00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Народ видит то, чего не видит закон - юрист о смысле суда присяжных и почему его нет в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанда этти тез тоңдуруучу алгачкы агроөнөр жай комплекси курулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Аламүдүн районунун Байтик айылында бүгүн курулушка капсула салынды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Комплекс "Кыргыз Агрохолдинг" менен түштүк кореялык компаниясынын ортосундагы инвестициялык келишимдин негизинде курулууда. Долбоорго 12 миллион доллар инвестиция салынат. Жаңы комплексте эттин түзүмүн сактоого, кошумча заттарсыз узак мөөнөткө сактоого, салмагын, нымдуулугун жана түсүн жоготууга жол бербөөгө шарт түзүлөт. Төрөбаев долбоор ишке кирсе фермерлер үчүн жаңы рынокторго жол ачылып, экспорттук мүмкүнчүлүк өсө турганын белгиледи. Комплекс кыргыз эт азыктарын дүйнөлүк деңгээлге чыгарууда маанилүү кадам болору кошумчаланды.
Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводунда жайгашкан уулуу заттарды утилдештирүүгө 92 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тескемесинде белгиленген. Документке ылайык, ӨКМ тазалоо иштеринин 1-этабын 2026-жылы, 2-этабын 2027-жылы жүргүзөт. “Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан уулуу, өмүргө коркунуч туудурган химиялык заттарды чыгаруу, зыянсыздандыруу жана утилдештирүү зарыл. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында 91 миллион 958 миң 918 сом бөлүнсүн”, — деп айтылат документте. Белгилей кетсек, заводдун аймагында 80 тоннага чукул зыяндуу химиялык, уулуу заттар сакталган. Буга чейин химиялык утилдештирүү үчүн 172 миллион рубль, сыртка ташып чыгууга 300 миллион рублден ашык акча керектелери айтылып, Росатом менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган.
Биз бардыгы үчүн коопсуздук бирдей шартта болсун дейбиз, бирок НАТОнун айрым өлкөлөрү менен аны теңдештирип камсыздоо азыр мүмкүн эмес, анткени алар биздин коопсуздукту эске албай жатат. Мындай пикирди Евразия коопсуздугу жана санкция алдындагы өлкөлөр менен өз ара кызматташуу маселелерин көзөмөлдөгөн РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Александр Трофимов айтканын РИА Новости жазды. "Биз биргелешкен жана бирдей шарттагы принциптердин саясатын туу тутабыз. Бирок азыркы учурларда НАТОнун айрым өлкөлөрү менен мындай коопсуздукту өз ара камсыздоонун жолун көрбөй жатабыз. Ошентсе да биз эч качан байланыштан качкан эмеспиз жана каршы тарап конструктивдүү мамиле менен чыкса, диалогго даярбыз", — деди Трофимов "Валдай" эл аралык талкуу клубунун конференциясында. Ал, мындан тышкары, НАТО өлкөлөрү кошумча олуттуу коркунучтарды жаратып, мунасага келбей, диалогго барбай жатканын белгиледи. Ошондой эле кырдаалды чыңалтып жиберчүдөй багытты карманып турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0