https://sputnik.kg/20251220/videodo-yevraziya-parkyndagy-keremettin-bashtalyshy-videodo-1098741269.html
Алп Аяз Ата, көк жылгаяк, балаты. "Евразия" паркындагы кереметтин видеосу
Алп Аяз Ата, көк жылгаяк, балаты. "Евразия" паркындагы кереметтин видеосу
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын түштүк четинде жайгашкан "Евразия" маданий-эс алуу паркында кышкы сезон шаң менен ачылды.Майрамдык программа жергиликтүү чыгармачыл... 20.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-20T21:20+0600
2025-12-20T21:20+0600
2025-12-20T21:39+0600
кыргызстан
"евразия" уюму
балаты
жаңы жыл
балдар
эс алуу
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/14/1098741646_0:0:2084:1173_1920x0_80_0_0_9e0e49d107894eaa8d203aa676181359.jpg
Бишкек шаарынын түштүк четинде жайгашкан "Евразия" маданий-эс алуу паркында кышкы сезон шаң менен ачылды.Майрамдык программа жергиликтүү чыгармачыл жамааттардын катышуусунда сахналаштырылган "Шамалдын жомогу" менен башталды. Кышкы жасалгалардын негизги өзөгүн айланасына майрамдык иш-чаралар топтолгон жаңы жылдык башкы балаты түздү.Бул жерде конокторду ачык асман алдындагы муз аянтчасы тосуп алмакчы. Парктын аймагына 30дан ашык тематикалык фотозона жана арт-инсталляция жайгаштырылган, алардын арасында бийиктиги 10 метр болгон Аяз Атанын айкели да бар.Паркта кичинекейлер үчүн Аяз атанын эки үйү иштеп жатат, анда күн сайын жаш коноктор менен жолугушуулар өтөт. Ошондой эле майрамдык даам-аштар жана белектерди "Түндүк жаркырагы" аттуу кышкы жарманкеден таба аласыз."Евразия" паркынын кышкы программасында цирктеги жаңыланган көрсөтүүлөр, сахнадагы шоу-программалар, театралдаштырылган программалар жана жомоктордун каармандарынын катышуусундагы көңүл ачуучу иш-чаралар бар. Балдар үчүн сүрөт тартуу, чопо менен иштөө жана аквагрим боюнча мастер-класстар өткөрүлүүчү чыгармачыл үйлөр иштеп жатат. Ал эми активдүү эс алууну жактыргандар үчүн адистердин жетекчилиги алдында коньки тебүүнү үйрөткөн "Муз мектеби" долбоору уюштурулган.Мындан тышкары, боз үйдө конокторду салттуу маданияттын элементтери менен тааныштырган "Улуттук салт-санаалар" программасы иштейт."Евразия" паркынын директору Вячеслав Шариков парк буга чейин эле шаардыктардын сүйүктүү жайына айланганын белгиледи. Ачылгандан бери болжол менен жарым миллионго жакын адам келип кеткен.Майрамдык кышкы программа "Евразия" паркында 11-январга чейин акысыз уланат.
https://sputnik.kg/20251215/bishkekte-bashky-balatynyn-otu-zhandy-1098599012.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/14/1098741646_134:0:1703:1177_1920x0_80_0_0_81060bc8d4890dd21f93ec8eae27da40.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "евразия" уюму, балаты, жаңы жыл, балдар, эс алуу
кыргызстан, "евразия" уюму, балаты, жаңы жыл, балдар, эс алуу
Бишкек шаарынын түштүк четинде жайгашкан "Евразия" маданий-эс алуу паркында кышкы сезон шаң менен ачылды.
Майрамдык программа жергиликтүү чыгармачыл жамааттардын катышуусунда сахналаштырылган "Шамалдын жомогу" менен башталды. Кышкы жасалгалардын негизги өзөгүн айланасына майрамдык иш-чаралар топтолгон жаңы жылдык башкы балаты түздү.
Бул жерде конокторду ачык асман алдындагы муз аянтчасы тосуп алмакчы. Парктын аймагына 30дан ашык тематикалык фотозона жана арт-инсталляция жайгаштырылган, алардын арасында бийиктиги 10 метр болгон Аяз Атанын айкели да бар.
Паркта кичинекейлер үчүн Аяз атанын эки үйү иштеп жатат, анда күн сайын жаш коноктор менен жолугушуулар өтөт. Ошондой эле майрамдык даам-аштар жана белектерди "Түндүк жаркырагы" аттуу кышкы жарманкеден таба аласыз.
"Евразия" паркынын кышкы программасында цирктеги жаңыланган көрсөтүүлөр, сахнадагы шоу-программалар, театралдаштырылган программалар жана жомоктордун каармандарынын катышуусундагы көңүл ачуучу иш-чаралар бар. Балдар үчүн сүрөт тартуу, чопо менен иштөө жана аквагрим боюнча мастер-класстар өткөрүлүүчү чыгармачыл үйлөр иштеп жатат. Ал эми активдүү эс алууну жактыргандар үчүн адистердин жетекчилиги алдында коньки тебүүнү үйрөткөн "Муз мектеби" долбоору уюштурулган.
Мындан тышкары, боз үйдө конокторду салттуу маданияттын элементтери менен тааныштырган "Улуттук салт-санаалар" программасы иштейт.
"Евразия" паркынын директору Вячеслав Шариков парк буга чейин эле шаардыктардын сүйүктүү жайына айланганын белгиледи. Ачылгандан бери болжол менен жарым миллионго жакын адам келип кеткен.
"Биз жылдын каалаган мезгилинде шаар тургундары жана борбордун коноктору үчүн кызыктуу болгон аймакты түздүк. “Евразия” паркы шаардык жашоонун маанилүү бөлүгү - үй-бүлөлүк эс алуу, баарлашуу жана маданий салттар менен таанышуу жайы болуп саналат", — деди Шариков.
Майрамдык кышкы программа "Евразия" паркында 11-январга чейин акысыз уланат.