https://sputnik.kg/20260519/-tim-bangizat-zhumush-tartuu-1101411604.html
ТИМ: кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумуш шылтоосу менен баңгизатка тартышууда
ТИМ: кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумуш шылтоосу менен баңгизатка тартышууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандын ТИМи чет өлкөлөрдө мекендештердин кылмыш иштерине тартылып калуу учурлары көбөйгөнүнө байланыштуу жарандарга эскертүү... 19.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-19T18:10+0600
2026-05-19T18:10+0600
2026-05-19T18:40+0600
кыргызстан
тим
жаран
кылмыш
жумуш
баңгизат
айлык
кайрылуу
эскертүү
https://sputnik.kg/img/07e9/09/18/1096714587_0:370:960:910_1920x0_80_0_0_ec278b3802c144ceaf9ffdbf2dca93c7.jpg
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандын ТИМи чет өлкөлөрдө мекендештердин кылмыш иштерине тартылып калуу учурлары көбөйгөнүнө байланыштуу жарандарга эскертүү берди.ТИМ билдиргендей, акыркы убакта жарандардын чет өлкөлөрдө кылмыш иштерине тартылган учурлары көбөйүүдө. Белгисиз адамдар социалдык тармактар аркылуу өздөрүн жумуш берүүчү катары тааныштырып, башка өлкөлөрдө жогорку маяналуу жумуш сунуштап жатышат.Бирок чет өлкөгө баргандан кийин “жумуш берүүчү” деп аталгандар жарандарды баңгизаттарды жашыруун таратууга (“закладчик” катары) же тыюу салынган буюмдарды ташууга мажбурлап жатышат. Натыйжада алар чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары тарабынан кармалышат.Ошондой эле “жумуш берүүчүлөр” көп учурда кыргызстандыктарга алдын ала паспорт жасатууга, жол чыгымдарын төлөөгө жана башка чыгымдарды жабууга каражат которушарын ведомстводо белгилешти.Кыргызстан ТИМнин маалыматына караганда, учурда чет өлкөлөрдө ондогон кыргызстандык жарандар кармалып турат. Атап айтканда, Беларуста 2026-жылдын акыркы төрт айында эле ондон ашык жаш кыргызстандыктар кармалган.Кыргызстандын ТИМи жарандарды чет өлкөдө “жеңил киреше” убада кылган сунуштарга ишенбөөгө жана мыйзамсыз иштерге катышпоого чакырды.Коркутуу, кысым көрсөтүү же кылмыш иштерине тартуу аракеттери болгон учурда кыргызстандыктарга Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине дароо кайрылуу сунушталат. Ыкчам байланыш телефону: +996 999 312 002.
https://sputnik.kg/20260514/bangizat-satkandar-karmaldy-1101325800.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/18/1096714587_0:280:960:1000_1920x0_80_0_0_224bb7fe70efe776a8ffae98fc9c1e04.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тим, жаран, кылмыш, жумуш, баңгизат, айлык, кайрылуу, эскертүү
кыргызстан, тим, жаран, кылмыш, жумуш, баңгизат, айлык, кайрылуу, эскертүү
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандын ТИМи чет өлкөлөрдө мекендештердин кылмыш иштерине тартылып калуу учурлары көбөйгөнүнө байланыштуу жарандарга эскертүү берди.
ТИМ билдиргендей, акыркы убакта жарандардын чет өлкөлөрдө кылмыш иштерине тартылган учурлары көбөйүүдө. Белгисиз адамдар социалдык тармактар аркылуу өздөрүн жумуш берүүчү катары тааныштырып, башка өлкөлөрдө жогорку маяналуу жумуш сунуштап жатышат.
Бирок чет өлкөгө баргандан кийин “жумуш берүүчү” деп аталгандар жарандарды баңгизаттарды жашыруун таратууга (“закладчик” катары) же тыюу салынган буюмдарды ташууга мажбурлап жатышат. Натыйжада алар чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары тарабынан кармалышат.
Ошондой эле “жумуш берүүчүлөр” көп учурда кыргызстандыктарга алдын ала паспорт жасатууга, жол чыгымдарын төлөөгө жана башка чыгымдарды жабууга каражат которушарын ведомстводо белгилешти.
Кыргызстан ТИМнин маалыматына караганда, учурда чет өлкөлөрдө ондогон кыргызстандык жарандар кармалып турат. Атап айтканда, Беларуста 2026-жылдын акыркы төрт айында эле ондон ашык жаш кыргызстандыктар кармалган.
Кыргызстандын ТИМи жарандарды чет өлкөдө “жеңил киреше” убада кылган сунуштарга ишенбөөгө жана мыйзамсыз иштерге катышпоого чакырды.
Коркутуу, кысым көрсөтүү же кылмыш иштерине тартуу аракеттери болгон учурда кыргызстандыктарга Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине дароо кайрылуу сунушталат. Ыкчам байланыш телефону: +996 999 312 002.