https://sputnik.kg/20260418/1100857475.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышты. ТИМден билдиришкендей... 18.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-18T13:00+0600
2026-04-18T13:00+0600
2026-04-18T13:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/12/1100857309_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8e89e5e924693de34ff66ece7d1bd576.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышты. ТИМден билдиришкендей, жыйын Москва шаарында уюмдун 35 жылдыгынын алкагында өттү. Отурумдун жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын ортосунда кеңири жана конструктивдүү диалог уюшулуп, анын алкагында тараптар эл аралык күн тартибинин жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин кеңири талкуулашты. Учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерине өзгөчө көңүл бурулду. Талкуулоо кеңири чөйрөдөгү темалар тууралуу позицияларды салыштырууга, учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашууга жана баа берүүгө, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон багыттарын белгилөөгө мүмкүндүк берди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КМШнын жогорку органдарынын кароосуна киргизиле турган бир катар документтердин долбоорлорун жактырышты, шериктештиктин алкагында үзгүлтүксүз диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана өнөктөштүктү тереңдетүүгө умтуларын ырасташты. Мындан тышкары, КМШнын ТИМК кезектеги жыйынын 2026-жылдын октябрь айында Түркмөнстандын “Аваза” улуттук туристтик зонасында өткөрүү чечими кабыл алынды.
Нарындын Кочкор районунда күн электр станциясынын курулушу башталып, кийинки жылдан тарта электр энергиясы өндүрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.Ведомство башчысы Таалайбек Ибраев АКШга болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын вице-президенти жана финансы директору Жон Гандольфо менен жолугуп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (ГЧП) менен ишке ашырылып жаткан "Кыргыз күн электр станциясы" пилоттук долбоорунун жүрүшүн талкуулаган. "Нарын облусунун Кочкор районундагы Коңорчок тилкесинде курула турган бул станция өлкөдө кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Долбоордун негизги өзгөчөлүгү — эң төмөнкү тариф сунуштаган инвесторду ачык конкурс аркылуу тандалып алынганында. Учурда киловатт саатына 4,1 цент сунуштаган China Power компаниясы менен макулдашуу түзүлдү. Курулуш 2026-жылы башталып, 2027-жылы ишке берилет", — деп айтылат маалыматта. Жолугушууда долбоордун экинчи раунду болгон Талас жана Баткен облустарында жаңы күн электр станцияларын куруу пландары да талкууланды. Министрлик Дүйнөлүк банк буга чейин да Энергетика министрлиги менен биргеликте бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошуп келерин кошумчалады.
АКШнын Россия мунайын сатуу боюнча лицензиянын мөөнөтүн узартышы согушка ыктаган Евробиримдик менен Улуу Британиянын түн уйкусун бузары шексиз. Мындай пикирин РФ президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Россия АКШ менен экономикалык жана энергетикалык маселелер боюнча алакасын улантууда. Дмитриев россиялык мунай менен газдын дүйнөлүк экономика үчүн мааниси канчалык экенин түшүнгөндөр барган сайын көбөйүп жатканын, алардын ичинде Кошмо Штаттар да бар экенин белгилеген. Президенттин өкүлү Россияга каршы санкциялардын майнабы жок экенин да кошумчалады. Эскерте кетсек, АКШнын Финансы министрлиги россиялык нефтини сатуу боюнча лицензияны узартып, 17-апрелге чейин танкерлерге жүктөлгөн сырьего санкцияларды алды. Уруксат 16 майга чейин күчүндө болмокчу.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышты. ТИМден билдиришкендей, жыйын Москва шаарында уюмдун 35 жылдыгынын алкагында өттү. Отурумдун жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын ортосунда кеңири жана конструктивдүү диалог уюшулуп, анын алкагында тараптар эл аралык күн тартибинин жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин кеңири талкуулашты. Учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерине өзгөчө көңүл бурулду. Талкуулоо кеңири чөйрөдөгү темалар тууралуу позицияларды салыштырууга, учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашууга жана баа берүүгө, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон багыттарын белгилөөгө мүмкүндүк берди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КМШнын жогорку органдарынын кароосуна киргизиле турган бир катар документтердин долбоорлорун жактырышты, шериктештиктин алкагында үзгүлтүксүз диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана өнөктөштүктү тереңдетүүгө умтуларын ырасташты. Мындан тышкары, КМШнын ТИМК кезектеги жыйынын 2026-жылдын октябрь айында Түркмөнстандын “Аваза” улуттук туристтик зонасында өткөрүү чечими кабыл алынды.Нарындын Кочкор районунда күн электр станциясынын курулушу башталып, кийинки жылдан тарта электр энергиясы өндүрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.Ведомство башчысы Таалайбек Ибраев АКШга болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын вице-президенти жана финансы директору Жон Гандольфо менен жолугуп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (ГЧП) менен ишке ашырылып жаткан "Кыргыз күн электр станциясы" пилоттук долбоорунун жүрүшүн талкуулаган. "Нарын облусунун Кочкор районундагы Коңорчок тилкесинде курула турган бул станция өлкөдө кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Долбоордун негизги өзгөчөлүгү — эң төмөнкү тариф сунуштаган инвесторду ачык конкурс аркылуу тандалып алынганында. Учурда киловатт саатына 4,1 цент сунуштаган China Power компаниясы менен макулдашуу түзүлдү. Курулуш 2026-жылы башталып, 2027-жылы ишке берилет", — деп айтылат маалыматта. Жолугушууда долбоордун экинчи раунду болгон Талас жана Баткен облустарында жаңы күн электр станцияларын куруу пландары да талкууланды. Министрлик Дүйнөлүк банк буга чейин да Энергетика министрлиги менен биргеликте бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошуп келерин кошумчалады.АКШнын Россия мунайын сатуу боюнча лицензиянын мөөнөтүн узартышы согушка ыктаган Евробиримдик менен Улуу Британиянын түн уйкусун бузары шексиз. Мындай пикирин РФ президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Россия АКШ менен экономикалык жана энергетикалык маселелер боюнча алакасын улантууда. Дмитриев россиялык мунай менен газдын дүйнөлүк экономика үчүн мааниси канчалык экенин түшүнгөндөр барган сайын көбөйүп жатканын, алардын ичинде Кошмо Штаттар да бар экенин белгилеген. Президенттин өкүлү Россияга каршы санкциялардын майнабы жок экенин да кошумчалады. Эскерте кетсек, АКШнын Финансы министрлиги россиялык нефтини сатуу боюнча лицензияны узартып, 17-апрелге чейин танкерлерге жүктөлгөн сырьего санкцияларды алды. Уруксат 16 майга чейин күчүндө болмокчу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/12/1100857309_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a3189bf7c6d101dc73e8f0a26cd89f4d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио