https://sputnik.kg/20260521/1101449390.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Дарылыгы бар чөптөрдү өстүрүүгө, кайра иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берген мыйзамга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Документ президенттин... 21.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-21T15:00+0600
2026-05-21T15:00+0600
2026-05-21T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/15/1101449224_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_551380c7b1a553323b9f25c53561bdb1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Дарылыгы бар чөптөрдү өстүрүүгө, кайра иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берген мыйзамга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Документ президенттин сайтына жарыяланган. "Жеке жана юридикалык жактар дары өсүмдүктөрүн өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү боюнча иш жүргүзүү укуктарына ээ болот", — деп маалыматта жазылган. Ал эми уу коргошунду там-таштын жана социалдык объектилердин жанына отургузууга болбойт. Мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык, дарылыгы бар жапайы чөптөрдү айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарында культивациялоо жана өстүрүү үчүн пайдаланууга жол берилет деп белгиленүүдө. Экономиканын агроазык-түлүк секторун өнүктүрүү үчүн заманбап техника жана инновациялык технологиялар аркылуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору менен гибриддери чыгарылып, валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, уу коргошун, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп жана лаванда сыяктуу дары өсүмдүктөрү өстүрүлөт дешти.
Соңку чейрек кылым Шанхай кызматташтык уюмунда эч кимдин үстөмдүгү, басымы же мажбурлоосу жок экенин көрсөттү. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын орун басары Сухэль Хан Бишкекте өтүп жаткан форумда билдирди. Анын айтымында, ШКУда кимдир бирөөнүн эсебинен жеңген же утулган тарап жок, болгону, жалпы тилектештикке негизделген жыйынтык жана жалпы утуш бар. "Шанхай кызматташтык уюмунун доошу эл аралык аренада барган сайын ишенимдүү угулууда. Уюм аймактык жана глобалдык деңгээлдеги мамлекеттер аралык өнөктөштүктүн системалуу моделине айланып баратат", — деди Хан. Ошондой эле ал коопсуздук багытындагы ШКУнун адистештирилген эки органын Душанбе менен Ташкентте, ал эми трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы борборду Бишкекте түзүү маселеси каралып жатканын белгиледи.
Айдоочулук боюнча тажрыйбалык сабактардын сааты дээрлик эки эсе кыскарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Жол кыймылына уруксат берүү институту" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, айдоочулук боюнча практикалык сабактар 70 сааттан 30 саатка чейин түштү. Бир сааттык практика Бишкек менен Ош калааларында 950 сом, ал эми аймактарда 850 сом турат. Теориялык сабактар 10 айга созулуп, баасы 19 миң сомду түзөт. Ошентип борбор калаада толук окуу орточо 47,5 миң сомго чыгат. Оффлайн жана онлайн окуса болот. Белгилей кетсек, буга чейин окуу программасында 70 сааттык практика каралган. Анда окутуунун бул түрүнүн бир сааты орточо 1 000 сомду түзөрү айтылган. Теория менен кошкондо, машина алуу укугуна ээ болом дегендердин жалпы окуу баасы дээрлик 90 миң сомду чапчымак.
Бишкекте ишемби күнү, 23-майда, One Run эл аралык жарым марафонуна 1200дөн ашуун адам катышат. Кыргызстандын борбору төртүнчү жыл катары менен "Лига героев" уюштурган дүйнөдөгү One Run ири жарым марафонуна кошулат. Жарыш 1, 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкта өтөт. Маршрут — Түштүк магистраль. Старт жана финиш шаарчасы, ошондой эле фан-зона "Газпром" спорт комплекси аймагында жайгашат. Иш-чара "ЗаБег.РФ" долбоорунун алкагында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Жеңил атлетика федерациясынын жана Эл аралык марафон дирекциясынын колдоосу менен өткөрүлөт.
Дарылыгы бар чөптөрдү өстүрүүгө, кайра иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берген мыйзамга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Документ президенттин сайтына жарыяланган. "Жеке жана юридикалык жактар дары өсүмдүктөрүн өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү боюнча иш жүргүзүү укуктарына ээ болот", — деп маалыматта жазылган. Ал эми уу коргошунду там-таштын жана социалдык объектилердин жанына отургузууга болбойт. Мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык, дарылыгы бар жапайы чөптөрдү айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарында культивациялоо жана өстүрүү үчүн пайдаланууга жол берилет деп белгиленүүдө. Экономиканын агроазык-түлүк секторун өнүктүрүү үчүн заманбап техника жана инновациялык технологиялар аркылуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору менен гибриддери чыгарылып, валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, уу коргошун, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп жана лаванда сыяктуу дары өсүмдүктөрү өстүрүлөт дешти.Соңку чейрек кылым Шанхай кызматташтык уюмунда эч кимдин үстөмдүгү, басымы же мажбурлоосу жок экенин көрсөттү. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын орун басары Сухэль Хан Бишкекте өтүп жаткан форумда билдирди. Анын айтымында, ШКУда кимдир бирөөнүн эсебинен жеңген же утулган тарап жок, болгону, жалпы тилектештикке негизделген жыйынтык жана жалпы утуш бар. "Шанхай кызматташтык уюмунун доошу эл аралык аренада барган сайын ишенимдүү угулууда. Уюм аймактык жана глобалдык деңгээлдеги мамлекеттер аралык өнөктөштүктүн системалуу моделине айланып баратат", — деди Хан. Ошондой эле ал коопсуздук багытындагы ШКУнун адистештирилген эки органын Душанбе менен Ташкентте, ал эми трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы борборду Бишкекте түзүү маселеси каралып жатканын белгиледи.Айдоочулук боюнча тажрыйбалык сабактардын сааты дээрлик эки эсе кыскарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Жол кыймылына уруксат берүү институту" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, айдоочулук боюнча практикалык сабактар 70 сааттан 30 саатка чейин түштү. Бир сааттык практика Бишкек менен Ош калааларында 950 сом, ал эми аймактарда 850 сом турат. Теориялык сабактар 10 айга созулуп, баасы 19 миң сомду түзөт. Ошентип борбор калаада толук окуу орточо 47,5 миң сомго чыгат. Оффлайн жана онлайн окуса болот. Белгилей кетсек, буга чейин окуу программасында 70 сааттык практика каралган. Анда окутуунун бул түрүнүн бир сааты орточо 1 000 сомду түзөрү айтылган. Теория менен кошкондо, машина алуу укугуна ээ болом дегендердин жалпы окуу баасы дээрлик 90 миң сомду чапчымак. Бишкекте ишемби күнү, 23-майда, One Run эл аралык жарым марафонуна 1200дөн ашуун адам катышат. Кыргызстандын борбору төртүнчү жыл катары менен "Лига героев" уюштурган дүйнөдөгү One Run ири жарым марафонуна кошулат. Жарыш 1, 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкта өтөт. Маршрут — Түштүк магистраль. Старт жана финиш шаарчасы, ошондой эле фан-зона "Газпром" спорт комплекси аймагында жайгашат. Иш-чара "ЗаБег.РФ" долбоорунун алкагында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Жеңил атлетика федерациясынын жана Эл аралык марафон дирекциясынын колдоосу менен өткөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/15/1101449224_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_98905c83f8c9efa25d9700972a9d549a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио