Касымалиев Айыл чарба министрлигине 63 техника тапшырды. Сүрөт
Касымалиев Айыл чарба министрлигине 63 техника тапшырды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 63 даана... 08.04.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын тапшырды. Өкмөттөн билидиришкендей, 40 техника мамлекеттик бюджеттин эсебинен 128 миллион сомго сатып алынды. Калган 23 техниканы эл аралык уюмдар каржылаган. Техника министрликтин райондук суу чарба башкармалыктарына берилет. Касымалиев өлкө жетекчилиги ирригация тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. 2026-жылга чейин 5 270 гектар аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу пландалууда. Президенттин тапшырмасына ылайык, 2030-жылга чейин мындай системаларды 200 миң гектар жерге киргизүү милдети коюлган.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын тапшырды.
Техника министрликтин райондук суу чарба башкармалыктарына берилет
Өкмөттөн билидиришкендей, 40 техника мамлекеттик бюджеттин эсебинен 128 миллион сомго сатып алынды. Калган 23 техниканы эл аралык уюмдар каржылаган. Техника министрликтин райондук суу чарба башкармалыктарына берилет.
Касымалиев өлкө жетекчилиги ирригация тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
"2021-2025-жылдары республикалык бюджеттен Суу ресурстары кызматына 21,4 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражат ирригациялык объектилерди тейлөөгө, каналдарды оңдоого жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жумшалган. Ошондой эле акыркы беш жылда 270 даана жаңы техника алынды", — деди өкмөт башчы.
2026-жылга чейин 5 270 гектар аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу пландалууда. Президенттин тапшырмасына ылайык, 2030-жылга чейин мындай системаларды 200 миң гектар жерге киргизүү милдети коюлган.