00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:06
45 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
9 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:10
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Быйыл "Коопсуз өлкө" долбоору толук ишке ашырыларын министрлик билдирдиБишкекте "Батыш айланма жолу" долбоору ишке ашырылат2025-жылы Кыргызстанда 15,4 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлдүАлдыда кененирээкКыргызстанда жаштар үчүн экологиялык абал үч жыл мурункуга салыштырмалуу начар деп бааланды. Бул тууралуу Кыргызстандагы жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индексин изилдөөнүн жыйынтыгында айтылат. Экология субиндекси 2025-жылы 23,7 пайызга түшүп, 2022-жылдагы 45,2 пайыздан 7,5 пайызга төмөндөгөн. Белгиленгендей, 9 багыттан турган изилдөөдө бул көрсөткүч азыр эң төмөнкү орунда турат. Бирок, ошого карабастан жаштардын 78,2 пайызы экологиялык коркунучтарды, айрыкча абанын булганышын олуттуу деп эсептешери изилдөөдө жазылган. “Бул жыйынтыктар жаштардын экологиялык көйгөйлөргө – биринчи кезекте абанын булганышына, таза сууга жетүүгө жана таштандыларды жок кылууга байланыштуу тынчсыздануусун чагылдырат. Жаш муун сурамжылоого кескин түрдө реакция кылып жатканы өлкөдө экологиялык көйгөйлөр курчуп баратышынан кабар берет”, - деп айтылат маалыматта.
2025-жылы Кыргызстанда 15,4 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин коллегиясында айтылды. Ведомствонун маалыматы боюнча, 2020-жылы өлкөдө 15,3 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен күн жана шамал электр станцияларын куруу иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө, бирок мындай станциялар аба ырайынан көз каранды. Ал үчүн эсептөөлөр, баланс жана резервдер алдын ала даяр болушу зарыл экендиги жыйында белгиленди. Өлкөдө Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтери модернизацияланып, Бала-Саруу, Кара-Көл, Көк-Арт, Кайнама жана көптөгөн башка чакан ГЭСтер ишке берилди. Ошол эле учурда жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүүнүн темпи суроо-талаптын өсүшүнөн артта калып жатканы коллегияда айтылды.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде "Коопсуз өлкө" долбоору 2026-жылдын аягына чейин толук ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн ИИМдин коллегиялык отурумунда айтылды. Ведомствонун маалыматына караганда, анын алкагында өлкө боюнча 20 миң видеокамера орнотуу пландалууда. Коллегиянын жүрүшүндө "Коопсуз өлкө" долбоорунун бир жылдык иш-мерчеми бекитилип, аны аткаруу боюнча жетекчилерге тапшырмалар берилди. Ошондой эле ички иштер органдарынын башчыларынын алдына милицияга кайрылган ар бир жаранга мыйзам чегинде жооп берүү, укуктарын жана милдеттерин так түшүндүрүп, сапаттуу сервистик тейлөө жумуштарын күчөтүү талабы коюлду.
Бишкек шаарында "Батыш айланма жолу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы, “Элдик Банк” , “Бат Жет” ЖЧКсы жана Кытайдын компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту. Меморандумдун максаты тараптардын аракеттерин координациялоо жана борбор шаардын транспорттук логистикасын жакшыртууга, ошондой эле Бишкек шаарынын жол тармагына түшкөн жүктү азайтууга багытталган инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу үчүн кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0