00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин жаңы келген депутаттары манжанын изи менен катталып, добуш беришет. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди. ЖКнын регламентине ылайык, депутаттарды каттоо жана добуш берүү процессинде манжа издерин колдонуу нормасы 2026-жылдын январында күчүнө кирет. Учурда техникалык жактан камсыздалып, даярдык иштери жүрүүдө. ЖК имараты оңдолуп-түзөлгөндө жыйындар залына гранттын негизинде жаңы техникалык жабдуулар орнотулган. Эске салсак, 30-ноябрда Жогоку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Ар бир округдан үчтөн эл өкүлү шайланып келмекчи. Борбордук шайлоо комиссиясынан VIII чакырылыштын биринчи отуруму 17-декабрга пландалып жатканын айтышты.
Кыргызстанда этти тез тоңдуруучу алгачкы агроөнөр жай комплекси курулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Аламүдүн районунун Байтик айылында бүгүн курулушка капсула салынды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Комплекс "Кыргыз Агрохолдинг" ААКсы менен түштүк кореялык DOD Company ортосундагы инвестициялык келишимдин негизинде курулууда. Долбоорго 12 миллион доллар инвестиция салынат. Жаңы комплексте эттин түзүмүн сактоого, кошумча заттарсыз узак мөөнөткө сактоого, салмагын, нымдуулугун жана түсүн жоготууга жол бербөөгө шарт түзүлөт. Эт -35 градуста тоңдурулат. Төрөбаев долбоор ишке кирсе фермерлер үчүн жаңы рынокторго жол ачылып, экспорттук мүмкүнчүлүк өсө турганын белгиледи. "Комплекс кыргыз эт азыктарын дүйнөлүк деңгээлге чыгарууда маанилүү кадам болот", - деп белгиледи министр.
Ысык-Көл облусунда ӨКМдин кызматкерлери "Ала-Тоо Резорт" долбоорунун алкагында аркан жол куруп жаткан 30га жакын адамды кар күрткүсүнөн куткарышты. Ак-Суу районунда катуу кар жаап, жол жабылгандыктан, жумушчулар өз алдынча түшө албай калышкан.Куткаруу иштерине ӨКМдин тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 12 адам, ГАЗ-66 жана Toyota Land Cruiser J70 унаалары тартылган.Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусу аба ырайынын катаалдашынан улам Түп районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ошондой эле бардык ыкчам органдар жогорку даярдыкка өткөрүлүп, зарыл учурда калкка тез жардам көрсөтүүгө даяр тургандыгы кабарланган. Муну менен катар абал райондук администрациянын жана жарандык коргонуу кызматтарынын тыкыр көзөмөлүндө экени айтылды.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Индия менен Индонезиядан импорттой турган товарлардын тизмесин кеңейте алат. Бул тууралуу ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв билдирди. Аткаминер бул өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү боюнча келишимдерге кол коюу пландалып жатканын белгиледи. Слепнёвдун айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү жемиштерди, жаңгактарды көбүрөөк сатып алат, аны менен катар эле өнөр жай товарларын импорттосо болот. "Биз бул өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен активдүү иштөөгө даярбыз, анткени импортубуздун айрым топтомдору боюнча тең салмактуулугу жок диверсификациялоого кызыкдарбыз", — деди ал Sputnik Кыргызстандын журналистинин суроосуна жооп берип жатып.
Жаңылыктар түрмөгү
0