https://sputnik.kg/20260521/one-run-zharym-marafonu-otot-1101446045.html
Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону өтөт. Жарыштын схемасы
Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону өтөт. Жарыштын схемасы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте ишемби күнү, 23-майда, One Run эл аралык жарым марафонуна 1200дөн ашуун адам катышат. 21.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-21T12:23+0600
2026-05-21T12:23+0600
2026-05-21T12:24+0600
кыргызстан
спорт
марафон
чуркоо
бишкек
https://sputnik.kg/img/07e9/05/03/1093727523_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_dfb812dbb0cd912781992d602766cbf3.jpg
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте ишемби күнү, 23-майда, One Run эл аралык жарым марафонуна 1200дөн ашуун адам катышат. Кыргызстандын борбору төртүнчү жыл катары менен "Лига героев" уюштурган дүйнөдөгү One Run ири жарым марафонуна кошулат. Жарыш 1, 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкта өтөт. Маршрут — Түштүк магистраль. Старт жана финиш шаарчасы, ошондой эле фан-зона "Газпром" спорт комплекси аймагында жайгашат. Иш-чара "ЗаБег.РФ" долбоорунун алкагында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Жеңил атлетика федерациясынын жана Эл аралык марафон дирекциясынын колдоосу менен өткөрүлөт. "One Run жарым марафонуна каалаган адам катыша алат. Бул жарыш үй-бүлө же достор менен дем алышты активдүү өткөрүүгө, пикирлештерди табууга, биринчи расмий стартка чыгууга же жеке рекорд коюуга жакшы мүмкүнчүлүк берет", — дешти уюштуруучулар. Ушул эле күнү жарым марафонго Россиянын бардык аймактарында 200 миңден ашуун адам чыгат. Ал жакта иш-чара 10-жолу өтүп жатат. Ошондой эле башка өлкөлөрдө, анын ичинде Кытай, Беларусь, Армения жана башка мамлекеттерде 45 миңдей жөө күлүк катышат. One Run жарым марафону (Россияда — ЗаБег.РФ) алгач 2017-жылдын 21-майында Россиянын 10 шаарында бир убакта өткөн. 2018-жылы бирдиктүү старт 15 шаарда уюштурулган. 2019-жылы 19 шаар катышкан. Ал эми 2020-жылы биринчи жолу Россиянын бардык аймактарында синхрондуу старт берилген. 2023-жылы ЗаБег.РФ эл аралык макам алып, One Run бренди менен Кытай, Кыргызстан, Армения, Тажикстан жана Беларуста өткөн. 2024-жылы катышкан өлкөлөрдүн саны 15ке жетсе, 2025-жылы жарым марафон 25 өлкөнү бириктирген.
https://sputnik.kg/20260520/shevchenko-ufc-kyrgyzstanda-otushu-kerek-dedi-1101419379.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/03/1093727523_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_1f990fbc9d30b6cf8f6c24c7393eb7dc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, спорт, марафон, чуркоо, бишкек
кыргызстан, спорт, марафон, чуркоо, бишкек
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте ишемби күнү, 23-майда, One Run эл аралык жарым марафонуна 1200дөн ашуун адам катышат.
Кыргызстандын борбору төртүнчү жыл катары менен "Лига героев" уюштурган дүйнөдөгү One Run ири жарым марафонуна кошулат. Жарыш 1, 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкта өтөт. Маршрут — Түштүк магистраль. Старт жана финиш шаарчасы, ошондой эле фан-зона "Газпром" спорт комплекси аймагында жайгашат.
Иш-чара "ЗаБег.РФ" долбоорунун алкагында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Жеңил атлетика федерациясынын жана Эл аралык марафон дирекциясынын колдоосу менен өткөрүлөт.
"One Run жарым марафонуна каалаган адам катыша алат. Бул жарыш үй-бүлө же достор менен дем алышты активдүү өткөрүүгө, пикирлештерди табууга, биринчи расмий стартка чыгууга же жеке рекорд коюуга жакшы мүмкүнчүлүк берет", — дешти уюштуруучулар.
Ушул эле күнү жарым марафонго Россиянын бардык аймактарында 200 миңден ашуун адам чыгат. Ал жакта иш-чара 10-жолу өтүп жатат. Ошондой эле башка өлкөлөрдө, анын ичинде Кытай, Беларусь, Армения жана башка мамлекеттерде 45 миңдей жөө күлүк катышат.
One Run жарым марафону (Россияда — ЗаБег.РФ) алгач 2017-жылдын 21-майында Россиянын 10 шаарында бир убакта өткөн. 2018-жылы бирдиктүү старт 15 шаарда уюштурулган. 2019-жылы 19 шаар катышкан. Ал эми 2020-жылы биринчи жолу Россиянын бардык аймактарында синхрондуу старт берилген.
2023-жылы ЗаБег.РФ эл аралык макам алып, One Run бренди менен Кытай, Кыргызстан, Армения, Тажикстан жана Беларуста өткөн. 2024-жылы катышкан өлкөлөрдүн саны 15ке жетсе, 2025-жылы жарым марафон 25 өлкөнү бириктирген.