https://sputnik.kg/20260521/1101447037.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын Чек ара чатактарын тынч жол менен чечүү боюнча резолюциясын кабыл алды. Бишкек документти Душанбе жана... 21.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-21T13:00+0600
2026-05-21T13:00+0600
2026-05-21T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/15/1101446871_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_03a84a3916be70529af9a8a0f127fd63.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын Чек ара чатактарын тынч жол менен чечүү боюнча резолюциясын кабыл алды. Бишкек документти Душанбе жана Ташкент менен бирге берген. "Резолюциянын максаты — аймактагы өлкөлөрдүн тарыхый жетишкендигин дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүү. Тактап айтканда, БУУнун уставына жана эл аралык укукка ылайык, талаштуу маселелерди тынч жол менен чечсе болорун көрсөтүү", — деп ТИМ билдирген. Резолюцияда Борбор Азиянын жетишкендиктери эл аралык коомчулук үчүн үлгү болуп, коңшу мамлекеттердин ортосундагы алаканын модели катары кызмат кылары айтылды.
Соңку 10 жылда Ысык-Көл жарым метрдей (47 сантиметрге) тартылып кеткен. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков айтты. Ал мындан улам бийлик көлгө куйган суулардын пайдаланылышын азайтуу үчүн долбоорлорду даярдап жатканын билдирди. Алар тамчылатып сугаруу системасын киргизүү жана пансионаттар менен автоунаа жуучу жайларда сууну кайра колдонуу системасын түзүү иштери болмокчу. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекет субсидия жана дотация бөлүүнү пландап жатат.Ошондой эле 2028-жылдан тарта арык аркылуу сугаруудан баш тартуу каралып жатканы кошумчаланды. Буга чейин адистер кыргыз берметинин экологиясы начарлап бара жатканын айтып, коңгуроо кагышкан. Жээкке жакын сууларда микробдор бактериясы көбөйүп, балырлай баштаган фактыларды келтиришкен. Көлдү бойлото башаламан салынып жаткан курулуштарды токтотуп, катуу көзөмөл коюу керектигин баса белгилеп жатышат. Буга чейинки маалыматта XIX кылымдын ортосунан бери Ысык-Көлдөгү суунун көлөмү 85 миллиард куб метрге азайганы айтылган.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети боюнча сот отуруму болбой калды. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов соттун жылып кетишине кээ бир айыпталуучулар материалдар менен толук таанышып бүтпөгөнү, ошондой эле айрым жактоочулар тергөө тарабынан ишке тиркелген далилдер боюнча токтомго даттанышканы себеп болгонун айтты. Мындан сырткары, райондук соттун баштапкы соттук угуу боюнча токтомуна каршы жактоочулар Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Мындан улам алардын арызы Бишкек шаардык сотунда башка күнү каралат. Бүгүн Курсан Асанов менен Аалы Карашев алып келинди. Калган айыпталуучуларды байкоого мүмкүн болгон жок. Ички иштер министрлиги кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүүдө. Жактоочу Айткулов Камчыбек Ташиев соттук отурумдарга келерин, бүгүнкү жараян кийинкиге жылдырылгандыктан келбегенин айтты.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск эгерде Украина жаңжалы курчуп кетсе, НАТО кескин чараларды көрө турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Россия менен Украинанын ортосундагы чатак жакында биз (НАТО – ред.) чечкиндүү жооп кыла турган кырдаалга алып келиши мүмкүн", — деген ал. Мурдараак Кремлден украин чатагына НАТО киришсе бир топ эле кооптуу кырдаал жарала турганын айтышкан. РФ ТИМинен НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлерин Украинага жайгаштыруу Москвага жакпай тургандыгын жана кырдаалды курчутарын айтышкан. Аталган министрлик Европанын альянска мүчө болгон бир нече өлкөсүндө, Улуу Британияда контингентти жайгаштыруу боюнча билдирүүлөрүн согуштун уланышына шыкактоо деп атады.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын Чек ара чатактарын тынч жол менен чечүү боюнча резолюциясын кабыл алды. Бишкек документти Душанбе жана Ташкент менен бирге берген. "Резолюциянын максаты — аймактагы өлкөлөрдүн тарыхый жетишкендигин дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүү. Тактап айтканда, БУУнун уставына жана эл аралык укукка ылайык, талаштуу маселелерди тынч жол менен чечсе болорун көрсөтүү", — деп ТИМ билдирген. Резолюцияда Борбор Азиянын жетишкендиктери эл аралык коомчулук үчүн үлгү болуп, коңшу мамлекеттердин ортосундагы алаканын модели катары кызмат кылары айтылды.Соңку 10 жылда Ысык-Көл жарым метрдей (47 сантиметрге) тартылып кеткен. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков айтты. Ал мындан улам бийлик көлгө куйган суулардын пайдаланылышын азайтуу үчүн долбоорлорду даярдап жатканын билдирди. Алар тамчылатып сугаруу системасын киргизүү жана пансионаттар менен автоунаа жуучу жайларда сууну кайра колдонуу системасын түзүү иштери болмокчу. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекет субсидия жана дотация бөлүүнү пландап жатат.Ошондой эле 2028-жылдан тарта арык аркылуу сугаруудан баш тартуу каралып жатканы кошумчаланды. Буга чейин адистер кыргыз берметинин экологиясы начарлап бара жатканын айтып, коңгуроо кагышкан. Жээкке жакын сууларда микробдор бактериясы көбөйүп, балырлай баштаган фактыларды келтиришкен. Көлдү бойлото башаламан салынып жаткан курулуштарды токтотуп, катуу көзөмөл коюу керектигин баса белгилеп жатышат. Буга чейинки маалыматта XIX кылымдын ортосунан бери Ысык-Көлдөгү суунун көлөмү 85 миллиард куб метрге азайганы айтылган.Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети боюнча сот отуруму болбой калды. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов соттун жылып кетишине кээ бир айыпталуучулар материалдар менен толук таанышып бүтпөгөнү, ошондой эле айрым жактоочулар тергөө тарабынан ишке тиркелген далилдер боюнча токтомго даттанышканы себеп болгонун айтты. Мындан сырткары, райондук соттун баштапкы соттук угуу боюнча токтомуна каршы жактоочулар Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Мындан улам алардын арызы Бишкек шаардык сотунда башка күнү каралат. Бүгүн Курсан Асанов менен Аалы Карашев алып келинди. Калган айыпталуучуларды байкоого мүмкүн болгон жок. Ички иштер министрлиги кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүүдө. Жактоочу Айткулов Камчыбек Ташиев соттук отурумдарга келерин, бүгүнкү жараян кийинкиге жылдырылгандыктан келбегенин айтты. Польшанын премьер-министри Дональд Туск эгерде Украина жаңжалы курчуп кетсе, НАТО кескин чараларды көрө турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Россия менен Украинанын ортосундагы чатак жакында биз (НАТО – ред.) чечкиндүү жооп кыла турган кырдаалга алып келиши мүмкүн", — деген ал. Мурдараак Кремлден украин чатагына НАТО киришсе бир топ эле кооптуу кырдаал жарала турганын айтышкан. РФ ТИМинен НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлерин Украинага жайгаштыруу Москвага жакпай тургандыгын жана кырдаалды курчутарын айтышкан. Аталган министрлик Европанын альянска мүчө болгон бир нече өлкөсүндө, Улуу Британияда контингентти жайгаштыруу боюнча билдирүүлөрүн согуштун уланышына шыкактоо деп атады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/15/1101446871_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2e9216f6019f91a7bce9041bf22b6ff3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио