00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Как живут дети, чьи родители уехали на заработки за границу
12:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө маданиятынын пайдубалы: Улуттук театр 100 жылдык мааракесин белгилейт
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЭКГ, УЗИ сердца и СМАД: какие обследования помогают выявить болезни сердца
14:05
60 мин
Ачык кеп
Санариптештирүү, жасалма интеллект, пландар. Министрдин орун басарынан катардагы адиске чейин: Россиянын президенттик академиясы кыргызстандык кадрларды окутат
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Что нового подготовили организаторы VI Всемирных игр кочевников в Кыргызстане
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
19:09
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кыргызстан между санкциями и экономикой — чем грозит ЕС?
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Санариптештирүү, жасалма интеллект, пландар. Министрдин орун басарынан катардагы адиске чейин: Россиянын президенттик академиясы кыргызстандык кадрларды окутат
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилге карата бюджети жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата фонддун жалпы киреше жана чыгашасы 10 миллиард 737 миллион сомдон ашат. Мындан улам республикалык бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. Ал эми Социалдык фонддон милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрү 6 миллиард 503 миллион сомду түзөт.Ошентип, фонддун бюджети республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жана Соцфонддон түшкөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөт.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулу кафелердеги 15 пайыздык тейлөө акысынын жоюлушу боюнча өкмөттү сынга алды."Тейлөө кызматтары боюнча элде нааразычылыктар көп. Пайыздар алынып, тейлөө бекер деген менен ал тамак-аштын баасына кошулду. Буга эми акылдын деле кереги жок да. Ушундай кадамдарды жөн эле жасап койбой анализдеш керек. Бизде такси болобу, чачтарач болобу, баалар дүйнөлүк ири борборлордон дагы ашып кетти. Абдан кымбат. Министрлер кабинети тактыктуу иш жүргүзбөй жатат", — деди Тургунбек уулу. Ал ошондой эле февраль айында өкмөт мүчөлөрүн парламентке чакыруу керектигин кошумчалады. Эске салсак, Кыргызстанда 1-январдан тарта кафелер менен ресторандарда тейлөө акысынын жоюлушу тамактарды кымбаттатып жиберген. Жарандар жаңыланган менюдагы бааларга таң калып, Монополияга каршы кызматка кайрылган. Ведомство алар мекемелердин тарифтик саясатына кийлигише албастыгын, бирок адилетсиздикти алдын алуу максатында рейд жүргүзүү пландалып жатканын кабарлаган. Экономисттер тейлөө акысынын жоюлушун эске алганда баалар чындап эле кымбаттап кеткенин белгилешет. Ал эми Ресторандар ассоциациясынын өкүлдөрү баанын өсүшүн азык-түлүк, логистика жана эмгек чыгымдары менен түшүндүрүшкөн.
Мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасы 19 миң сом болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактан билдирди. Ал окуунун баасы 100-200 миң сом болот деген кептерди жокко чыгарган. "Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуу менен практиканын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу", — деди Орунбеков.Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы окугандар практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды өздөрү көтөрөрүн кошумчалады.
Кара-Кулжа районунда жергиликтүү тургун Кызыл китепке кирген бүркүттү өз үйүндө мыйзамсыз багып жүргөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош облустук башкармалыгынын инспекторлору NABU уюмунун жана Барс-2 тобунун кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузган жаранга протокол түзүлүп, 20 миң сом айып салынган. Ал эми кармалган бүркүт табигый чөйрөсүнө кое берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0