында өткөн күжүрмөн ок атуу боюнча мелдеште ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери биринчи жана экинчи орундарды жеңип алышты.
https://sputnik.kg/20260605/shku-bangizat-karshy-kurosh-kuchoyt-1101730554.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/1a/1084609045_108:0:792:513_1920x0_80_0_0_442c39ed47f2399491e647fbc255573b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жкку, баңгизат, иим, операция, кызматташтык
кыргызстан, жкку, баңгизат, иим, операция, кызматташтык
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн операциясында 3,3 тоннадан ашык баңгизат алынды
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 29-июндан 3-июлга чейин ЖККУга мүчө мамлекеттерде "Канал — Янтарь жээги" аталышындагы субрегионалдык баңгизатка каршы операция өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Операциянын алдын ала жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 351 килограммдан ашык баңгизат жана психотроптук каражаттар, 2 тонна 441 килограммдан ашык күчтүү таасир этүүчү заттар, ошондой эле 1 тонна 96 килограммдан ашык прекурсорлор алынды.
7 жашыруун баңгизат лабораториясы жоюлду;
баңгизатка байланыштуу 521 кылмыш аныкталды;
24 ок атуучу курал жана 680ге жакын ок-дары алынды.
Операциянын жүрүшүндө интернет аркылуу баңгизат таратууга жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоого каршы чараларга өзгөчө көңүл бурулган. Натыйжада тыюу салынган маалыматтарды жайылткан 1 376 интернет-ресурс аныкталып, 100 миллион рублден ашык суммадагы 2 миңден ашуун шектүү финансылык операция табылган.
Биргелешкен иш-чараларды координациялоо үчүн Россиянын Калининград шаарында Эл аралык координациялык штаб түзүлүп, анын ишине Кыргызстандын делегациясы да катышты. Анын алкагында өлкөлөр оперативдүү маалымат алмашып, трансчек аралык баңгизат кылмыштарына каршы күрөшүүнүн мындан аркы багыттарын талкуулашты.
Ошондой эле штабдын программасынын алкагында өткөн күжүрмөн ок атуу боюнча мелдеште ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери биринчи жана экинчи орундарды жеңип алышты.