Путин Зеленскийдин катына кандай жооп берди?
22:55 05.06.2026 (Жаңыртылды: 12:30 07.06.2026)

© Sputnik / Сергей Бобылев
/ Жазылуу
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Азырынча Зеленский менен жолугушуунун зарылчылыгын көрбөй турам. Бул туурасында Путин Киев бийлигинин башчысынын катына комментарий берип жатып билдирди.
РФ президенти Зеленскийдин “ачык каты” менен үстүртөн таанышканын айтты.
“Ал менин жаш курагымды сөз кылыптыр. Албетте, курак тууралуу ар ким ойлонушу керек. Бирок менин жашымдагы жана менден да улуу көптөгөн саясатчылар өз милдеттерин аткарып жатышат. Эң негизгиси — жаш эмес, адамдын ишке жөндөмдүүлүгү жана натыйжалуу иш жүргүзүүсү маанилүү”, — деди Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунда.
Путиндин башка билдирүүлөрү:
Зеленский маанилүү болгон шайлоо маселесин дагы көтөрүптүр. Шайлоого баруу керек, мен муну баарына сунуштайт элем. Украинада жакында шайлоо өтөт деп айтылып жаткан, бирок эмнегедир бул тууралуу сөз болбой калды;
Зеленский Россия менен Украинанын ортосунда болушу мүмкүн болгон келишимдердин чыныгы кепилдигин Европадан издөө керек дейт. Бирок эмне үчүн АКШнын администрациясын жана президентин четке кагып жатышканын түшүнбөйм. Алардан курал алгысы келет, бирок кепил катары көргүсү келбейт;
мен Зеленский менен жолугушуудан эч качан баш тарткан эмесмин. Бирок жөн гана жыйынтыксыз сүйлөшүү үчүн жолугушуунун кереги жок, мындайды буга чейин эле баштан өткөргөм. Мындан тышкары, Киев жолугушууну суранып жатып, Старобельскиге жасалган сокку сыяктуу оор кылмыштарын улантууда.
