00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
9 мин
Стоп-кадр
Экрандагы агрессия реалдуу жашоого да чыгабы?
17:10
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Меняющие мир
Форма или смысл: режиссёр Пётр Куртов — о том, каким должен быть театр сегодня
18:07
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор 3-6-май күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда, алардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Сейшел Аралдары Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.
Баткенде селден жабыркаган электр тармактарын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, 2-майда жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен саат 19:30 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүргөн. Табигый кырсыктын натыйжасында сел суулары айрым турак үйлөргө жана короо-жайларга кирип, Ак-Сай айылындагы 35/10 кВ "Самаркандек" көмөк чордонунан чыккан Самаркандек аба чубалгысында 3 даана электр мамычасын сел алып, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Мындан улам аймактын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн. Адистер түнү бою иш алып барып, Самаркандек айыл аймагында үзгүлтүккө учураган электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилди. Учурда Ак-Сай айылында 10 кызматкер, 2 техника күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, сел алып кеткен электр мамычаларын кайра орнотуу, үзүлгөн зымдарды алмаштыруу жана электр тармактарын толук калыбына келтирүү иштерин тынымсыз улантууда. Тиешелүү кызматтар кырдаалды толук көзөмөлдө кармап, калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.
1-майдан тартып Киев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкесинде убактылуу эки тараптуу кыймыл киргизилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим Шопоков көчөсүндө жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Киев көчөсүнүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынган. Бишкек мэриясы айдоочулардан бул өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну, жол белгилерин так сактоону жана этият болууну суранат.
Кубанын президенти Мигель Диас-Канель АКШ тараптан аскердик коркунуч күчөгөнүн билдирип, мындай абал буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин айтты. Ал өлкө эли көз карандысыздыгын коргоого даяр экенин баса белгиледи. Маалыматтарга ылайык, АКШ Кубага койгон талаптарын күчөтүп, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү, чет элдик инвестицияларды көбөйтүүнү жана Америкадан энергия ресурстарын сатып алууга мажбурлап жатат. Мындан тышкары, Дональд Трамп Кубага байланышкан айрым адамдар жана компаниялар менен жүргүзүлгөн каржы операцияларына чектөө киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле ал USS Abraham Lincoln (CVN-72) атомдук кемесин Кубанын жээктерине жөнөтүүнү караштырып жатканын билдирген. АКШнын мунай жеткирүүгө байланышкан чектөөлөрүнөн улам Кубада күйүүчү май тартыштыгы жаралган. Март айынын аягында Россиядан 100 миң тонна мунай жеткирилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0