https://sputnik.kg/20260213/kyzyl-armiya-budapeshtti-kaarmandyk-menen-boshotkon-1099728159.html
Кызыл армия Будапештти каармандык менен бошоткон. Видео
Кызыл армия Будапештти каармандык менен бошоткон. Видео
Sputnik Кыргызстан
Бул сапар Венгриянын борборун баскынчылардан арылтуу кандай жүргөнүн баяндап бермекчибиз. 13.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-13T20:05+0600
2026-02-13T20:05+0600
2026-02-13T20:05+0600
ссср
улуу ата мекендик согуш
советтик аскерлер
венгрия
бошотуу
https://sputnik.kg/img/07ea/02/0d/1099727781_0:264:2705:1786_1920x0_80_0_0_82aa9c6a306edc4adc5109ad0035195d.jpg
Тарыхты барактасак, 1945-жылдын 13-февралында Кызыл армия Будапештти каармандык менен бошоткон. Советтик армия бошоткон аймактардын ичинен Будапешт шаары кармаштын узактыгы боюнча биринчи орунга чыккан. Ошол кезде Гитлердин Будапештти кандай жол менен болсо да кармап турушубуз керек деген буйругу жарыяланган. Венгриянын калган бөлүгү нефтиден улам немецтерге керек болсо, ал эми Будапешт өнөр жай шаары эле. Албетте, баш калаанын аскердик жана саясий жактан алганда да өзгөчө орду болгон. Немецтер курчоодон калган Будапешттин ичине кириш үчүн бир нече ирет аракет кылган... Будапештти камалоо. Венгриянын борборундагы ар бир үй чепке, ал эми кварталдар бастиондорго айланган. Коргонууга немецтер баарын, анын ичинде "Кайчылашкан жебелер" деп аталган жергиликтүү нацисттик партияга киргени үчүн армиядан куулган венгрлерди да салып турган. Дал ошол айыгышкан кармаштар Будапешт согушундагы өзгөчөлүк болду. Кызыл армиянын аскерлери курчап, камалап кирип барып, үйлөрдү душмандардан жер төлөсүнөн чатырына чейин "тазалашкан". Шаарды фашисттерден арылтууда артиллериянын жардамы менен калааны болушунча талкалабоого аракет кылып, бирок фашисттердин позициясына түзмө-түз атуу менен жүргүзүлгөн. Будапештти бошотуп, немецтердин коргонуу топторунун тымтыракайын чыгаруу Гитлерди венгр нефтисинен эле ажыратпастан, Балкандан нацисттердин кетишин тездетип, советтик аскерлердин Чехословакияга, Австрияга багыт алышына мүмкүнчүлүк жараткан.
ссср
венгрия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/0d/1099727781_0:10:2705:2039_1920x0_80_0_0_e72e93729264f489b959806949634837.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, советтик аскерлер, венгрия, бошотуу, видео
ссср, улуу ата мекендик согуш, советтик аскерлер, венгрия, бошотуу, видео
Кызыл армия Будапештти каармандык менен бошоткон. Видео
Бул сапар Венгриянын борборун баскынчылардан арылтуу кандай жүргөнүн баяндап бермекчибиз.
Тарыхты барактасак, 1945-жылдын 13-февралында Кызыл армия Будапештти каармандык менен бошоткон. Советтик армия бошоткон аймактардын ичинен Будапешт шаары кармаштын узактыгы боюнча биринчи орунга чыккан.
Ошол кезде Гитлердин Будапештти кандай жол менен болсо да кармап турушубуз керек деген буйругу жарыяланган. Венгриянын калган бөлүгү нефтиден улам немецтерге керек болсо, ал эми Будапешт өнөр жай шаары эле. Албетте, баш калаанын аскердик жана саясий жактан алганда да өзгөчө орду болгон. Немецтер курчоодон калган Будапешттин ичине кириш үчүн бир нече ирет аракет кылган...
Будапештти камалоо. Венгриянын борборундагы ар бир үй чепке, ал эми кварталдар бастиондорго айланган. Коргонууга немецтер баарын, анын ичинде "Кайчылашкан жебелер" деп аталган жергиликтүү нацисттик партияга киргени үчүн армиядан куулган венгрлерди да салып турган. Дал ошол айыгышкан кармаштар Будапешт согушундагы өзгөчөлүк болду.
Кызыл армиянын аскерлери курчап, камалап кирип барып, үйлөрдү душмандардан жер төлөсүнөн чатырына чейин "тазалашкан". Шаарды фашисттерден арылтууда артиллериянын жардамы менен калааны болушунча талкалабоого аракет кылып, бирок фашисттердин позициясына түзмө-түз атуу менен жүргүзүлгөн.
Будапештти бошотуп, немецтердин коргонуу топторунун тымтыракайын чыгаруу Гитлерди венгр нефтисинен эле ажыратпастан, Балкандан нацисттердин кетишин тездетип, советтик аскерлердин Чехословакияга, Австрияга багыт алышына мүмкүнчүлүк жараткан.