https://sputnik.kg/20260420/iran-ormuzda-karmalgan-keme-boyuncha-akshga-zhoop-bolorun-aytty-1100880816.html
Иран Оман кысыгында кармалган кеме боюнча АКШга жооп катуу болорун айтты
Иран Оман кысыгында кармалган кеме боюнча АКШга жооп катуу болорун айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШ аскерлери Оман кысыгында Ирандын желеги менен Американын курчоосун үзүүгө бара жаткан жүк ташуучу кемени колго түшүрдү. Муну Ак... 20.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-20T10:20+0600
2026-04-20T10:20+0600
2026-04-20T10:20+0600
дүйнөдө
жакынкы чыгыш
иран
акш
дональд трамп
ормуз кысыгы
чектөө
https://sputnik.kg/img/07ea/04/14/1100880005_0:230:2209:1473_1920x0_80_0_0_f9da627ba82dbaeed8a01b1bfa424016.jpg
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШ аскерлери Оман кысыгында Ирандын желеги менен Американын курчоосун үзүүгө бара жаткан жүк ташуучу кемени колго түшүрдү. Муну Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп жар салганын РИА Новости жазды. Америка лидери эсминецинин аларды токтотуу максатында берген буйругуна Touska баш ийбей койгондо кеменин мотор жактагы бөлүгүн теше атканын билдирген. "Азыр судно АКШнын деңиздеги жөө аскерлердин көзөмөлүндө турат. Мыйзамсыз кадамы үчүн Финансы министрлигинин санкциясына кабылды. Анын ичинде эмне бар экенин текшерип жатабыз", — деп кошумчалаган. Ал арада Иран АКШнын бул жоругуна жооп кылууга убада берди. Ирандын "Хатам аль-Анбия" борбордук аскердик штабынын өкүлү Оманда америкалык аскерлердин ирандык кеменин кармалышына жакында жооп кайтарыларын билдирди. АКШнын аскердик күчтөрү 13-апрелде Иран портуна Ормуз кысыгы аркылуу кирип-чыккан кемелерди чектеп баштаган. Бул жерден дүйнөгө жалпы мунай жана мунай продукцияларынын 20 пайызы ташылып турат. Вашингтон Иранга тиешеси жок, ага акча төлөбөгөн кемелер кысыктан ээн-эркин өтө берет деп айтууда. Ал эми Тегерандан учурда акы алуу карала электигин, бирок ошондой пландары экенин билдирди.
https://sputnik.kg/20260419/aksh-iranga-keneytilgen-operatsiyalaryn-bashtashy-mumkun-1100864620.html
жакынкы чыгыш
иран
акш
ормуз кысыгы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/14/1100880005_155:0:2119:1473_1920x0_80_0_0_12409aa2fd476be6effdcc583d5b2e06.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, иран, акш, дональд трамп, ормуз кысыгы, чектөө
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, иран, акш, дональд трамп, ормуз кысыгы, чектөө
Иран Оман кысыгында кармалган кеме боюнча АКШга жооп катуу болорун айтты
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШ аскерлери Оман кысыгында Ирандын желеги менен Американын курчоосун үзүүгө бара жаткан жүк ташуучу кемени колго түшүрдү. Муну Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп жар салганын
РИА Новости жазды.
"Бүгүн Ирандын желеги бар, узундугу 900 фут, салмагы учакты учуруп-кондурган атайын согуштук кемедей болгон жүк ташуучу Touska судносу деңиздеги биздин аскердик курчоону жарып өтүүгө аракет кылды", — деп Truth Social тармагына жазды.
Америка лидери эсминецинин аларды токтотуу максатында берген буйругуна Touska баш ийбей койгондо кеменин мотор жактагы бөлүгүн теше атканын билдирген.
"Азыр судно АКШнын деңиздеги жөө аскерлердин көзөмөлүндө турат. Мыйзамсыз кадамы үчүн Финансы министрлигинин санкциясына кабылды. Анын ичинде эмне бар экенин текшерип жатабыз", — деп кошумчалаган.
Ал арада Иран АКШнын бул жоругуна жооп кылууга
убада берди.
Ирандын "Хатам аль-Анбия" борбордук аскердик штабынын өкүлү Оманда америкалык аскерлердин ирандык кеменин кармалышына жакында жооп кайтарыларын билдирди.
"Эскерте кетели. Ирандын куралдуу күчтөрү америкалык аскерлердин бул каракчылык аракетине жакын арада сокку менен жооп кайтарат", — деп Рейтер агенттиги штабдын өкүлү айтканын жазды.
АКШнын аскердик күчтөрү 13-апрелде Иран портуна Ормуз кысыгы аркылуу кирип-чыккан кемелерди чектеп баштаган. Бул жерден дүйнөгө жалпы мунай жана мунай продукцияларынын 20 пайызы ташылып турат.
Вашингтон Иранга тиешеси жок, ага акча төлөбөгөн кемелер кысыктан ээн-эркин өтө берет деп айтууда. Ал эми Тегерандан учурда акы алуу карала электигин, бирок ошондой пландары экенин билдирди.