https://sputnik.kg/20260521/1101454961.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кутман кеч ардактуу угармандар. Жаңылыктар түрмөгүнө кулак салыңыздар. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...Путин менен Трамптын Кытайга сапары Киевге кандай... 21.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-21T19:00+0600
2026-05-21T19:00+0600
2026-05-21T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/15/1101454795_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a32dc2618191e6b599ea0b6a4e4e5cb1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кутман кеч ардактуу угармандар. Жаңылыктар түрмөгүнө кулак салыңыздар. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...Путин менен Трамптын Кытайга сапары Киевге кандай таасир эткени айтылды Айдоочулук күбөлүк алууда сабактардын сааты, акчасы бир топ кыскарды Быйыл Кыргызстанда суу тартыш болобу? Алдыда токтолобуз....
Өлкөдө быйыл суу тартыш болор-болбосун алдын ала так айтуу кыйын. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди. Ал Sputnik агенттигине курган маегинде өкмөт дыйкандарды колдоо жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн бир катар программаларды ишке ашырып жатканын белгилеген. Акунбековдун айтымында, өлкөдө жаңы суу топтоочу жайлар жана каналдар курулуп жатат. Ошондой эле иштеп жаткан суу сактагычтар менен ирригациялык системалар механикалык тазалоодон өткөрүлүүдө. "Бизде дыйкандарды колдоого багытталган бир нече программа бар. Анын ичинде күзгү ным сактоо программасы иштейт, бул мезгилде биз талааларга суу берип, топуракты каныктырабыз", — деди министр.
Айдоочулук боюнча тажрыйбалык сабактардын сааты дээрлик эки эсе кыскарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Жол кыймылына уруксат берүү институту" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, айдоочулук боюнча практикалык сабактар 70 сааттан 30 саатка чейин түштү. Бир сааттык практика Бишкек менен Ош калааларында 950 сом, ал эми аймактарда 850 сом турат. Теориялык сабактар 10 айга созулуп, баасы 19 миң сомду түзөт. Ошентип борбор калаада толук окуу орточо 47,5 миң сомго чыгат. Оффлайн жана онлайн окуса болот. Белгилей кетсек, буга чейин окуу программасында 70 сааттык практика каралган. Анда окутуунун бул түрүнүн бир сааты орточо 1 000 сомду түзөрү айтылган. Теория менен кошкондо, машина алуу укугуна ээ болом дегендердин жалпы окуу баасы дээрлик 90 миң сомду чапчымак.
Ноокат районунда үч жүк ташуучу транспорт кырсыктады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош — Раззаков жолунун 20-чакырымында эки оор жүк ташуучу унаа, ошондой эле Hyundai Porter сүзүшкөн. Кырсыктан портердин айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирлиген. Абалы туруктуу. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.
Россия менен АКШ башчылары Владимир Путин жана Дональд Трамптын Кытайга жасаган сапарлары Украинага кысымды күчөттү. Бул тууралуу Myśl Polska жазганын РИА Новости кабарлады. "Пекинде өткөн эки күндүк саммиттин жыйынтыгын чыгарып жатып Дональд Трамп менен Си Цзиньпин дипломатияга ыктаганын көрсөтсө, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Пекин "согуштук аракеттер тез арада соңуга чыгат" деп күтүп жатканын ачык айтты", — деп жазды польшалык басылма. Макалада Вашингтон Киевге кысымын күчөткөнүн, ал эми Кытай россиялык мунайдын ири керектөөчүсү катары Москваны колдоосун улантарын билдиргени айтылат. Басылма Владимир Путиндин сапары жана "стратегиялык кызматташтык" тууралуу декларацияга кол коюлушу үч ири державанын кийинки кадамдарын аныктап-тактап жатканын айгинелээрин жазган. Ал эми мындай шартта Киевдин аргасы түгөнүп баратканы белгиленген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 64 тыйынга юань 12 сом 86 тыйынга рубль 1 сом 23 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫЖума күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Таласта +18...+23, ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө +15...+20 градус жылуу болот. Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү эки калаада тең +23...+25 градуска жетет.
Кутман кеч ардактуу угармандар. Жаңылыктар түрмөгүнө кулак салыңыздар. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...Путин менен Трамптын Кытайга сапары Киевге кандай таасир эткени айтылды Айдоочулук күбөлүк алууда сабактардын сааты, акчасы бир топ кыскарды Быйыл Кыргызстанда суу тартыш болобу? Алдыда токтолобуз....Өлкөдө быйыл суу тартыш болор-болбосун алдын ала так айтуу кыйын. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди. Ал Sputnik агенттигине курган маегинде өкмөт дыйкандарды колдоо жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн бир катар программаларды ишке ашырып жатканын белгилеген. Акунбековдун айтымында, өлкөдө жаңы суу топтоочу жайлар жана каналдар курулуп жатат. Ошондой эле иштеп жаткан суу сактагычтар менен ирригациялык системалар механикалык тазалоодон өткөрүлүүдө. "Бизде дыйкандарды колдоого багытталган бир нече программа бар. Анын ичинде күзгү ным сактоо программасы иштейт, бул мезгилде биз талааларга суу берип, топуракты каныктырабыз", — деди министр. Айдоочулук боюнча тажрыйбалык сабактардын сааты дээрлик эки эсе кыскарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Жол кыймылына уруксат берүү институту" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, айдоочулук боюнча практикалык сабактар 70 сааттан 30 саатка чейин түштү. Бир сааттык практика Бишкек менен Ош калааларында 950 сом, ал эми аймактарда 850 сом турат. Теориялык сабактар 10 айга созулуп, баасы 19 миң сомду түзөт. Ошентип борбор калаада толук окуу орточо 47,5 миң сомго чыгат. Оффлайн жана онлайн окуса болот. Белгилей кетсек, буга чейин окуу программасында 70 сааттык практика каралган. Анда окутуунун бул түрүнүн бир сааты орточо 1 000 сомду түзөрү айтылган. Теория менен кошкондо, машина алуу укугуна ээ болом дегендердин жалпы окуу баасы дээрлик 90 миң сомду чапчымак. Ноокат районунда үч жүк ташуучу транспорт кырсыктады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош — Раззаков жолунун 20-чакырымында эки оор жүк ташуучу унаа, ошондой эле Hyundai Porter сүзүшкөн. Кырсыктан портердин айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирлиген. Абалы туруктуу. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.Россия менен АКШ башчылары Владимир Путин жана Дональд Трамптын Кытайга жасаган сапарлары Украинага кысымды күчөттү. Бул тууралуу Myśl Polska жазганын РИА Новости кабарлады. "Пекинде өткөн эки күндүк саммиттин жыйынтыгын чыгарып жатып Дональд Трамп менен Си Цзиньпин дипломатияга ыктаганын көрсөтсө, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Пекин "согуштук аракеттер тез арада соңуга чыгат" деп күтүп жатканын ачык айтты", — деп жазды польшалык басылма. Макалада Вашингтон Киевге кысымын күчөткөнүн, ал эми Кытай россиялык мунайдын ири керектөөчүсү катары Москваны колдоосун улантарын билдиргени айтылат. Басылма Владимир Путиндин сапары жана "стратегиялык кызматташтык" тууралуу декларацияга кол коюлушу үч ири державанын кийинки кадамдарын аныктап-тактап жатканын айгинелээрин жазган. Ал эми мындай шартта Киевдин аргасы түгөнүп баратканы белгиленген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 64 тыйынга юань 12 сом 86 тыйынга рубль 1 сом 23 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫЖума күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Таласта +18...+23, ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө +15...+20 градус жылуу болот. Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү эки калаада тең +23...+25 градуска жетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/15/1101454795_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f5fca0afb01041aa07caf069069fc801.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио