00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкөдө сугат суутартыштыгын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кибер алдамчылык: улуу муун эмне үчүн көбүрөөк жабыркайт жана кантип сактануу керек?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кенештин жыйынында Россиядагы эмгек мигранттарынын маселелери жана товарлардын чек арада кармалышы боюнча парламент аралык сүйлөшүү зарылдыгын айтты. Буга жооп кылган парламент спикери учурда анын атына Россия Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володинден жана Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкодон чакыруу каты келгенин белгиледи. “Марттын үчүнчү декадасына Россия Федерациясына расмий сапар болот”, — деди Нурланбек Тургунбек уулу. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан ЕАЭБ боюнча келишимдин 98-беренесине түшүндүрмө талап кылып уюмдун сотуна кайрылган.
Министрлер кабинети риелторлор рыногуна коюлган талаптарды катаалдаштырууну пландап жатат. Иштелип чыккан мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, эми риелторлор милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек болот. Каттоодон өтпөгөн учурда жеке жактар үчүн — 7,5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 23 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Ошондой эле каттоосуз ишмердүүлүктү жарнамалоого да 10 миңден 28 миң сомго чейин айып салынат. Минкабдан түшүндүрүшкөндөй, бул өзгөртүүнүн негизги максаты — керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана көмүскө рынокту кыскартуу үчүн риелтордук ишмердүүлүкту жөнгө салуу.
Азырынча Нипах вирусу кеңири тараганын тастыктаган далилдер жок. Бул тууралуу РИА Новостиге Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Россиядагы кеңсеси билдирген. Январдын ортосунда Индиянын чыгышындагы Батыш Бенгалия штатынын бийлиги Нипах вирусуна медициналык кызматкерлердин экөө чалдыкканы тууралуу кабарлаган. Алар өзүнчө жаткырылып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Батыш маалымат каражаттары ооругандардын саны өсүп жатканын кабарлоодо, бирок Индия бийлиги вирустун жаңы учурлары тууралуу маалымат бере элек. 25-январда Россиянын Роспотребнадзор мекемеси кырдаалды көзөмөлдөп жатканын жана вирус Россияга кирбегенин кабарлады. "Инфекциянын кеңири жайылып жатканына далилдер жок, Индия мындай очокторду аныктоо жана токтотуу боюнча жогорку жөндөмдүүлүгүн көрсөттү", — деген Роспотребнадзор. ДССУ саякатка чыккан учурда алдын алуу чараларын сактоону сунуштайт. Ооругандар менен тыгыз байланышта болбой, илдеттин белгилери пайда болсо дароо медициналык жайга кайрылуу керек. Нипах — өлүмгө алып келе турган вирус. Ага каршы дары-дармек азырынча жок. Ал мээни, өпкөнү, жүрөктү, бөйрөктү жана көк боорду жабыркатышы мүмкүн.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига президент Владимир Зеленский Россиянын лидери Владимир Путин менен аймактар жана Запорожье атомдук электр станциясы боюнча маселесин талкуулоо үчүн жеке жолугушууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал украиналык "Европейская правда" басылмасына маек курган. "Талуу маселелер болуп саналган аймактар жана Запорожье атомдук электр станциясы боюнча суроолор али макулдашыла элек. Дал ушул нерселерди чечүү үчүн президентибиз Россия башчысы Путин менен жолугушуп, талкуу жүргүзүүгө даяр", — деди Сибига. Запорожье атомдук электр станциясы энергоблокторунун саны жана жалпы кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станция болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0