00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Климаттын өзгөрүшү организмге олуттуу таасир этет. Ысыктан кантип коргонобуз?
11:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев УКМКнын буга чейинки иштерин иликтеген депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Эл өкүлү VII чакырылышта парламентке автоматтарды ким алып келгенин сурады.
"Ошого дагы укуктук баа бериш керек. Ушул депутаттардын жарымы отурган. Ага чейинки башка иштери да көп", — деди Сыдыгалиев. Эске салсак, 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан кийин парламент маселени жабык эшик артында талкуулаган. УКМКнын ошол маалдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешке эки ящик автомат алып келгени айтылган.
Бул окуядан кийин көп узабай ошол кездеги парламент төрагасы Талант Мамытов өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Ал соңку аракеттерди парламентке сыйлабас, басмырлоочу мамиле болду деп баалаган.
Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунда жол тейлөө базалары курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жол тейлөө борборлору үч тилкеге пландалган. Учурда Кызарт белинде жайгашкан объектиде дубалдар тургузулуп, ал таза суу жана интернет байланышы менен камсыздалды.
Ошондой эле Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынын жанында дагы бир пунктунун курулушу башталып, учурда пайдубалы түптөлүүдө. Базаларга жол тейлөө техникалары, жабдуу, май куюучу жай жана башка керектүү ресурстар жайгаштырылары пландалууда. Бул трассаны жыл бою үзгүлтүксүз тейлөөгө жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.
Үчүнчү жол тейлөө базасы үчүн жер тилкеси тандалып, долбоордук иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.
Үч чыгармачыл адам адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыды. Бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Алар, Адабият жаатында жазуучу Ишен Айтмамбетов "Бет-Алман" тарыхый романы үчүн;
Музыкалык искусство жаатында композитор-обончу, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков "Боз жорго" музыкалык чыгармасы үчүн;.
Киноискусство, радио жана телекөрсөтүү жаатында Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын сценаристи жана кинорежиссеру Тилек Абдыкадыровго Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-даректүү киноэпопеясы үчүн берилген.
"Росатом" Кыргызстанга кубаттуулугу 330 МВт болгон атомдук станция курууну сунуштады.
"Росатом Кыргызстан" компаниясынын башкы директору Дмитрий Константинов станция жылына 2,5 миллиард кВт/саатка чейин электр энергиясын өндүрүп, өлкөдөгү тартыштыкты жоюуга жардам берерин айтты.
"Атомдук станциянын негизги артыкчылыгы — табигый шарттан көз каранды болгон гидроэлектр жана күн станцияларынан айырмаланып, аба ырайына карабай электр энергиясын туруктуу өндүрө алат. Ал өлкөнүн маанилүү инфраструктурасын: шаарларды, ооруканаларды жана заводдорду энергия менен камсыздайт. Бул экономиканын дагы ылдам өнүгүшүнө шарт түзөт", — деди Константинов Energy Expo Kyrgyzstan эл аралык көргөзмөсүндө.
Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 көргөзмөсү Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында өтүп жатат. Быйыл көргөзмөгө Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнамдан 40тан ашык компания катышууда. Алар энергетика тармагындагы өздөрүнүн акыркы технологияларын, жабдууларын жана жаңычыл ыкмаларын тартуулашмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0