https://sputnik.kg/20260703/esep-palatasy-miyzam-buzuu-1102216874.html
“Кыргызнефтегаздан” дээрлик 1 млрд. сомдук мыйзам бузуулар аныкталды
“Кыргызнефтегаздан” дээрлик 1 млрд. сомдук мыйзам бузуулар аныкталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Эсеп палатасы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунан дээрлик 1 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады. 03.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-03T13:26+0600
2026-07-03T13:26+0600
2026-07-03T14:25+0600
кыргызстан
кыргызнефтегаз
мыйзам бузуулар
финансы
экономика
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/12/1060491614_0:148:2835:1743_1920x0_80_0_0_20e4d8a4a4c857f2be77fbd39886c47a.jpg
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Эсеп палатасы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунан дээрлик 1 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады.Ишкананын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, жалпысынан 967 миллион 824,3 миң сомдук ката, кемчиликтер табылган. Мунун ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө кайтарылышы керек болгон. Бирок текшерүү учурунда анын 8 миллион 904,9 миң сому гана өндүрүлгөн.Мындан сырткары, аудиторлор эмгек акы фондун бөлүштүрүүдө жана тариздөөдө 281 миллион 422 миң сомдук мыйзам бузууларды табышкан. Ошондой эле жетекчиликтин дебитордук карыздар менен начар иштегенинен улам ишкана 120 миллион сомду өндүрүп алуу чараларын көргөн эмес.Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, дагы 53 миллион 954,9 миң сом ченемден ашыкча жана негизсиз чыгымдарга жумшалган. Капиталдык курулушта 6 миллион 456,3 миң сомдук, ал эми мамлекеттик сатып алуулар тармагында 2 миллион 127,5 миң сомдук мыйзам бузуулар катталган.Текшерүү учурунда жерлерди рекультивациялоодо (калыбына келтирүүдө) мыйзам талаптары сакталбагандыгына байланыштуу 8 миллион 904,9 миң сом кайтарылган.Текшерүүнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.
https://sputnik.kg/20260323/kyrgyzneftegaz-ishi-boyuncha-karmalgandar-eki-ayga-kamaldy-1100384512.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/12/1060491614_158:0:2678:1890_1920x0_80_0_0_08192d09414a9683f6f6e212e9e800b3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кыргызнефтегаз, мыйзам бузуулар, финансы, экономика
кыргызстан, кыргызнефтегаз, мыйзам бузуулар, финансы, экономика
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Эсеп палатасы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунан дээрлик 1 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады.
Ишкананын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, жалпысынан 967 миллион 824,3 миң сомдук ката, кемчиликтер табылган. Мунун ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө кайтарылышы керек болгон. Бирок текшерүү учурунда анын 8 миллион 904,9 миң сому гана өндүрүлгөн.
“Кыргызнефтегаз” жана анын туунду компаниясы өз убагында тийиштүү өндүрүштүк чараларды көрбөгөндүктөн, ишкана 494 миллион 958,7 миң сомдук кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберген”, — деп билдирди Эсеп палатасы.
Мындан сырткары, аудиторлор эмгек акы фондун бөлүштүрүүдө жана тариздөөдө 281 миллион 422 миң сомдук мыйзам бузууларды табышкан. Ошондой эле жетекчиликтин дебитордук карыздар менен начар иштегенинен улам ишкана 120 миллион сомду өндүрүп алуу чараларын көргөн эмес.
Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, дагы 53 миллион 954,9 миң сом ченемден ашыкча жана негизсиз чыгымдарга жумшалган. Капиталдык курулушта 6 миллион 456,3 миң сомдук, ал эми мамлекеттик сатып алуулар тармагында 2 миллион 127,5 миң сомдук мыйзам бузуулар катталган.
Текшерүү учурунда жерлерди рекультивациялоодо (калыбына келтирүүдө) мыйзам талаптары сакталбагандыгына байланыштуу 8 миллион 904,9 миң сом кайтарылган.
“Аудиттин жыйынтыгы көрсөткөндөй, “Кыргызнефтегаздын” жетекчилиги ички ресурстарды натыйжасыз колдонуп, каражатты үнөмдүү жумшоо принцибин орой түрдө бузган. Ишкана жетекчилигине мыйзам бузууларды тез арада четтетүү жана калган 126 миллион сомдон ашык каражатты коомдун кирешесине кайтаруу талабы коюлду”, — деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.