https://sputnik.kg/20251210/kyrgyzstan-konstitutsiyalyk-sot-olum-jazasy-1098486675.html
Конституциялык сот: өлүм жазасын кайтаруу Баш мыйзамга, эл аралык нормаларга каршы келет
Конституциялык сот: өлүм жазасын кайтаруу Баш мыйзамга, эл аралык нормаларга каршы келет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Өлүм жазасын кайтаруу Конституцияга жана эл аралык нормаларга каршы келет. Бул тууралуу Конституциялык соттун билдирүүсүндө... 10.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-10T21:49+0600
2025-12-10T21:49+0600
2025-12-10T21:53+0600
кыргызстан
конституциялык сот
өлүм жазасы
талкуу
сунуш
https://sputnik.kg/img/101996/62/1019966291_0:0:2000:1125_1920x0_80_0_0_4fe3878076401ab3e476bc5e9f3a9cf7.jpg
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Өлүм жазасын кайтаруу Конституцияга жана эл аралык нормаларга каршы келет. Бул тууралуу Конституциялык соттун билдирүүсүндө жазылган. Маалыматка ылайык, бүгүн 10-декабрда Конституциялык соту "Конституциягна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттинин сунуштамасын карап чыкты. Долбоордо балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган. Конституциялык сот сунушталып жаткан өзгөртүүнүн конституциялык түзүлүштүн негиздерине, анын түпкүрүндө турган адамдын укуктары менен эркиндиктерине жана мамлекеттин демократиялык мүнөзүнө тийгизген таасирин Баш мыйзамга бүтүн система катары шайкештигин баалап чыктканын билдирген. Ошондой эле, өлкө ратификациялаган эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерге дал келишине өзгөчө көңүл бурганы белгиленген. Конституциялык сот бул жазага жазасына тыюу салууну башка нерселер менен кошо фундаменталдык баалуулук өлчөмүнө ээ деп эсептей тургандыгы белгиленген. "Укуктарды жана эркиндиктерди коргоонун деңгээлинин төмөндөшүнө жол берилбестигине (non-regress) өзгөчө көңүл бурулушу керек, анткени алардын туруктуулугу жана ырааттуулугу конституциялык жактан бекемделген адамдын артыкчылыгынын жана кадыр-баркынын мазмунун түзөт. Бул контекстте Конституциялык сот өлүм жазасына тыюу салуу жана жашоого болгон укуктун артыкчылыктуу маанисин таануу ченемдик гана эмес, ошондой эле фундаменталдык баалуулук өлчөмүнө ээ деп эсептейт. Алар мамлекеттин жана элдин бул жаза чарасын колдонууну жокко чыгарган укуктук режимди тандоосун чагылдырат. Жашоого болгон укук жана өлүм жазасына тыюу салуу кылмыш-жаза саясатынын, сот адилеттигинин мазмунунун, укук коргоо органдарынын жана пенитенциардык системанын ишинин стандарттарын белгилеген система түзүүчү принциптер болуп кызмат кылат", — деп жазылган. Конституциялык түзөтүү аркылуу өлүм жазасын кайтаруу бул стандарттардан баш тартууну, укуктук өнүгүүнүн ырааттуулугун үзгүлтүккө учуроосун, инсандын кадыр-баркынын артыкчылыгына жана анын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган конституциялык вектордон четтөөнү билдирери белгиленген. "Конституциялык сот ошондой эле каралып жаткан маселенин эл аралык-укуктук өлчөмүн да белгиледи. Кыргызстандын Конституциясы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери өлкөнүн укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат деп белгилөө менен, улуттук деңгээлде чечимдерди кабыл алууда тиешелүү эл аралык милдеттенмелерди сактоо зарылдыгын болжолдойт. Эл аралык келишимдер укугу жөнүндө Вена конвенциясына ылайык, мамлекет келишимди аткарбоону актоо үчүн өзүнүн ички укугунун жоболоруна таяна албайт, ал эми анын аракетин кыскартуу же токтото туруу так аныкталган учурларда гана мүмкүн. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын экинчи Факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана денонсациялоо механизми каралган эмес. Бул, Протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет. Мындай шарттарда ички укукка өлүм жазасын киргизүү Кыргыз Республикасын өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келет, бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибине туура келбейт", — деп айтылат билдирүүдө. Жыйынтыгында Конституциялык сот өлүм жазасын калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келген. Ошондой эле бул маселе референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Конституциялык сотунун Корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга тийиш экени кошумчаланган. Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып өлтүрүлгөндөн кийин өлкө башчысы өлүм жазасын кайтаруу маселесин көтөргөн. Мыйзам долбоору 13-октябрда коомдук талкууга чыгарылып, ага ылайык, өлүм жазасы балдарды зордуктоо же зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү учурларына карата колдонулушу мүмкүн. Бирок Акыйкатчы институту мындай чара өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи факультативдик протоколуна каршы келерин билдирип чыккан. БУУ өкүлдөрү да өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эскертип, өлкөнүн эл аралык аброюна доо кетирерин кошумчалашкан. Кыргызстан өлүм жазасынан баш тартууну караган эл аралык милдеттенмеден чыга турганын дагы БУУга кабарлаган мыйзам долбоорун сунуштады.
https://sputnik.kg/20251209/kompaniyanyn-eks-direktoru-para-algany-uchun-olum-zhazasyna-tartyldy-1098448122.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101996/62/1019966291_92:0:1865:1330_1920x0_80_0_0_cf27969e29bc69f4f884a452b7134a38.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, конституциялык сот, өлүм жазасы, талкуу, сунуш
кыргызстан, конституциялык сот, өлүм жазасы, талкуу, сунуш
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Өлүм жазасын кайтаруу Конституцияга жана эл аралык нормаларга каршы келет. Бул тууралуу Конституциялык соттун билдирүүсүндө жазылган.
Маалыматка ылайык, бүгүн 10-декабрда Конституциялык соту "Конституциягна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттинин сунуштамасын карап чыкты. Долбоордо балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Конституциялык сот сунушталып жаткан өзгөртүүнүн конституциялык түзүлүштүн негиздерине, анын түпкүрүндө турган адамдын укуктары менен эркиндиктерине жана мамлекеттин демократиялык мүнөзүнө тийгизген таасирин Баш мыйзамга бүтүн система катары шайкештигин баалап чыктканын билдирген. Ошондой эле, өлкө ратификациялаган эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерге дал келишине өзгөчө көңүл бурганы белгиленген.
"Конституциялык сот Конституция адам укуктарын эң жогорку баалуулук катары бекемдеп, аларды камсыздоонун кепилдиктер системасы конституциялык түзүлүштүн пайдубалын түзөөрүн, Баш Мыйзамга жол берилген өзгөртүүлөрдүн чектерин алдын ала аныктай турганын белгиледи. Андыктан Конституциялык сот фундаменталдык укуктар жагында Баш Мыйзамга кандай болбосун өзгөртүү, алардын системалык мүнөзүн жана инсанды коргоонун конституциялык моделинин иштеши үчүн мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алууну талап кылаарын баса белгиледи", — деп айтылган анда.
Конституциялык сот бул жазага жазасына тыюу салууну башка нерселер менен кошо фундаменталдык баалуулук өлчөмүнө ээ деп эсептей тургандыгы белгиленген.
"Укуктарды жана эркиндиктерди коргоонун деңгээлинин төмөндөшүнө жол берилбестигине (non-regress) өзгөчө көңүл бурулушу керек, анткени алардын туруктуулугу жана ырааттуулугу конституциялык жактан бекемделген адамдын артыкчылыгынын жана кадыр-баркынын мазмунун түзөт. Бул контекстте Конституциялык сот өлүм жазасына тыюу салуу жана жашоого болгон укуктун артыкчылыктуу маанисин таануу ченемдик гана эмес, ошондой эле фундаменталдык баалуулук өлчөмүнө ээ деп эсептейт. Алар мамлекеттин жана элдин бул жаза чарасын колдонууну жокко чыгарган укуктук режимди тандоосун чагылдырат. Жашоого болгон укук жана өлүм жазасына тыюу салуу кылмыш-жаза саясатынын, сот адилеттигинин мазмунунун, укук коргоо органдарынын жана пенитенциардык системанын ишинин стандарттарын белгилеген система түзүүчү принциптер болуп кызмат кылат", — деп жазылган.
Конституциялык түзөтүү аркылуу өлүм жазасын кайтаруу бул стандарттардан баш тартууну, укуктук өнүгүүнүн ырааттуулугун үзгүлтүккө учуроосун, инсандын кадыр-баркынын артыкчылыгына жана анын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган конституциялык вектордон четтөөнү билдирери белгиленген.
"Конституциялык сот ошондой эле каралып жаткан маселенин эл аралык-укуктук өлчөмүн да белгиледи. Кыргызстандын Конституциясы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери өлкөнүн укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат деп белгилөө менен, улуттук деңгээлде чечимдерди кабыл алууда тиешелүү эл аралык милдеттенмелерди сактоо зарылдыгын болжолдойт. Эл аралык келишимдер укугу жөнүндө Вена конвенциясына ылайык, мамлекет келишимди аткарбоону актоо үчүн өзүнүн ички укугунун жоболоруна таяна албайт, ал эми анын аракетин кыскартуу же токтото туруу так аныкталган учурларда гана мүмкүн. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын экинчи Факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана денонсациялоо механизми каралган эмес. Бул, Протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет. Мындай шарттарда ички укукка өлүм жазасын киргизүү Кыргыз Республикасын өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келет, бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибине туура келбейт", — деп айтылат билдирүүдө.
Жыйынтыгында Конституциялык сот өлүм жазасын калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келген. Ошондой эле бул маселе референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Конституциялык сотунун Корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга тийиш экени кошумчаланган.
Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып өлтүрүлгөндөн кийин өлкө башчысы өлүм жазасын кайтаруу маселесин көтөргөн.
Мыйзам долбоору 13-октябрда
коомдук талкууга чыгарылып, ага ылайык, өлүм жазасы балдарды зордуктоо же зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү учурларына карата колдонулушу мүмкүн.
Бирок Акыйкатчы институту мындай чара өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи факультативдик протоколуна каршы келерин билдирип чыккан. БУУ өкүлдөрү да өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине
каршы келерин эскертип, өлкөнүн эл аралык аброюна доо кетирерин кошумчалашкан.
Кыргызстан өлүм жазасынан баш тартууну караган эл аралык милдеттенмеден чыга турганын дагы БУУга кабарлаган мыйзам долбоорун сунуштады.