00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Как живут дети, чьи родители уехали на заработки за границу
12:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө маданиятынын пайдубалы: Улуттук театр 100 жылдык мааракесин белгилейт
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЭКГ, УЗИ сердца и СМАД: какие обследования помогают выявить болезни сердца
14:05
60 мин
Ачык кеп
Санариптештирүү, жасалма интеллект, пландар. Министрдин орун басарынан катардагы адиске чейин: Россиянын президенттик академиясы кыргызстандык кадрларды окутат
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Что нового подготовили организаторы VI Всемирных игр кочевников в Кыргызстане
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
19:09
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кыргызстан между санкциями и экономикой — чем грозит ЕС?
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Санариптештирүү, жасалма интеллект, пландар. Министрдин орун басарынан катардагы адиске чейин: Россиянын президенттик академиясы кыргызстандык кадрларды окутат
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстандагы жеке автомектептердин көпчүлүгү айдоочуларды сапаттуу даярдоого эмес, акча табууга багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди. Журналист өлкө башчыга жеке автомектептер жабылып, алардын ордуна мамлекеттик автомектептер ачылып жатканы коомчулукта сынга кабылганын айтып, мындай кадамдар эмнеден улам жасалганын сураган. "Жарандарыбыз автомектепке документин тапшырып коюп эле экзаменден өтпөсө деле айдоочулук күбөлүк алып жүрүшкөн. Бул жерде айдоочулук күбөлүктү берген "Унаа" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте коррупциялык схемалар иштеген. Азыр ал мамлекеттик ишкананы иреттеп, катуу көзөмөлгө алдык эле, жеке автомектептердин бүтүрүүчүлөрү келип, бир нече жолу экзамен тапшырып өтө албай жүрүшөт. Себеби жетиштүү билим берип үйрөткөн эмес, кызыкдар да болушкан эмес. Аларга кардарлардын көп болушу гана маанилүү болгон", — деди Жапаров. Президент мамлекеттик автомектептерде заманбап окуу базасы, квалификациялуу мугалимдер жана жаңыланган техника менен сапаттуу окутуу уюштурулганын белгиледи. Жапаров жеке автомектеп ээлерине эскертүү эбак берилип, аларды мамлекеттик автомектептерге жумушка тартуу пландалганын билдирди. Ошондой эле жол эрежесин мектептерде окутуу боюнча сабактар сентябрдан баштап киргизилерин кошумчалады.
Таалатбек Масадыков Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары кызмат ордунан бошотулду. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.Ошол эле учурда президенттин жарлыгына ылайык, Мирлан Тургунбеков Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды. Ал бул кызматты 2026-жылдын 31-декабрына чейин аркалайт.
Республикада зомбулуктан жабыркагандар жана адам сатуунун курмандыктары үчүн "5200" ыкчам линиясы ишке кирди. Маалыматты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Билдирүүдө айтылгандай, аталган социалдык долбоор үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатуунун курмандыктарына кабылган аялдарга жана кыз-келиндерге жардам көрсөтүүгө багытталган. "5200 номерине чалуу аркылуу ар бир жаран акысыз, анонимдүү жана купуя жардам ала алат", — деп айтылат маалыматта. Линияда зомбулукка байланышкан маселелер, кризистик кырдаалдар жана психологиялык колдоо боюнча атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иштешет. Ыкчам линия суткасына 24 саат, жуманын 7 күнү, өлкө аймагында бардык мобилдик операторлор аркылуу жеткиликтүү.
Кыргызстанда буудайдын түшүмү кыскарды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы 490,5 миң тонна дан жыйналган. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 665 миң тоннанын тегерегин түзгөн. Ошентип түшүм болжол менен төрттөн бир бөлүккө кыскарды. Белгилей кетсек, республика дан жана унду негизинен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0