Пенсияга чыкчулар эми кагаз түрүндөгү документтерди чогултуп убара болбойт
Пенсияга чыкчулар эми кагаз түрүндөгү документтерди чогултуп убара болбойт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алып, пенсиялык системаны... 29.01.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алып, пенсиялык системаны реформалоонун негизги этабы болуп саналган фонддун жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасы менен таанышты. Минкабдын маалыматына ылайык, автоматташтырылган система Социалдык фонддун ишин модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу убактысын кыскартууга жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга өбөлгө түзөт. Касымалиев фонддун ишмердүүлүгүндө реформаларды ырааттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ведомствонун артыкчылыктуу багыты пенсионерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналарын белгиледи.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алып, пенсиялык системаны реформалоонун негизги этабы болуп саналган фонддун жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасы менен таанышты.
Керектүү маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, жарандардын арыздарын кароо убактысын кыскартат
Минкабдын маалыматына ылайык, автоматташтырылган система Социалдык фонддун ишин модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу убактысын кыскартууга жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга өбөлгө түзөт.
"Система пенсияны жол-жоболоштуруу процессин кыйла жөнөкөйлөтүп, жарандарды кагаз түрүндөгү документтерди чогултуудан бошотот. Керектүү маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, жарандардын арыздарын кароо убактысын кыскартат. Мындан тышкары, система жеке маалыматтарды жогорку деңгээлде коргоону камсыздап, ар кандай киберкоркунучтарга туруштук бере алат", — деп айтылат маалыматта.
Касымалиев фонддун ишмердүүлүгүндө реформаларды ырааттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ведомствонун артыкчылыктуу багыты пенсионерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналарын белгиледи.