https://sputnik.kg/20260426/kyrgyzstan-shayloo-marlen-mamataliyev-1100994924.html
Президенттик шайлоодо жарандарга каалаган жеринен добуш бердирүү сунушталды
Президенттик шайлоодо жарандарга каалаган жеринен добуш бердирүү сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Президенттик шайлоодо жарандар каалаган участкадан добуш бере алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен... 26.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-26T14:21+0600
2026-04-26T14:21+0600
2026-04-26T14:21+0600
кыргызстан
шайлоо
марлен маматалиев
дастан бекешев
добуш берүү
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1e/1098238690_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_1241ab341cbe29847df48e7816252861.jpg
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Президенттик шайлоодо жарандар каалаган участкадан добуш бере алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Дастан Бекешевдин коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда жазылган. Демилгеге ылайык, шайлоочулар өз шайлоо участкасынан тыш жүргөнүнө карабастан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан улам "шайлоочунун дареги" түшүнүгүн жоюу сунушталууда. Ошол эле учурда аралыктан добуш берүү тартиби так жөнгө салынып, депутаттарды тандоодо бир шайлоо округунун ичинде башка участокто добуш берүүгө чектөө киргизилет. Талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды булуттук электрондук кол тамга аркылуу онлайн чогултууга шарт түзүлөт. Үгүтчүлөрдүн саны боюнча дагы өзгөртүүлөр сунушталган. Учурдагы мыйзам боюнч президенттик шайлоодо 10 миңге чейин, парламенттик шайлоодо 1000ге чейин үгүтчү тартууга уруксат берилсе, эми ар бир шайлоо участогуна үчтөн ашпаган үгүтчү иштетүү деимлгеленди. Мындан тышкары, талапкерлер документ тапшырган учурда шайлоо фонду түзүп, милдеттүү төлөмдү киргизиши керек. Ансыз документтер кабыл алынбайт.
https://sputnik.kg/20260307/kyrgyzstan-parlament-ayal-deputat-1100115297.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1e/1098238690_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_f3b96dbe66fab5898f433f23cb817604.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, шайлоо, марлен маматалиев, дастан бекешев, добуш берүү
кыргызстан, шайлоо, марлен маматалиев, дастан бекешев, добуш берүү
Президенттик шайлоодо жарандарга каалаган жеринен добуш бердирүү сунушталды
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Президенттик шайлоодо жарандар каалаган участкадан добуш бере алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Дастан Бекешевдин коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда жазылган.
Демилгеге ылайык, шайлоочулар өз шайлоо участкасынан тыш жүргөнүнө карабастан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан улам "шайлоочунун дареги" түшүнүгүн жоюу сунушталууда. Ошол эле учурда аралыктан добуш берүү тартиби так жөнгө салынып, депутаттарды тандоодо бир шайлоо округунун ичинде башка участокто добуш берүүгө чектөө киргизилет.
Талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды булуттук электрондук кол тамга аркылуу онлайн чогултууга шарт түзүлөт. Үгүтчүлөрдүн саны боюнча дагы өзгөртүүлөр сунушталган. Учурдагы мыйзам боюнч президенттик шайлоодо 10 миңге чейин, парламенттик шайлоодо 1000ге чейин үгүтчү тартууга уруксат берилсе, эми ар бир шайлоо участогуна үчтөн ашпаган үгүтчү иштетүү деимлгеленди.
Мындан тышкары, талапкерлер документ тапшырган учурда шайлоо фонду түзүп, милдеттүү төлөмдү киргизиши керек. Ансыз документтер кабыл алынбайт.