https://sputnik.kg/20260503/1101101272.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети адам сатууга кабылган жарандарды аныктоо жана тиешелүү кызматтарга багыттоо боюнча улуттук механизмге өзгөртүү киргизди. Тиешелүү токтомго... 03.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-03T08:59+0600
2026-05-03T08:59+0600
2026-05-03T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/03/1101101106_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0e3cd40c9b93e82c16ad43a98ad4ee10.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети адам сатууга кабылган жарандарды аныктоо жана тиешелүү кызматтарга багыттоо боюнча улуттук механизмге өзгөртүү киргизди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Касымалиев кол койду. Негизги жаңылык — адам сатуу курмандыктарын аныктоочу белгилер жаңыртылды. Эми расмий критерийлерге санариптик технологияларды колдонуу да киргизилди. Документке ылайык, кылмыштуу аракеттер социалдык тармактар, мессенжерлер, онлайн-сервистер, электрондук байланыш системалары жана ар кандай интернет-платформалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик кызматтарга адамдарды онлайн чөйрөдө азгыруу, алдоо жана эксплуатациялоо учурларын так аныктоого жардам берет. Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.
Министрлер кабинети орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу эрежелерине өзгөртүү киргизди. 2026-жылдын 28-апрелиндеги токтомго ылайык, быйыл облустук окуучулар сынактарында алдыңкы үч орунду алган абитуриенттер профильдик багыттарга сынактан тышкары кабыл алынат. Бирок бул жеңилдикти колдонуу үчүн абитуриент Жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, белгиленген босого баллдан төмөн эмес жыйынтык көрсөтүшү керек. Ошол эле учурда чектөө да бар: облустук кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү бул укукту Бишкекте жайгашкан окуу жайларга тапшырууда пайдалана алышпайт. Жеңилдик бере турган сынактардын тизмесин Билим берүү министрлиги аныктайт. Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.
Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин спорт министрлеринин жолугушуусунда спорт тармагындагы кызматташуунун жаңы багыттары талкууланды. Жыйын Чолпон-Ата шаарында өтүп, анда спорт боюнча туруктуу жумушчу топ түзүлдү. Бул орган ШКУ алкагындагы спорттук иш-чараларды координациялап турат. Ошондой эле ШКУнун Ачык кубогунун регламенти бекитилди. Мелдеш жыл бою уюмга мүчө ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлөт. Кыргызстандын сунушу менен ШКУга мүчө мамлекеттер үчүн спорттук иш-чаралардын бирдиктүү календарын түзүү максатында жалпы план иштелип чыгат.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо 9-майда Москвага барып, Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларга катышууну пландап жатканын айтты. Анын айтымында, ал Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө кызыл гүл коюп, Словакияны фашизмден бошоткон советтик жоокерлерге бардык словактардын атынан ыраазычылык билдирүүнү көздөйт. "Мен Москвага барып, Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө кызыл гүл койгонум үчүн уялышым керекпи?" — деген Фицо сын айткандарга жооп берип жатып. Ал советтик жоокерлер Словакияга тынчтык алып келгенин белгилеп, тарыхый эс тутумга урмат көрсөтүү маанилүү экенин айтты. Буга чейин Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Фицонун 9-майдагы салтанаттарга катышуу үчүн Москвага келерин билдирген. Чехия бийлиги болсо словакиялык премьердин учагына Москвага учуп өтүүгө уруксат бергени кабарланган.
Министрлер кабинети адам сатууга кабылган жарандарды аныктоо жана тиешелүү кызматтарга багыттоо боюнча улуттук механизмге өзгөртүү киргизди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Касымалиев кол койду. Негизги жаңылык — адам сатуу курмандыктарын аныктоочу белгилер жаңыртылды. Эми расмий критерийлерге санариптик технологияларды колдонуу да киргизилди. Документке ылайык, кылмыштуу аракеттер социалдык тармактар, мессенжерлер, онлайн-сервистер, электрондук байланыш системалары жана ар кандай интернет-платформалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик кызматтарга адамдарды онлайн чөйрөдө азгыруу, алдоо жана эксплуатациялоо учурларын так аныктоого жардам берет. Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет. Министрлер кабинети орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу эрежелерине өзгөртүү киргизди. 2026-жылдын 28-апрелиндеги токтомго ылайык, быйыл облустук окуучулар сынактарында алдыңкы үч орунду алган абитуриенттер профильдик багыттарга сынактан тышкары кабыл алынат. Бирок бул жеңилдикти колдонуу үчүн абитуриент Жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, белгиленген босого баллдан төмөн эмес жыйынтык көрсөтүшү керек. Ошол эле учурда чектөө да бар: облустук кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү бул укукту Бишкекте жайгашкан окуу жайларга тапшырууда пайдалана алышпайт. Жеңилдик бере турган сынактардын тизмесин Билим берүү министрлиги аныктайт. Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет. Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин спорт министрлеринин жолугушуусунда спорт тармагындагы кызматташуунун жаңы багыттары талкууланды. Жыйын Чолпон-Ата шаарында өтүп, анда спорт боюнча туруктуу жумушчу топ түзүлдү. Бул орган ШКУ алкагындагы спорттук иш-чараларды координациялап турат. Ошондой эле ШКУнун Ачык кубогунун регламенти бекитилди. Мелдеш жыл бою уюмга мүчө ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлөт. Кыргызстандын сунушу менен ШКУга мүчө мамлекеттер үчүн спорттук иш-чаралардын бирдиктүү календарын түзүү максатында жалпы план иштелип чыгат. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо 9-майда Москвага барып, Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларга катышууну пландап жатканын айтты. Анын айтымында, ал Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө кызыл гүл коюп, Словакияны фашизмден бошоткон советтик жоокерлерге бардык словактардын атынан ыраазычылык билдирүүнү көздөйт. "Мен Москвага барып, Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө кызыл гүл койгонум үчүн уялышым керекпи?" — деген Фицо сын айткандарга жооп берип жатып. Ал советтик жоокерлер Словакияга тынчтык алып келгенин белгилеп, тарыхый эс тутумга урмат көрсөтүү маанилүү экенин айтты. Буга чейин Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Фицонун 9-майдагы салтанаттарга катышуу үчүн Москвага келерин билдирген. Чехия бийлиги болсо словакиялык премьердин учагына Москвага учуп өтүүгө уруксат бергени кабарланган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/03/1101101106_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9b21583a66cbaf9ed0265e9c42f78674.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио