https://sputnik.kg/20251218/sanktsiya-bank-kriptovalyuta-uruksat-beruu-1098684412.html
Санкцияга кабылган банкка криптовалюта менен иштөөгө уруксат берүү каралууда
Санкцияга кабылган банкка криптовалюта менен иштөөгө уруксат берүү каралууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Виртуалдык активдерди колдонуу менен жүргүзүлүүчү банктык операцияларга байланыштуу жаңы, убактылуу өзгөчө тартип киргизилет. Бул... 18.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-18T15:17+0600
2025-12-18T15:17+0600
2025-12-18T15:17+0600
кыргызстан
бишкек
банк
санкциялар
криптовалюта
тартип
жарлык
https://sputnik.kg/img/103729/07/1037290742_0:163:3073:1891_1920x0_80_0_0_3dcdbdf58bbec42571da8350d644efe8.jpg
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Виртуалдык активдерди колдонуу менен жүргүзүлүүчү банктык операцияларга байланыштуу жаңы, убактылуу өзгөчө тартип киргизилет. Бул ченемдер камтылган мамлекет башчынын жарлыгынын долбоорун Экономика министрлиги даярдап, коомдук талкууга койду. Документтин негиздемесинде айрым банктардын эл аралык деңгээлдеги төлөмдөрү кыйындап, экспорт-импорт операцияларына терс таасирин тийгизип жатканы айтылган. Мындан улам убактылуу, өзгөчө тартип киргизүү менен чет өлкөлүктөр менен виртуалдык активдер аркылуу эсептешүүгө уруксат берүү каралууда. Ал үчүн өкмөт бир банкты аныктайт. Ошол эле учурда ал өлкө жарандары (кыргызстандыктар) менен виртуалдык активдер аркылуу операция жүргүзбөйт. Министрлер кабинетине бир айдын ичинде тиешелүү банкты аныктоо, Улуттук банк менен биргеликте 12 айдын ичинде бул багыттагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырылды.
https://sputnik.kg/20250417/kyrgyz-biylik-kapital-bank-sanktsiya-tiyeshesi-zhok-1093396765.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103729/07/1037290742_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_be83df568c65d126b1f51a1e65c8f40b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, банк, санкциялар, криптовалюта, тартип, жарлык
кыргызстан, бишкек, банк, санкциялар, криптовалюта, тартип, жарлык
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Виртуалдык активдерди колдонуу менен жүргүзүлүүчү банктык операцияларга байланыштуу жаңы, убактылуу өзгөчө тартип киргизилет. Бул ченемдер камтылган мамлекет башчынын жарлыгынын долбоорун Экономика министрлиги даярдап, коомдук талкууга койду.
Документтин негиздемесинде айрым банктардын эл аралык деңгээлдеги төлөмдөрү кыйындап, экспорт-импорт операцияларына терс таасирин тийгизип жатканы айтылган. Мындан улам убактылуу, өзгөчө тартип киргизүү менен чет өлкөлүктөр менен виртуалдык активдер аркылуу эсептешүүгө уруксат берүү каралууда. Ал үчүн өкмөт бир банкты аныктайт. Ошол эле учурда ал өлкө жарандары (кыргызстандыктар) менен виртуалдык активдер аркылуу операция жүргүзбөйт.
"Өзгөчө тартиптин алкагында банкка жана анын төлөм уюмдарына лицензия албай туруп виртуалдык активдер менен иш алып барууга уруксат берилет. Ошол эле учурда, банк жана төлөм уюмдары акча адалдоого жана террорчулукту каржылоого каршы талаптарды, кардарларды текшерүүнүн күчөтүлгөн чарасын көрүүгө милдеттүү", — деп белгиленген документте.
Министрлер кабинетине бир айдын ичинде тиешелүү банкты аныктоо, Улуттук банк менен биргеликте 12 айдын ичинде бул багыттагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырылды.