https://sputnik.kg/20260420/1100882367.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ардактуу угармандар, жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыз.Чүйдүн айылдарында "Эскерүү багы" акциясы өтүп, жүздөгөн көчөт отургузулду Казак-кыргызга бирдей... 20.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-20T11:00+0600
2026-04-20T11:00+0600
2026-04-20T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/14/1100882201_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c7513c1948529fc90648e87277e3a932.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ардактуу угармандар, жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыз.Чүйдүн айылдарында "Эскерүү багы" акциясы өтүп, жүздөгөн көчөт отургузулду Казак-кыргызга бирдей акын Мухтар Шаханов дүйнө салды Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин IX жыйыны өтүүдө. Алдыда кененирээк... Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин тогузунчу кеңешмеси башталды. Быйыл ШКУга Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Борбор калаага уюм өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлери жана делегациялары келип, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашууда. Жыйындын күн тартибинде бир катар темалар каралган, анын ичинде жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, тармактын кадрдык потенциалын чыңдоо, медициналык инфраструктураны жаңылоо, ошондой эле саламаттык сактоону санариптештирүү жана инновациялык технологияларды киргизүү бар.
Чүйдүн айылдарында "Эскерүү багы" акциясы өтүп, жүздөгөн көчөт отургузулду. Аталган эл аралык акция башталганын Россотрудничество өкүлчүлүгү билдирди. Иш-чаранын алкагында Беловодское айылындагы сейил бакка 150дөн ашык көчөт отургузулду. Ушундай эле акция Кант менен Чолпон-Атада да болду. Ага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык мекемелеринин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Россия элчиси кийинки муундарды, жаштарды тарыхты унутпоого, согуш маалында совет эли кандай сыноолорго туш болгонун жана кандай жамандыкты жеңгенин биле жүрүүгө чакырды. Акция дүйнө жүзү боюнча уюштурулуп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон ар бир адамдын элесине арнап 27 миллион дарак отургузууну көздөйт.
Казак-кыргызга бирдей акын Мухтар Шаханов дүйнө салды Казак элинин чыгаан акыны, жазуучусу, коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнө салды. Бул туурасында Казакстандын маданият министрлиги кабарлады. Ал кыргыз элине да таанымал инсан болгон. Кыргыздын үлкөн жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен калемдеш, сырдаш жан дос болгон. Андан сырткары, кыргызстандык маданият ишмерлери менен тыгыз байланышта, карым-катнашта жүрүп, эки элдин адабий байланышына көпүрөлүк милдетти аткарган. 1993-жылдан тартып Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын аркалап, ошол мезгилде ага Кыргыз эл акыны наамы берилген. Шаханов эмгек жолун 1961-жылы баштап, мезгилдүү басылмаларда эмгектенген. 1989-жылдан тарта СССРдин эл депутаты, ал эми 1991-жылы казак парламентинин депутаты болгон. Ал Казакстандын саясий окуяларына, улуттук позициясын талап кылган учурларга четте калбай аралашып турган.
Немис саясатчысы Германияны совет элин кырганын моюнга алууга чакырды Германиянын Сара Вагенкнехт биримдиги — Акыл-эстүүлүк жана адилеттүүлүк үчүн партиясынын тышкы саясат боюнча эксперти Севим Дагделен Германия бийлигин Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы совет элинин геноцид болгонун расмий таанууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Россияда 19-апрелде биринчи жолу Совет элинин геноцидинин курмандыктарын эскерүү күнү белгиленүүдө. "Федералдык өкмөт бул эскерүү күнүнө карата мындан ары унчукпай кутулбашы керек. Советтер Союзунун элин кырып-жоюуну геноцид деп расмий таанууга убакыт келип жетти", — деген Дагделен өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланган видеодо. Саясатчы 1941-1945-жылга чейинки мезгилде гитлерчилердин кылмыштарынын кесепетинен 27 миллиондон ашык советтик жаран каза болгонун, алардын басымдуу бөлүгү жай тургундар экенин эске салды. "Федералдык өкмөт тарабынан бул геноцидди расмий таануунун убакыт-сааты эчак эле келген", — деп Дагделен баса белгиледи.
Ардактуу угармандар, жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыз.Чүйдүн айылдарында "Эскерүү багы" акциясы өтүп, жүздөгөн көчөт отургузулду Казак-кыргызга бирдей акын Мухтар Шаханов дүйнө салды Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин IX жыйыны өтүүдө. Алдыда кененирээк... Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин тогузунчу кеңешмеси башталды. Быйыл ШКУга Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Борбор калаага уюм өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлери жана делегациялары келип, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашууда. Жыйындын күн тартибинде бир катар темалар каралган, анын ичинде жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, тармактын кадрдык потенциалын чыңдоо, медициналык инфраструктураны жаңылоо, ошондой эле саламаттык сактоону санариптештирүү жана инновациялык технологияларды киргизүү бар. Чүйдүн айылдарында "Эскерүү багы" акциясы өтүп, жүздөгөн көчөт отургузулду. Аталган эл аралык акция башталганын Россотрудничество өкүлчүлүгү билдирди. Иш-чаранын алкагында Беловодское айылындагы сейил бакка 150дөн ашык көчөт отургузулду. Ушундай эле акция Кант менен Чолпон-Атада да болду. Ага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык мекемелеринин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Россия элчиси кийинки муундарды, жаштарды тарыхты унутпоого, согуш маалында совет эли кандай сыноолорго туш болгонун жана кандай жамандыкты жеңгенин биле жүрүүгө чакырды. Акция дүйнө жүзү боюнча уюштурулуп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон ар бир адамдын элесине арнап 27 миллион дарак отургузууну көздөйт. Казак-кыргызга бирдей акын Мухтар Шаханов дүйнө салды Казак элинин чыгаан акыны, жазуучусу, коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнө салды. Бул туурасында Казакстандын маданият министрлиги кабарлады. Ал кыргыз элине да таанымал инсан болгон. Кыргыздын үлкөн жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен калемдеш, сырдаш жан дос болгон. Андан сырткары, кыргызстандык маданият ишмерлери менен тыгыз байланышта, карым-катнашта жүрүп, эки элдин адабий байланышына көпүрөлүк милдетти аткарган. 1993-жылдан тартып Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын аркалап, ошол мезгилде ага Кыргыз эл акыны наамы берилген. Шаханов эмгек жолун 1961-жылы баштап, мезгилдүү басылмаларда эмгектенген. 1989-жылдан тарта СССРдин эл депутаты, ал эми 1991-жылы казак парламентинин депутаты болгон. Ал Казакстандын саясий окуяларына, улуттук позициясын талап кылган учурларга четте калбай аралашып турган.Немис саясатчысы Германияны совет элин кырганын моюнга алууга чакырды Германиянын Сара Вагенкнехт биримдиги — Акыл-эстүүлүк жана адилеттүүлүк үчүн партиясынын тышкы саясат боюнча эксперти Севим Дагделен Германия бийлигин Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы совет элинин геноцид болгонун расмий таанууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Россияда 19-апрелде биринчи жолу Совет элинин геноцидинин курмандыктарын эскерүү күнү белгиленүүдө. "Федералдык өкмөт бул эскерүү күнүнө карата мындан ары унчукпай кутулбашы керек. Советтер Союзунун элин кырып-жоюуну геноцид деп расмий таанууга убакыт келип жетти", — деген Дагделен өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланган видеодо. Саясатчы 1941-1945-жылга чейинки мезгилде гитлерчилердин кылмыштарынын кесепетинен 27 миллиондон ашык советтик жаран каза болгонун, алардын басымдуу бөлүгү жай тургундар экенин эске салды. "Федералдык өкмөт тарабынан бул геноцидди расмий таануунун убакыт-сааты эчак эле келген", — деп Дагделен баса белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/14/1100882201_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_057dfe4e3dccd46008065af1ef7dafcf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио