https://sputnik.kg/20260526/inflyatsiyanyn-negizgi-sebepteri-1101523826.html
Бир жылда баа 11%га өстү. Улуттук банк инфляциянын себеби тууралуу
Бир жылда баа 11%га өстү. Улуттук банк инфляциянын себеби тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Улуттук банк Кыргызстанда инфляциянын негизги себептерин атады. Мекеменин маалыматына ылайык, акыркы бир жыл ичинде өлкөдө баа орточо... 26.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-26T11:23+0600
2026-05-26T11:23+0600
2026-05-26T11:23+0600
кыргызстан
улуттук банк
экономика
инфляция
идп
https://sputnik.kg/img/07e7/02/18/1073135430_0:123:2190:1355_1920x0_80_0_0_47a7d5ea453f6adced149096e90e0039.jpg
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Улуттук банк Кыргызстанда инфляциянын негизги себептерин атады. Мекеменин маалыматына ылайык, акыркы бир жыл ичинде өлкөдө баа орточо 11 пайызга өскөн. Башкы банк инфляциянын тышкы жана ички факторлор менен шартталганын белгиледи. Тышкы факторлордун катарына Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалдын курчушу кирди. Бул мунай жана азык-түлүктүн кымбатташына, ошондой эле дүйнөлүк рыноктордо инфляциялык басымдын күчөшүнө алып келүүдө. Кыргызстан импортко көз каранды, чакан экономика болгондуктан бул факторлор ички баага да таасир этип жатат. Ички себептерге электр энергиясы жана коммуналдык кызматтарга тарифтин пландуу жогорулашы, калктын керектөө суроо-талабынын өсүшү, ошондой эле салык реформасына байланыштуу мейманкана жана ресторан кызматтарынын кымбатташы кирет. Жыл башынан бери өлкөдө инфляция 15-майга карата 4,7 пайызды түзүп, жылдык эсепте 10,9 пайызга жеткен. Ошондуктан Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде сактап калды. Мекеме мындай олуттуу акча-кредит саясаты инфляцияны орто мөөнөттө 5-7 пайыздык деңгээлге түшүрүүгө багытталганын белгиледи.
https://sputnik.kg/20260517/uluttuk-banktyn-altyn-valyuta-rezervi-azajdy-1101362488.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/18/1073135430_111:0:2080:1477_1920x0_80_0_0_8df396c31715dc2b6512eb126cccf953.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуттук банк, экономика, инфляция, идп
кыргызстан, улуттук банк, экономика, инфляция, идп
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Улуттук банк Кыргызстанда инфляциянын негизги себептерин атады. Мекеменин маалыматына ылайык, акыркы бир жыл ичинде өлкөдө баа орточо 11 пайызга өскөн.
Башкы банк инфляциянын тышкы жана ички факторлор менен шартталганын белгиледи. Тышкы факторлордун катарына Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалдын курчушу кирди. Бул мунай жана азык-түлүктүн кымбатташына, ошондой эле дүйнөлүк рыноктордо инфляциялык басымдын күчөшүнө алып келүүдө. Кыргызстан импортко көз каранды, чакан экономика болгондуктан бул факторлор ички баага да таасир этип жатат.
Ички себептерге электр энергиясы жана коммуналдык кызматтарга тарифтин пландуу жогорулашы, калктын керектөө суроо-талабынын өсүшү, ошондой эле салык реформасына байланыштуу мейманкана жана ресторан кызматтарынын кымбатташы кирет.
Жыл башынан бери өлкөдө инфляция 15-майга карата 4,7 пайызды түзүп, жылдык эсепте 10,9 пайызга жеткен.
Ошондуктан Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде сактап калды. Мекеме мындай олуттуу акча-кредит саясаты инфляцияны орто мөөнөттө 5-7 пайыздык деңгээлге түшүрүүгө багытталганын белгиледи.