https://sputnik.kg/20260521/1101451969.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Адылбек Касымалиев 21-22-май күндөрү Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Минкаб төрагасы КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан... 21.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-21T17:00+0600
2026-05-21T17:00+0600
2026-05-21T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/15/1101451803_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dee6fd978f5ecfdd23aedb8862f4abb4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Адылбек Касымалиев 21-22-май күндөрү Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Минкаб төрагасы КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, Түркмөнстандын жетекчилиги менен жолугушуулар өтүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат.
Кыргызстанда эми үйлөрдүн чатырларына күн панелдерин жеңилдетилген шартта орнотууга мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди. Анын айтымында, күн панелдери үйдүн муктаждыгы үчүн электр энергиясын өндүрүп, борбордук тармактан керектөөнү азайтат. "Ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекетке жогорулатылган тариф менен сатууга болот. Жеңилдетилген каржылоо программасы 12-майда кабыл алынган. Ага жеке сектор дагы тартылат. Биз каражат издеп, адистерди тартып, программаны биргелешип ишке ашырабыз", — деди Акунбеков журналисттерге.
Кыргызстанда жакын арада жарандар күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүшүн анча сезбегендей механизм иштелип чыгат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Ал күйүүчү май рыногундагы кырдаалга комментарий берип, Ирандын айланасындагы абал дээрлик бүткүл дүйнөгө таасир эткенин белгиледи. Айтымында, күйүүчү май жана минералдык жер семирткичтердин кымбатташы экономиканын башка тармактарына дагы таасирин тийгизүүдө. "Эгер күйүүчү майдын баасы өсө берсе, анда курулуш, кайра иштетүү жана логистика тармактарында дагы баалар жогорулайт. Албетте, бул өтө жаман көрсөткүч. Өкмөт акыркы эки айдан бери кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Бүгүн жана өткөн аптада бул багытта жыйындар өттү. Жакын арада жарандар баанын өсүшүн анча сезбегендей система иштеп чыгабыз. Азыр баалар табигый түрдө өсүп жатат", — деди Акунбеков. Ошондой эле министр Кыргызстанда күйүүчү майдын эки айдан ашык мөөнөткө жете турган кору бар экенин белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев калктын аялуу катмарына социалдык колдоону күчөтүүгө багытталган тескемеге кол койду. Чечимге ылайык, бул документ мамлекеттик органдардын балдар интернаттарына, ошондой эле улгайган жарандар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн стационардык мекемелерге туруктуу көзөмөл жана шефтик кылуу системасын белгилейт. Кабыл алынган чечимге ылайык, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор эми өздөрүнө бекитилген социалдык объектилердин муктаждыктарына мониторинг жүргүзүү жана ыкчам жардам көрсөтүү үчүн жеке жоопкерчиликте болушат. Тескеме ведомстволордун жетекчилерин жыл сайын борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү жана ар тараптуу демөөрчүлүк колдоо көрсөтүү үчүн бюджеттик же бюджеттен тышкаркы каражаттарды кароого милдеттендирет. Бул ресурстар мекемелердин материалдык-техникалык базасын системалуу жакшыртууга жана алардын камкордугундагы адамдар үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүүгө багытталат. Финансылык жардамдан тышкары, мамлекеттик органдар жетим балдарды социалдаштырууга көмөктөшүү, ден соолугуна кам көрүү жана өзгөчө көңүл бурууга муктаж жарандардын эс алуусун уюштурууну камтыган комплекстүү колдоо көрсөтүшөт.
Адылбек Касымалиев 21-22-май күндөрү Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Минкаб төрагасы КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, Түркмөнстандын жетекчилиги менен жолугушуулар өтүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат. Кыргызстанда эми үйлөрдүн чатырларына күн панелдерин жеңилдетилген шартта орнотууга мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди. Анын айтымында, күн панелдери үйдүн муктаждыгы үчүн электр энергиясын өндүрүп, борбордук тармактан керектөөнү азайтат. "Ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекетке жогорулатылган тариф менен сатууга болот. Жеңилдетилген каржылоо программасы 12-майда кабыл алынган. Ага жеке сектор дагы тартылат. Биз каражат издеп, адистерди тартып, программаны биргелешип ишке ашырабыз", — деди Акунбеков журналисттерге.Кыргызстанда жакын арада жарандар күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүшүн анча сезбегендей механизм иштелип чыгат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Ал күйүүчү май рыногундагы кырдаалга комментарий берип, Ирандын айланасындагы абал дээрлик бүткүл дүйнөгө таасир эткенин белгиледи. Айтымында, күйүүчү май жана минералдык жер семирткичтердин кымбатташы экономиканын башка тармактарына дагы таасирин тийгизүүдө. "Эгер күйүүчү майдын баасы өсө берсе, анда курулуш, кайра иштетүү жана логистика тармактарында дагы баалар жогорулайт. Албетте, бул өтө жаман көрсөткүч. Өкмөт акыркы эки айдан бери кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Бүгүн жана өткөн аптада бул багытта жыйындар өттү. Жакын арада жарандар баанын өсүшүн анча сезбегендей система иштеп чыгабыз. Азыр баалар табигый түрдө өсүп жатат", — деди Акунбеков. Ошондой эле министр Кыргызстанда күйүүчү майдын эки айдан ашык мөөнөткө жете турган кору бар экенин белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев калктын аялуу катмарына социалдык колдоону күчөтүүгө багытталган тескемеге кол койду. Чечимге ылайык, бул документ мамлекеттик органдардын балдар интернаттарына, ошондой эле улгайган жарандар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн стационардык мекемелерге туруктуу көзөмөл жана шефтик кылуу системасын белгилейт. Кабыл алынган чечимге ылайык, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор эми өздөрүнө бекитилген социалдык объектилердин муктаждыктарына мониторинг жүргүзүү жана ыкчам жардам көрсөтүү үчүн жеке жоопкерчиликте болушат. Тескеме ведомстволордун жетекчилерин жыл сайын борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү жана ар тараптуу демөөрчүлүк колдоо көрсөтүү үчүн бюджеттик же бюджеттен тышкаркы каражаттарды кароого милдеттендирет. Бул ресурстар мекемелердин материалдык-техникалык базасын системалуу жакшыртууга жана алардын камкордугундагы адамдар үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүүгө багытталат. Финансылык жардамдан тышкары, мамлекеттик органдар жетим балдарды социалдаштырууга көмөктөшүү, ден соолугуна кам көрүү жана өзгөчө көңүл бурууга муктаж жарандардын эс алуусун уюштурууну камтыган комплекстүү колдоо көрсөтүшөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/15/1101451803_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_16226922ebdff69cd430ee0177582912.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио