00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
ШКУ өлкөлөрүнүн омбудсмендери Бишкекте: негизги жыйынтыктар жана келечек
13:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как устроена система власти в России - политологи сравнивают с кыргызстанской моделью
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексиндеги жумуштардын кечеңдешине нааразы болуп, демонтаждоого эки жума убакыт берди. Бул тууралуу мэриядан маалымдалды. Билдирүүгө ылайык, шаар башчысы мындагы соода объектилери иштей баштаса да инвестор милдеттенмелерин аткара электигин белгилеген. Мэр аймактагы жумуштар эки аптада бүтпөсө, өтмөктөгү соода түйүндөрүнүн иши токтошу мүмкүн экенин эскертти. "Шаардын алдында алган милдеттенмелериңерди аткарбай туруп ишкердик жүргүзүп жатасыздар", — деген Жунушалиев. Мындан тышкары, соода түйүндөрүндө өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылганы аныкталгандыктан калаа башчысы Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын өкүлдөрүнө текшерүүнү баштоону тапшырды. Эскерте кетсек, апрелде Жунушалиев журналисттерге имарат июль-августка чейин бузулуп бүтөрүн билдирген.
УКМК күчтүү таасир этүүчү психотроптук препараттарды мыйзамсыз сатып алуу, таратуу жана сактоо менен алектенген бир нече киши кармалганын маалымдады. Билдирүүгө ылыйык, атайын кызмат Ош шаарындагы "Аль-Азиз" реабилитациялык борбору мыйзамсыз иш алып барганын аныктаган. Ал жерге ар кандай көз карандылыктан жабыркаган адамдарды жаткырышкан. Борбордун кызматкерлери тиешелүү билими, лицензиясы жок экенине карабай медициналык кызмат көрсөтүп келишкен. Тагыраагы, курч психологиялык кризисти башынан кечирген адамдарга күч колдонуп, тынчтандыруучу каражаттарды пайдаланып, өлкөдө эркин жүгүртүлүшүнө тыюу салынган күчтүү психотроптук дарыларды беришкен. Жыйынтыгында А.у.Н. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси барлар аныкталып жатат.
Түндө Ысык-Көл районунда жана Оштун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайынын биринен 24 адам эвакуацияланган. Ошондой эле бир нече турак үйдүн жер төлөсүн жана конок үйдүн короосун суу каптап, куткаруучулар мотопомпа менен сууну сордурушкан. Тору-Айгыр, Чок-Тал жана Чоң-Сары-Ой айылдарында да суунун деңгээли көтөрүлүп, турак үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү суу каптады. Ал эми Кара-Кулжа районунун Терек айылында сел суусу 50 үйдүн короосуна, анын ичинде 15 үйдүн ичине кирген. Беш чакырым жолду суу каптап, унаа кыймылы убактылуу токтотулду. Учурда куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюп жатат.
Владимир Зеленскийдин Россияга каршы 40 күндүк операция жүргүзөм дегени Киев бийлигинин террордук насилин көрсөтүп турат. Бул туурасында РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды. "Бул — Киев бийлигинин террордук натурасын айныксыз далилдеген кезектеги кеби", — деген дипломат Зеленскийдин "40 күндүк тозок" туурасында билдирүүсүнө комментарий берип жатып. Муну менен катар эле Захарова бул батыш кураторлорун кошо алганда Киевдин чыныгы жүзү экендигин белгилеген. Украина согушта жеңе албагандыктан террордук кадамдарга барып жатканын кошумчалаган. "Бейишке чыгарып, тозокко киргизүү Зеленскийдин колунда эмес. Анын жийиркеничтүүлөрдүн катарында экени талашсыз", — деген Захарова.
Жаңылыктар түрмөгү
0