https://sputnik.kg/20260327/asylbek-ozubekov-teatr-100zhyl-1100475171.html
Маданият майданындагы 100 жыл: Кыргыз драма театрынын азыркысы жана эртеңи
Маданият майданындагы 100 жыл: Кыргыз драма театрынын азыркысы жана эртеңи
Sputnik Кыргызстан
100 жылдык тарыхы бар Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры — өлкөдөгү театрлардын көч башы. Бул арада маданиятыбызды дүйнөгө даңазалаган... 27.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-27T16:41+0600
2026-03-27T16:41+0600
2026-03-27T16:55+0600
кыргызстан
маданият
кыргыз улуттук академиялык драма театры
асылбек өзүбеков
спектакль
100 жылдык
https://sputnik.kg/img/103037/25/1030372534_0:265:5047:3104_1920x0_80_0_0_6e6e94362536c439566a51a697229668.jpg
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын директору, Кыргыз эл артисти Асылбек Өзүбеков болду. Биз маданият тармагындагы театрлардын абалы жана улуттук театрдын 100 жылдык мааракесине болгон даярдык тууралуу баарлаштык. — Быйыл өлкөдөгү театрлардын көч башы аталган Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры 100 жылдыгын белгилегени турат. Алгач театрдын тарыхына кайрылсак... — 1926-жылы Совет өлкөсү түптөлүп, автономдуу республика катары ошол учурда большевиктик партиянын чечими менен Кыргыз АССРинде европалык типтеги кыргыз театрын негиздөө чечими кабыл алынган экен. Ошол замат Ташкентте иштеп турган режиссёр, ырчы, актёр Николай Еленинди Кыргызстанга алып келишкен. Ал командасы менен келип, таланттуу жаштарды издеп, жарыя менен 70ке жакын улан-кыз сынакка катышып, анын 20сын тандап алышат. Алгачкы театрдын артисттери: Аманкул Куттубаев, Абдылас Малдыбаев, Өмүркул Жетикашкаев, Абылгазы Айбашев, Алжан Сарыбагышев, Шамшы Түмөнбаевдер болгон. 1927-жылы Ашыраалы Боталиев, Касымалы Жантөшев, Анвар Куттубаева, Мураталы Күрөңкөевдер келет. Ошол кездеги түптөлгөн театралдык студия өнүгүп, бүгүнкү күндөгү 22ге жакын театрдын, бир катар маданият ордосунун башаты болуп отурат. Театрдын азыркы имараты 1970-жылы ишке берилген. 1997-жылы театрга көрүнүктүү драматург Токтоболот Абдумомуновдун ысымы ыйгарылса, 2000-жылы президенттин жарлыгы менен улуттук деген макам берилген. Студиянын түптөлгөн күнү 1926-жылдын 2-ноябры болгондуктан, бул күндү Маданият күнү катары белгилеп жүрөбүз. Ал эми кыргыздын алгачкы драмасы, жаш калемгер Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какейи" 1927-жылы коюлган экен. Кыргыз драматургиясынын башаты да ушул "Кайгылуу Какей" драмасы деп билебиз. Буюрса, 2026-жылдын 2-ноябрында театрдын 100 жылдыгын ири масштабда белгилесек деп турабыз. — Даярдыктар башталды да? — Ооба, Маданият министрлиги менен чогуу иш алып барып жатабыз. Буюрса, китеп чыгарабыз. Бул жыл өзүбүз үчүн өзгөчө болгондуктан "биздин жыл" деп өрөпкүп, сүйүнүп турган чагыбыз. Учурда Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" спектаклинин бет ачарын жасап, апрелде эскерүү уюштуралы деп турабыз. Мындан тышкары, 100 жылдыкка карата Россияда, коңшу мамлекеттерде эмгектенип жүргөн режиссёр Улан Баялиев менен сүйлөшүп, "Кагылайын Манасым" деген болжолдуу аталыштагы сценарийди түзүп жатабыз. Сценарийдин үстүнөн белгилүү театр сынчысы, драматург Жаныш Кулмамбетов менен Улан Баялиев иштешүүдө. Москвага чейин барып режиссер менен кеңешип келишти. Былтыр Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата жетишпей калдык эле, быйыл Улан Карыпбаевдин режиссёрлугу менен "Алыкул" спектакли аркылуу анын жашоосун, поэзиясын сахнага алып чыгабыз. Аксакал режиссёрубуз Мелис Шаршенбаев өзүнүн 80 жылдыгына карата Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жаштарга арнап "Осуят" деген спектаклди даярдап жатат. Дагы бир россиялык режиссёр менен иштешип, дүйнөлүк классиктерден Шекспирдин "12-түн" аттуу комедиясын сахналаштырып, масштабдуу жаркыраган спектакль коюу планыбыз бар. Театрга 60 жылдык өмүрүн арнаган, 85 жашка чыкса да ушул кезге чейин сахнада ойноп жүргөн мыкты актёрубуз Нуркан Турсунбаевдин юбилейине карата Азиз Несиндин мыкты комедиясын алып, Тынара Абдыразаева, Нуркан Турсунбаев, Сайра Мырзалиевалар кызыктуу бир спектаклди даярдап жатышат. Апрелде мунун да премьерасын тартуулайбыз. Ошону менен катар Нуркан Турсунбаевдин 85 жылдыгына карата чыгармачылык жумалыгын өткөрүп, жалаң ал киши катышкан спектаклдер көрсөтүлөт. — "Жүз жылдыкка жүз залкар" аттуу видеотүрмөк даярдап, ага театрдын учурдагы залкарлары тартылып, социалдык тармактан биз да көрүп жаттык. Чындыгында ар бир таланттын тагдыры театрдын тарыхы менен жуурулушкан эмеспи... — Бул долбоор адабий бөлүмүбүздө эмгектенген таланттуу кызыбыз Нуркыз Рыскул кызынын демилгеси менен ишке ашты. Музейлерди да иретке келтирип жатат. Ар бир нерсенин башаты кыйынчылыктар менен коштолот. Залкарларыбыз көп тоскоолдуктан, сыноолордон өтүп, куттуу маданий очогубузду өркүндөтүп отуруп бизге жеткирген эмеспи. Эми баарын эскеребиз. Ар бири тууралуу сюжеттерди жасоо иши көркөм кеңешке кирген. Театрдын көркөм жетекчиси менен кеңешип, күнүнө ар бир спектаклдин башталышында 3-4 залкарды LED-экрандан көрсөтүп, алардын театрга кошкон зор салымын эскермекчибиз. — Быйылкы белгилүү датага карай репертуарлар да бир жаңыланса керек... — Негизи репертуарга байбыз, учурда көрсөтүлүп жаткан мыкты, актуалдуу 35 спектаклибиз бар. Жыл сайын 5-6 спектакль кошулуп турат. Эскилерин көркөм кеңеш менен сүйлөшүп, четтетип, улам жаңылары менен толуктап турабыз. Эки-үч жылдан бери мамлекет тарабынан маданият тармагына каржылоо абдан жакшы болуп жатат. Мурда спектаклди өз каражатыбызга эптеп койчубуз. Азыр театрдын көркөм кеңешинен өткөн спектаклдердин сметасын түзүп өкмөткө кайрылсак, акчасын толук берип жатат. Ошондой эле республика ичиндеги гастролдордун чыгымын да көтөрүп берип жатат. Керектүү жабдыктарды алдык. Мисалы, үн күчөткүчтөрдүн алмашпаганына 20-25 жыл болуп калган экен. Аны менен кошо "прожекторлоруңарды да жаңыртып алгыла" деп акча беришти. Эски жабдыктарды толук жаңырттык, эми монтаждоо иштери башталганы турат. Биз гана эмес, Опера жана балет театрына, филармонияга да каражат бөлүндү. Музыкалык мектептер, облустук театрлар да четте калган жок. Эми бир гана иштешибиз керек. Облустук театрларда жандануу байкалды. Фестивалдар өтүүдө. Былтыр Уланмырза Карыпбаев койгон "Эне" спектакли менен республикалык фестивалда башкы орунду жеңип алдык. Аны менен коңшу Казакстандын бир катар шаарларын кыдырып келдик. Театр башка өлкөнүн таланттары менен аралашып, алардын тажырыйбасын да көрүшү керек. Мурда чыгымдарыбыздын баары театрдын атайын эсебинен жүргүзүлчү, анын 30 пайызы сый акыга берилчү. Былтыр театрлардын атайын эсеби өздөрүндө калып, анын 70 пайызга жакыны мыкты артисттерге сый акыга берилиши керектиги тууралуу токтом токуп беришкен. Бул да жакшы шарт. Маданият кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көтөрүлүшү керектигин айткан президенттин сөзүн кубануу менен кабыл алдык. Эми апрелди күтүп жатабыз. Техникалык, тейлөө кызматында иштеген кесиптештерибиз бар. Алардын айлыктары 10 миңден 15 миң сомго чейин, ал эми 40-50 жаштын ортосундагы кино менен театрда мыкты ролдорду жаратып жүргөн актёрлордун айлыгы 20 миң сом. Фанаттар гана баарына чыдап иштешет экен. — Ар бир спектаклди сахнага алып чыгарда кийимдер тигилип, сахна декорацияланат эмеспи. Даярдык иштерине театрдын шарты кандай? — Ар бир пьесаны сахнага чыгарганга чейинки жумуштар баары орду менен чечилген. Себеби план убагы менен аткарылышы керек. Бизди күткөн эл бар. Ар бир эмгегибиздин элге жакканы — акыбетибиздин кайтканы. Бул бизди сүйүндүрүп, шык берип турат. Илгертеден кийим тигүүчү цехибиз, сахна артында эмгектенген кызматкерлерибиз да бар. Бир иш башталганда бизди тендер бир аз кармап келген. Аны өзгөртүү боюнча президент кол койду болушу керек, бирок азырынча бизге жоболору келе элек. Тендер маданият тармагына оор болот экен. Баарын бир штамп менен кетиргидей кирпич чыгарган завод болбогондон кийин көп нюанстары бар. Ошол эле пьесанын кийимин тигүү үчүн бирине ак, бирине сары көйнөк, өтүгү, жип-шуусу бар. Анын баарын тендерге жарыялайсың. Бизге жөнөкөй лампалар жарабайт. Чет мамлекеттерден келген прожекторлордун лампалары такыр башка болот. Түтүн чыгаргычыбыз бар. Аны тендерге катышкандар түшүнбөй такыр бөлөк нерсени алып келип коёт. Кайра ызылдашып, эптеп түшүнүшөбүз. Кыскасы, түйшүгү, убарасы көп. Спектакль үчүн жөнөкөй алма же суу керек болуп калат. Аны тендер аркылуу албасаң, текшерүүчүлөр келет. Же аларга түшүндүрө албайбыз. Эми кандай болсо да артисттерге жана көрүүчүлөргө шарт түзүп, эмгектенүү керек. — Быйыл да өлкө ичинде гастролдорго чыгасыздарбы? — Мурдараак түштүк аймакты төрт-беш спектакль менен кыдырганбыз. Баткен, Алай, Жалал-Абадга чейин барганбыз. Быйыл бир катар спектаклдерибизди алып, Таласты кыдырсак деп турабыз. Мындан тышкары, Манас шаарына да чоң форматтагы гастролдук сапар күтүлүүдө. Азыр артисттерибиз Чүйдүн айылдарын кыдырып, драма, комедия жанрындагы спектаклдерди коюп келип жатышат. Айылдарда да маданият үйлөрүнүн шарты жакшырган. — Чет өлкөлүк режиссёрлор менен да иштешүүнү жандантып жаткандайсыздар. Бул эми артисттер үчүн мастер-класс, театр аралык тажырыйба алмашуу эмеспи... — Жаңы, чет өлкөлүк режиссёр артисттерге да кызыктуу. Себеби манера, аткаруу, талап, ролдун баары башкача. Мындан улам башкача форматтагы спектаклдер пайда болот. Өзүнчө эле тажырыйба алмашуу, жаңы мектептен өткөндөй болот. Буюрса, пландар бар. — Илгертен өнөр ээлерин эл баккан дейт, азыркыча айтканда, мамлекет кам көрүп, алардын маданият үчүн иштешине шарт түзүү зарыл. Үйү жок артисттер көп. МИК аркылуубу же башка жол мененби, аларга үй куруп берүү демилгесин министрликке сунуштап көрдүңүздөрбү? — Өнөр ар бир эле адамга бериле бербейт экен. Кудурет даарып, таланты менен чыгармачылык дүйнөгө келип калгандар чынында саналуу. Илгертен бери эле мыкты өнөрпоздор эл арасынан суурулуп чыккан эмеспи. Бардык дараметин, убактысын театрга арнап, ишин ушунчалык сүйүп, материалдык дүйнөгө көп малына бербеген артисттерибиз көп. Алар — кесибинин патриоттору. Жогорку Кеңеште да бул маселени көтөргөн Махабат Мавляновага рахмат. 1970-жылдары театрга чарбалык буюмдарды сактоого берилген кампа бар. Ал азыр да мэриянын балансында турат. Ошол кампада спектаклдерге керектүү буюм-теримибиз сакталат. Кампасына аргасыз илгертеден эле жаңы келген артисттерди эптеп бир бөлмөсүн актап, киргизип, "бизге иштеп эле бер" деп берип келгенбиз. Учурда ошол жерде таланттуу балдарыбыз жашап жатышат. "Ушул жерди театрга эле берип койгулачы" деп мэрияга кайрылып келе жатканыбызга көп болду. Артисттерибизге көп кабаттуу үй туруп калса деген тилегибиз бар. Мамлекет менен инвесторлордун жеке өнөктөштүгүнүн аркасында үй салынып, артисттерге үй берилип калса жаманбы. Бирок мэрия баш тартып койду. Ошону менен токтоп калдык.
https://sputnik.kg/20260308/bekin-seydakmatovdu-eskeruu-1100098826.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103037/25/1030372534_278:0:4770:3369_1920x0_80_0_0_adcfc80822723986cf334cd41c9d683e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, маданият, кыргыз улуттук академиялык драма театры, асылбек өзүбеков, спектакль, 100 жылдык
кыргызстан, маданият, кыргыз улуттук академиялык драма театры, асылбек өзүбеков, спектакль, 100 жылдык
Маданият майданындагы 100 жыл: Кыргыз драма театрынын азыркысы жана эртеңи
16:41 27.03.2026 (Жаңыртылды: 16:55 27.03.2026) 100 жылдык тарыхы бар Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры — өлкөдөгү театрлардын көч башы. Бул арада маданиятыбызды дүйнөгө даңазалаган мыкты спектаклдер жаралып, өмүрүн сахнага, өнөргө арнаган кандай гана залкарлар чыкпады. Мунун баары — тарых.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын директору, Кыргыз эл артисти Асылбек Өзүбеков болду. Биз маданият тармагындагы театрлардын абалы жана улуттук театрдын 100 жылдык мааракесине болгон даярдык тууралуу баарлаштык.
— Быйыл өлкөдөгү театрлардын көч башы аталган Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры 100 жылдыгын белгилегени турат. Алгач театрдын тарыхына кайрылсак...
— 1926-жылы Совет өлкөсү түптөлүп, автономдуу республика катары ошол учурда большевиктик партиянын чечими менен Кыргыз АССРинде европалык типтеги кыргыз театрын негиздөө чечими кабыл алынган экен. Ошол замат Ташкентте иштеп турган режиссёр, ырчы, актёр Николай Еленинди Кыргызстанга алып келишкен. Ал командасы менен келип, таланттуу жаштарды издеп, жарыя менен 70ке жакын улан-кыз сынакка катышып, анын 20сын тандап алышат. Алгачкы театрдын артисттери: Аманкул Куттубаев, Абдылас Малдыбаев, Өмүркул Жетикашкаев, Абылгазы Айбашев, Алжан Сарыбагышев, Шамшы Түмөнбаевдер болгон. 1927-жылы Ашыраалы Боталиев, Касымалы Жантөшев, Анвар Куттубаева, Мураталы Күрөңкөевдер келет. Ошол кездеги түптөлгөн театралдык студия өнүгүп, бүгүнкү күндөгү 22ге жакын театрдын, бир катар маданият ордосунун башаты болуп отурат.
Театрдын азыркы имараты 1970-жылы ишке берилген. 1997-жылы театрга көрүнүктүү драматург Токтоболот Абдумомуновдун ысымы ыйгарылса, 2000-жылы президенттин жарлыгы менен улуттук деген макам берилген. Студиянын түптөлгөн күнү 1926-жылдын 2-ноябры болгондуктан, бул күндү Маданият күнү катары белгилеп жүрөбүз. Ал эми кыргыздын алгачкы драмасы, жаш калемгер Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какейи" 1927-жылы коюлган экен. Кыргыз драматургиясынын башаты да ушул "Кайгылуу Какей" драмасы деп билебиз. Буюрса, 2026-жылдын 2-ноябрында театрдын 100 жылдыгын ири масштабда белгилесек деп турабыз.
— Даярдыктар башталды да?
— Ооба, Маданият министрлиги менен чогуу иш алып барып жатабыз. Буюрса, китеп чыгарабыз. Бул жыл өзүбүз үчүн өзгөчө болгондуктан "биздин жыл" деп өрөпкүп, сүйүнүп турган чагыбыз.
Учурда Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" спектаклинин бет ачарын жасап, апрелде эскерүү уюштуралы деп турабыз. Мындан тышкары, 100 жылдыкка карата Россияда, коңшу мамлекеттерде эмгектенип жүргөн режиссёр Улан Баялиев менен сүйлөшүп, "Кагылайын Манасым" деген болжолдуу аталыштагы сценарийди түзүп жатабыз. Сценарийдин үстүнөн белгилүү театр сынчысы, драматург Жаныш Кулмамбетов менен Улан Баялиев иштешүүдө. Москвага чейин барып режиссер менен кеңешип келишти. Былтыр Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата жетишпей калдык эле, быйыл Улан Карыпбаевдин режиссёрлугу менен "Алыкул" спектакли аркылуу анын жашоосун, поэзиясын сахнага алып чыгабыз. Аксакал режиссёрубуз Мелис Шаршенбаев өзүнүн 80 жылдыгына карата Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жаштарга арнап "Осуят" деген спектаклди даярдап жатат. Дагы бир россиялык режиссёр менен иштешип, дүйнөлүк классиктерден Шекспирдин "12-түн" аттуу комедиясын сахналаштырып, масштабдуу жаркыраган спектакль коюу планыбыз бар. Театрга 60 жылдык өмүрүн арнаган, 85 жашка чыкса да ушул кезге чейин сахнада ойноп жүргөн мыкты актёрубуз Нуркан Турсунбаевдин юбилейине карата Азиз Несиндин мыкты комедиясын алып, Тынара Абдыразаева, Нуркан Турсунбаев, Сайра Мырзалиевалар кызыктуу бир спектаклди даярдап жатышат. Апрелде мунун да премьерасын тартуулайбыз. Ошону менен катар Нуркан Турсунбаевдин 85 жылдыгына карата чыгармачылык жумалыгын өткөрүп, жалаң ал киши катышкан спектаклдер көрсөтүлөт.
— "Жүз жылдыкка жүз залкар" аттуу видеотүрмөк даярдап, ага театрдын учурдагы залкарлары тартылып, социалдык тармактан биз да көрүп жаттык. Чындыгында ар бир таланттын тагдыры театрдын тарыхы менен жуурулушкан эмеспи...
— Бул долбоор адабий бөлүмүбүздө эмгектенген таланттуу кызыбыз Нуркыз Рыскул кызынын демилгеси менен ишке ашты. Музейлерди да иретке келтирип жатат. Ар бир нерсенин башаты кыйынчылыктар менен коштолот. Залкарларыбыз көп тоскоолдуктан, сыноолордон өтүп, куттуу маданий очогубузду өркүндөтүп отуруп бизге жеткирген эмеспи. Эми баарын эскеребиз. Ар бири тууралуу сюжеттерди жасоо иши көркөм кеңешке кирген. Театрдын көркөм жетекчиси менен кеңешип, күнүнө ар бир спектаклдин башталышында 3-4 залкарды LED-экрандан көрсөтүп, алардын театрга кошкон зор салымын эскермекчибиз.
— Быйылкы белгилүү датага карай репертуарлар да бир жаңыланса керек...
— Негизи репертуарга байбыз, учурда көрсөтүлүп жаткан мыкты, актуалдуу 35 спектаклибиз бар. Жыл сайын 5-6 спектакль кошулуп турат. Эскилерин көркөм кеңеш менен сүйлөшүп, четтетип, улам жаңылары менен толуктап турабыз. Эки-үч жылдан бери мамлекет тарабынан маданият тармагына каржылоо абдан жакшы болуп жатат. Мурда спектаклди өз каражатыбызга эптеп койчубуз. Азыр театрдын көркөм кеңешинен өткөн спектаклдердин сметасын түзүп өкмөткө кайрылсак, акчасын толук берип жатат. Ошондой эле республика ичиндеги гастролдордун чыгымын да көтөрүп берип жатат. Керектүү жабдыктарды алдык. Мисалы, үн күчөткүчтөрдүн алмашпаганына 20-25 жыл болуп калган экен. Аны менен кошо "прожекторлоруңарды да жаңыртып алгыла" деп акча беришти. Эски жабдыктарды толук жаңырттык, эми монтаждоо иштери башталганы турат. Биз гана эмес, Опера жана балет театрына, филармонияга да каражат бөлүндү. Музыкалык мектептер, облустук театрлар да четте калган жок. Эми бир гана иштешибиз керек.
Облустук театрларда жандануу байкалды. Фестивалдар өтүүдө. Былтыр Уланмырза Карыпбаев койгон "Эне" спектакли менен республикалык фестивалда башкы орунду жеңип алдык. Аны менен коңшу Казакстандын бир катар шаарларын кыдырып келдик. Театр башка өлкөнүн таланттары менен аралашып, алардын тажырыйбасын да көрүшү керек. Мурда чыгымдарыбыздын баары театрдын атайын эсебинен жүргүзүлчү, анын 30 пайызы сый акыга берилчү. Былтыр театрлардын атайын эсеби өздөрүндө калып, анын 70 пайызга жакыны мыкты артисттерге сый акыга берилиши керектиги тууралуу токтом токуп беришкен. Бул да жакшы шарт. Маданият кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көтөрүлүшү керектигин айткан президенттин сөзүн кубануу менен кабыл алдык. Эми апрелди күтүп жатабыз. Техникалык, тейлөө кызматында иштеген кесиптештерибиз бар. Алардын айлыктары 10 миңден 15 миң сомго чейин, ал эми 40-50 жаштын ортосундагы кино менен театрда мыкты ролдорду жаратып жүргөн актёрлордун айлыгы 20 миң сом. Фанаттар гана баарына чыдап иштешет экен.
— Ар бир спектаклди сахнага алып чыгарда кийимдер тигилип, сахна декорацияланат эмеспи. Даярдык иштерине театрдын шарты кандай?
— Ар бир пьесаны сахнага чыгарганга чейинки жумуштар баары орду менен чечилген. Себеби план убагы менен аткарылышы керек. Бизди күткөн эл бар. Ар бир эмгегибиздин элге жакканы — акыбетибиздин кайтканы. Бул бизди сүйүндүрүп, шык берип турат. Илгертеден кийим тигүүчү цехибиз, сахна артында эмгектенген кызматкерлерибиз да бар. Бир иш башталганда бизди тендер бир аз кармап келген. Аны өзгөртүү боюнча президент кол койду болушу керек, бирок азырынча бизге жоболору келе элек. Тендер маданият тармагына оор болот экен. Баарын бир штамп менен кетиргидей кирпич чыгарган завод болбогондон кийин көп нюанстары бар. Ошол эле пьесанын кийимин тигүү үчүн бирине ак, бирине сары көйнөк, өтүгү, жип-шуусу бар. Анын баарын тендерге жарыялайсың. Бизге жөнөкөй лампалар жарабайт. Чет мамлекеттерден келген прожекторлордун лампалары такыр башка болот. Түтүн чыгаргычыбыз бар. Аны тендерге катышкандар түшүнбөй такыр бөлөк нерсени алып келип коёт. Кайра ызылдашып, эптеп түшүнүшөбүз. Кыскасы, түйшүгү, убарасы көп. Спектакль үчүн жөнөкөй алма же суу керек болуп калат. Аны тендер аркылуу албасаң, текшерүүчүлөр келет. Же аларга түшүндүрө албайбыз. Эми кандай болсо да артисттерге жана көрүүчүлөргө шарт түзүп, эмгектенүү керек.
— Быйыл да өлкө ичинде гастролдорго чыгасыздарбы?
— Мурдараак түштүк аймакты төрт-беш спектакль менен кыдырганбыз. Баткен, Алай, Жалал-Абадга чейин барганбыз. Быйыл бир катар спектаклдерибизди алып, Таласты кыдырсак деп турабыз. Мындан тышкары, Манас шаарына да чоң форматтагы гастролдук сапар күтүлүүдө. Азыр артисттерибиз Чүйдүн айылдарын кыдырып, драма, комедия жанрындагы спектаклдерди коюп келип жатышат. Айылдарда да маданият үйлөрүнүн шарты жакшырган.
— Чет өлкөлүк режиссёрлор менен да иштешүүнү жандантып жаткандайсыздар. Бул эми артисттер үчүн мастер-класс, театр аралык тажырыйба алмашуу эмеспи...
— Жаңы, чет өлкөлүк режиссёр артисттерге да кызыктуу. Себеби манера, аткаруу, талап, ролдун баары башкача. Мындан улам башкача форматтагы спектаклдер пайда болот. Өзүнчө эле тажырыйба алмашуу, жаңы мектептен өткөндөй болот. Буюрса, пландар бар.
— Илгертен өнөр ээлерин эл баккан дейт, азыркыча айтканда, мамлекет кам көрүп, алардын маданият үчүн иштешине шарт түзүү зарыл. Үйү жок артисттер көп. МИК аркылуубу же башка жол мененби, аларга үй куруп берүү демилгесин министрликке сунуштап көрдүңүздөрбү?
— Өнөр ар бир эле адамга бериле бербейт экен. Кудурет даарып, таланты менен чыгармачылык дүйнөгө келип калгандар чынында саналуу. Илгертен бери эле мыкты өнөрпоздор эл арасынан суурулуп чыккан эмеспи. Бардык дараметин, убактысын театрга арнап, ишин ушунчалык сүйүп, материалдык дүйнөгө көп малына бербеген артисттерибиз көп. Алар — кесибинин патриоттору. Жогорку Кеңеште да бул маселени көтөргөн Махабат Мавляновага рахмат. 1970-жылдары театрга чарбалык буюмдарды сактоого берилген кампа бар. Ал азыр да мэриянын балансында турат. Ошол кампада спектаклдерге керектүү буюм-теримибиз сакталат. Кампасына аргасыз илгертеден эле жаңы келген артисттерди эптеп бир бөлмөсүн актап, киргизип, "бизге иштеп эле бер" деп берип келгенбиз. Учурда ошол жерде таланттуу балдарыбыз жашап жатышат. "Ушул жерди театрга эле берип койгулачы" деп мэрияга кайрылып келе жатканыбызга көп болду. Артисттерибизге көп кабаттуу үй туруп калса деген тилегибиз бар. Мамлекет менен инвесторлордун жеке өнөктөштүгүнүн аркасында үй салынып, артисттерге үй берилип калса жаманбы. Бирок мэрия баш тартып койду. Ошону менен токтоп калдык.