https://sputnik.kg/20260430/medikterge-kol-kotorgondorgo-zhaza-1101058227.html
Медиктердин ишине тоскоол болуп, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүү сунушталды
Медиктердин ишине тоскоол болуп, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүү сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Депутат Жылдыз Эгенбердиева дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратып, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам... 30.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-30T09:46+0600
2026-04-30T09:46+0600
2026-04-30T09:46+0600
кыргызстан
дарыгер
кол салуу
кол көтөрүү
жаза
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/104847/48/1048474829_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_926b182145f9e4350fb4e1d02ca31606.jpg
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Депутат Жылдыз Эгенбердиева дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратып, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Негиздемеде шыпаагерлерге кол салуу тенденцияга айланып бара жатканы белгиленип, бул медиктердин ишин солгундатып, бейтаптардын сакайышына терс таасирин тийгизери айтылган. Мындан улам өз ишин кылып жаткан медиктерге кол салгандарга келтирген чыгымына жараша эки айдан өйдө түзөтүү иштерине тартуу же 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу сунушталды. Ал эми кол салуудан медиктин ден соолугуна залал келсе үч жылдан сегиз жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Ошондой эле бейтаптар жана алардын жакындары тарабынан дарыгердин ден соолугу жабыркаса камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укуктуу болору айтылган.
https://sputnik.kg/20251114/mugalim-medik-miyzam-korgoo-1097849612.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104847/48/1048474829_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_7657d8a20f85fc49d0ab726953775cce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, дарыгер, кол салуу, кол көтөрүү, жаза, мыйзам долбоору
кыргызстан, дарыгер, кол салуу, кол көтөрүү, жаза, мыйзам долбоору
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Депутат Жылдыз Эгенбердиева дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратып, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.
Негиздемеде шыпаагерлерге кол салуу тенденцияга айланып бара жатканы белгиленип, бул медиктердин ишин солгундатып, бейтаптардын сакайышына терс таасирин тийгизери айтылган.
Мындан улам өз ишин кылып жаткан медиктерге кол салгандарга келтирген чыгымына жараша эки айдан өйдө түзөтүү иштерине тартуу же 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу сунушталды. Ал эми кол салуудан медиктин ден соолугуна залал келсе үч жылдан сегиз жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган.
Ошондой эле бейтаптар жана алардын жакындары тарабынан дарыгердин ден соолугу жабыркаса камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укуктуу болору айтылган.

14 Жетинин айы 2025, 13:34