https://sputnik.kg/20260615/blogerlerdin-salyktan-boshotulushu-koomchuluk-naarazy-1101881999.html
Блогерлердин салыктан беш жылга бошотулушу коомчулукту нааразы кылууда
Блогерлердин салыктан беш жылга бошотулушу коомчулукту нааразы кылууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Блогерлердин салыктан беш жылга бошотулушу коомчулукту нааразы кылууда. 15.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-15T10:49+0600
2026-06-15T10:49+0600
2026-06-15T11:14+0600
кыргызстан
садыр жапаров
жарлык
салык
блогер
бошотуу
https://sputnik.kg/img/07e6/01/12/1061334314_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_e51feb36b363650c13683d76103c26c9.jpg
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Блогерлердин салыктан беш жылга бошотулушу коомчулукту нааразы кылууда. Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен IT-адистер, стартапчылар жана блогерлер үчүн салыктык каникул жарыяланган. Документке ылайык, программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар, жасалма интеллект тармагындагы адистер, кино жана телеберүү контентин жаратуучулар дагы беш жылга салыктардан бошотулары айтылган. Нааразычылык билдиргендердин катарында УTРKнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков да бар. Ал кайсы блогер салыктан ушунчалык жабыркап, жеңилдикке муктаж болуп жатканын билгиси келген. Дарыгерлер арасында белгилүү Bek Surap бул чечимди сынга алып, ак халатчандар оор шартта иштеп жатып салык төлөй турганын, ал эми блогерлер чоң киреше таап туруп жеңилдик алып жатканын белгилеген. Анын айтымында, көңүл ачуучу контент тарткан айрым блогерлер бир күндө эле реаниматологдун бир айлык маянасына тең киреше табышы мүмкүн. Дагы бир интернет-колдонуучу Айзат Кудайберди кызы мамлекеттик мекемеде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берерин белгилеп, 30 миңдин тегерегиндеги айлыгынан кадимкидей салык төлөөрүн айткан. Блогерлердин кайсы критерийге таянуу менен салыктан бошотулганына жооп издеп, "унчукпай салык төлөп келе жаткан врач, мугалим ж.б. жарандардын эмгегин көз көрүнөө жерге чабуу болуп калабы" деген суроо узаткан.Билдирүүлөрдөн кийин социалдык тармакта белгилүү инфлюенсерлердин жарнама баалары жарыялана баштады. Маалым болгондой, элге таанылган блогерлердин аккаунттарындагы бир жарнамалык роликтин баасы 2000 долларга чейин жетет. Биз түшүндүрмө алуу үчүн Салык кызматына кайрылдык. Азырынча жооп бериле элек.
https://sputnik.kg/20260527/zhaparov-oshtu-koldoo-boyuncha-zharlykka-kol-kojdu-1101541507.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/12/1061334314_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_ca588a8b5c79714382704a37b44cfd22.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, жарлык, салык, блогер, бошотуу
кыргызстан, садыр жапаров, жарлык, салык, блогер, бошотуу
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Блогерлердин салыктан беш жылга бошотулушу коомчулукту нааразы кылууда.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен IT-адистер, стартапчылар жана блогерлер үчүн салыктык каникул
жарыяланган. Документке ылайык, программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар, жасалма интеллект тармагындагы адистер, кино жана телеберүү контентин жаратуучулар дагы беш жылга салыктардан бошотулары айтылган.
Нааразычылык билдиргендердин катарында УTРKнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков да бар. Ал кайсы блогер салыктан ушунчалык жабыркап, жеңилдикке муктаж болуп жатканын билгиси келген.
Дарыгерлер арасында белгилүү Bek Surap бул чечимди сынга алып, ак халатчандар оор шартта иштеп жатып салык төлөй турганын, ал эми блогерлер чоң киреше таап туруп жеңилдик алып жатканын белгилеген. Анын айтымында, көңүл ачуучу контент тарткан айрым блогерлер бир күндө эле реаниматологдун бир айлык маянасына тең киреше табышы мүмкүн.
Дагы бир интернет-колдонуучу Айзат Кудайберди кызы мамлекеттик мекемеде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берерин белгилеп, 30 миңдин тегерегиндеги айлыгынан кадимкидей салык төлөөрүн айткан.
"Мен го өз дараметиме жараша билим берип, унчукпай салык төлөп жатам. Анан этаждап үй салып, ар кайсы сапатсыз, текшерилбеген дары-дармектерди ж.б.у.с. жарнамалаган блогерлер салык төлөбөшү керекпи?" — деген мугалим кыз.
Блогерлердин кайсы критерийге таянуу менен салыктан бошотулганына жооп издеп, "унчукпай салык төлөп келе жаткан врач, мугалим ж.б. жарандардын эмгегин көз көрүнөө жерге чабуу болуп калабы" деген суроо узаткан.
Билдирүүлөрдөн кийин социалдык тармакта белгилүү инфлюенсерлердин жарнама баалары жарыялана баштады. Маалым болгондой, элге таанылган блогерлердин аккаунттарындагы бир жарнамалык роликтин баасы 2000 долларга чейин жетет.
Биз түшүндүрмө алуу үчүн Салык кызматына кайрылдык. Азырынча жооп бериле элек.