https://sputnik.kg/20260528/shku-forum-cholpon-ata-1101559964.html
Акунбеков: ШКУ өлкөлөрү Улуу Жибек Жолунун маани-маңызын жандантууда
Акунбеков: ШКУ өлкөлөрү Улуу Жибек Жолунун маани-маңызын жандантууда
Sputnik Кыргызстан
ЧОЛПОН-АТА, 28-май — Sputnik. Бүгүнкү күндө ШКУ мамлекеттери Жибек Жолунун маани-маңызын заманбап форматта — транспорттук коридорлор менен логистикалык... 28.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-28T11:03+0600
2026-05-28T11:03+0600
2026-05-28T11:03+0600
кыргызстан
шку
ысык-көл
форум
эрлист акунбеков
инфраструктура
идп
экономика
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1c/1101559675_0:0:1281:720_1920x0_80_0_0_5e8209f158d1437c4acf6f2929d89a66.jpg
ЧОЛПОН-АТА, 28-май — Sputnik. Бүгүнкү күндө ШКУ мамлекеттери Жибек Жолунун маани-маңызын заманбап форматта — транспорттук коридорлор менен логистикалык борборлорду өнүктүрүү аркылуу жандантып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Эрлист Акунбеков Чолпон-Атада өтүп жаткан форумда билдирди. Анын айтымында, чейрек кылым аралыгында ШКУ евразиялык мейкиндиктеги кызматташуунун ири аянтчасына айланды. Акунбеков акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ мамлекеттери менен соодасы 2,2 эсе өскөнүн, ушул жылдын январь-март айларында 2,5 миллиард долларга жеткенин белгилеген. "Кыргызстан акыркы беш жылда экономикалык өнүгүү жолуна түштү. Экономиканын жылдык темпи орто эсеп менен 10 пайыздын тегерегинде. 2025-жылдын жыйынтыгы менен ИДП 11,1%ды, ал эми акыркы төрт айда өсүш 12,4%ды түздү", — деди минкаб төрагасынын орун басары. Сөзүнүн соңунда Акунбеков форум катышуучуларын 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган Көчмөндөр оюндарына чакырды.
https://sputnik.kg/20260526/shku-alkagynda-kanday-ish-charalar-otot-1101523969.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1c/1101559675_89:0:1049:720_1920x0_80_0_0_8d143d98564f43752a476cd6ede20fd6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, шку, ысык-көл, форум, эрлист акунбеков, инфраструктура, идп, экономика
кыргызстан, шку, ысык-көл, форум, эрлист акунбеков, инфраструктура, идп, экономика
ЧОЛПОН-АТА, 28-май — Sputnik. Бүгүнкү күндө ШКУ мамлекеттери Жибек Жолунун маани-маңызын заманбап форматта — транспорттук коридорлор менен логистикалык борборлорду өнүктүрүү аркылуу жандантып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Эрлист Акунбеков Чолпон-Атада өтүп жаткан
форумда билдирди.
Анын айтымында, чейрек кылым аралыгында ШКУ евразиялык мейкиндиктеги кызматташуунун ири аянтчасына айланды.
"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу, "Бедел" чек ара посту, Барскоон — Бедел жолу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлор Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы ШКУ үчүн да стратегиялык мааниге ээ", — деди өкмөт мүчөсү.
Акунбеков акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ мамлекеттери менен соодасы 2,2 эсе өскөнүн, ушул жылдын январь-март айларында 2,5 миллиард долларга жеткенин белгилеген.
"Кыргызстан акыркы беш жылда экономикалык өнүгүү жолуна түштү. Экономиканын жылдык темпи орто эсеп менен 10 пайыздын тегерегинде. 2025-жылдын жыйынтыгы менен ИДП 11,1%ды, ал эми акыркы төрт айда өсүш 12,4%ды түздү", — деди минкаб төрагасынын орун басары.
Сөзүнүн соңунда Акунбеков форум катышуучуларын 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган Көчмөндөр оюндарына чакырды.