https://sputnik.kg/20260520/zhk-sanarip-kozomol-boyuncha-miyzam-dolboorun-kabyl-aldy-1101432887.html
ЖК телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды
ЖК телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш телекоммуникациялык тармактардагы көзөмөлдү күчөтүүчү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 78 депутат... 20.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-20T16:12+0600
2026-05-20T16:12+0600
2026-05-20T16:17+0600
кыргызстан
укмк
иим
санарип
көзөмөл
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/102352/51/1023525177_0:433:5069:3284_1920x0_80_0_0_7518d5d4a1d8be816fdaec2085034efd.jpg
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш телекоммуникациялык тармактардагы көзөмөлдү күчөтүүчү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 78 депутат "макул" деп добуш берсе, бирөө каршы чыкты. Мыйзам долбоору телекоммуникация, санарип технологиялар жана улуттук коопсуздук тармагындагы эрежелерди жаңылоого багытталган. Анда УКМК менен ИИМдин телекоммуникациялык тармактар аркылуу маалымат алуу жана ыкчам-издөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сунушталды. Ага ылайык, укук коргоо жана коопсуздук органдары кылмыштарды ачуу жана тергөө иштеринин алкагында төмөнкү маалыматтарды ала алышат: Ошондой эле документте аудио жана видеокөзөмөл жүргүзүү, объектилерди санарип технологиялар аркылуу таануу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Тагыраагы, укук коргоо органдары атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен үн жана видеомаалыматтарды алуу же көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алат. Бул төмөнкү аракеттерди камтышы мүмкүн: Мыйзам долбоорунда бул чаралар негизинен ыкчам-иликтөө, тергөө жана контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында колдонулары көрсөтүлгөн. Бирок кайсы конкреттүү тиркеме же платформа (мисалы, WhatsApp, Telegram ж.б.) экени ачык көрсөтүлгөн эмес. Телекоммуникация операторлору мамлекеттик органдарга маалымат берүүгө жана өз тармактарында атайын тергөө жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө техникалык шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле алар өз маалымат базаларына жана санарип системаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек. Документте мындай иш-чараларды жүргүзүү үчүн колдонулуучу атайын санарип системалардын ээси катары улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, өлкөдө колдонулган жана сырттан алып келинген бардык мобилдик түзүлүштөрдү мамлекеттик санарип идентификация системасында милдеттүү каттоо талабы да камтылган. Сунушталган мыйзам долбоору эми экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынгандан кийин президент кол койсо гана күчүнө кирет.
https://sputnik.kg/20230603/uyulduk-telefon-tynshoo-mif-1075933068.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102352/51/1023525177_526:0:5031:3379_1920x0_80_0_0_2223d0b22ec24c623b8aba2b29be7e02.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, иим, санарип, көзөмөл, мыйзам долбоору
кыргызстан, укмк, иим, санарип, көзөмөл, мыйзам долбоору
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш телекоммуникациялык тармактардагы көзөмөлдү күчөтүүчү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 78 депутат "макул" деп добуш берсе, бирөө каршы чыкты.
Мыйзам долбоору телекоммуникация, санарип технологиялар жана улуттук коопсуздук тармагындагы эрежелерди жаңылоого багытталган. Анда УКМК менен ИИМдин телекоммуникациялык тармактар аркылуу маалымат алуу жана ыкчам-издөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сунушталды.
Ага ылайык, укук коргоо жана коопсуздук органдары кылмыштарды ачуу жана тергөө иштеринин алкагында төмөнкү маалыматтарды ала алышат:
колдонуучулардын байланыштары жана байланыш түзмөктөрү тууралуу маалыматтар;
түзмөктүн жайгашкан жери;
компьютерлерден, серверлерден жана башка санарип түзүлүштөрдөн алынган маалыматтар;
телекоммуникациялык тармактардагы маалыматтар.
Ошондой эле документте аудио жана видеокөзөмөл жүргүзүү, объектилерди санарип технологиялар аркылуу таануу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Тагыраагы, укук коргоо органдары атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен үн жана видеомаалыматтарды алуу же көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алат.
Бул төмөнкү аракеттерди камтышы мүмкүн:
телефон сүйлөшүүлөрүн угуу;
камералар аркылуу байкоо жүргүзүү;
интернет же байланыш каналдары аркылуу өткөн аудио/видеомаалыматтарды көзөмөлдөө;
объектилерди санарип таануу технологияларын колдонуу (мисалы, жүздү же автоунаа номерин таануу).
Мыйзам долбоорунда бул чаралар негизинен ыкчам-иликтөө, тергөө жана контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында колдонулары көрсөтүлгөн. Бирок кайсы конкреттүү тиркеме же платформа (мисалы, WhatsApp, Telegram ж.б.) экени ачык көрсөтүлгөн эмес.
Телекоммуникация операторлору мамлекеттик органдарга маалымат берүүгө жана өз тармактарында атайын тергөө жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө техникалык шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле алар өз маалымат базаларына жана санарип системаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек.
Документте мындай иш-чараларды жүргүзүү үчүн колдонулуучу атайын санарип системалардын ээси катары улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, өлкөдө колдонулган жана сырттан алып келинген бардык мобилдик түзүлүштөрдү мамлекеттик санарип идентификация системасында милдеттүү каттоо талабы да камтылган.
Сунушталган мыйзам долбоору эми экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынгандан кийин президент кол койсо гана күчүнө кирет.