https://sputnik.kg/20251210/1098477007.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-12-декабрда Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчы иш... 10.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-10T15:00+0600
2025-12-10T15:00+0600
2025-12-10T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0a/1098476841_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_40d2578a57d6c8a7cca38a92fbf04789.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-12-декабрда Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.
Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгы мезгилинде уюм киберкоопсуздук жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу бирикменин башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков билдирди. Ал Sputnik маалымат борборундагы видео көпүрөдө сүйлөдү. Семериковдун айтымында, Бишкек бул жаатка олуттуу көңүл бургандыктан иш кыйла алдыга жылды. Июнь айында биринчи жолу атайын адистештирилген конференция өткөрүлүп, ага 200 адис катышкан. Иш-чаранын материалдары уюмдагы киберкоопсуздук механизмдерин өнүктүрүүнүн "жол картасына" киргизилиши мүмкүн. Республиканын төрагалык кылуу мезгилинде маалыматтык коопсуздук боюнча жумушчу топ да түзүлгөн. Анын активдүү иши 2026-жылдын январь айында башталат. Мүчө мамлекеттердин режимдик объектилеринин киберкоопсуздугун камсыз кылган фонд менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. ЖККУнун өкүлдөрү бул уюм уюштурган эл аралык машыгууларга катышып бүттү. Башкы катчынын орун басары бул тармактын адистерин даярдаган Москва инженердик-физикалык институтунун салымын белгиледи. Мындан тышкары, мониторинг жүргүзүүчү топ тынымсыз иштеп жатканын кошумчалады.
Бишкек шаарын реновациялоо программасы даяр, ал Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосуна киргизилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн брифингде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди. Ал 1960-1970-жылдары курулган үйлөрдү бузуп, ордуна жаңыларын куруу зарыл экенин белгилеген. Курулуш министрлигинин жетекчиси реновация программасынын башкы максаты жарандардын укугун коргоо экенин эске салып, документте компенсация төлөө жана башка шарттар каралганын белгиледи.
Америкалык ишкер Илон Маск Еврокомиссияны таркатып, анын ордуна шайлануучу орган түзүүгө чакырды. Буга Евробиримдиктеги азыркы система "бюрократиянын бийлиги" болуп калганы себеп экенин белгилеген. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маск Еврокомиссияны "Евробиримдикти ичинен жеп жаткан залалдуу шишик" деп атап, бул органды жоюуга чакырды. Анын айтымында, ЕКте 32 миң кызматкер иштейт. Алар "эч ким макул болбогон" мыйзамдарды жаратуу менен алек. Буга байланыштуу Маск европалык жарандарды өз өлкөлөрүндө Европа биримдигине реалдуу кысым көрсөтүп, реформаларды жүргүзүүгө түрткү бере ала турган партияларга добуш берүүгө чакырды. “Еврокомиссия жоюлуп, анын ордуна шайлоо аркылуу келген орган түзүлүшү керек. Ал эми ЕБдин башчысы түз шайланышы зарыл. Азыркы система — демократия эмес, бюрократиянын бийлиги”, - деди ал. 2024-жылдын ноябрь айында Маск Европа комиссиясынын курамын түзүү боюнча азыркы процедураны демократиядан алыс деп мүнөздөп, Европа парламентинин депутаттары Европа комиссиясындагы кызматтарга талапкерлерди түздөн-түз тандашы керектигин билдирген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-12-декабрда Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгы мезгилинде уюм киберкоопсуздук жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу бирикменин башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков билдирди. Ал Sputnik маалымат борборундагы видео көпүрөдө сүйлөдү. Семериковдун айтымында, Бишкек бул жаатка олуттуу көңүл бургандыктан иш кыйла алдыга жылды. Июнь айында биринчи жолу атайын адистештирилген конференция өткөрүлүп, ага 200 адис катышкан. Иш-чаранын материалдары уюмдагы киберкоопсуздук механизмдерин өнүктүрүүнүн "жол картасына" киргизилиши мүмкүн. Республиканын төрагалык кылуу мезгилинде маалыматтык коопсуздук боюнча жумушчу топ да түзүлгөн. Анын активдүү иши 2026-жылдын январь айында башталат. Мүчө мамлекеттердин режимдик объектилеринин киберкоопсуздугун камсыз кылган фонд менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. ЖККУнун өкүлдөрү бул уюм уюштурган эл аралык машыгууларга катышып бүттү. Башкы катчынын орун басары бул тармактын адистерин даярдаган Москва инженердик-физикалык институтунун салымын белгиледи. Мындан тышкары, мониторинг жүргүзүүчү топ тынымсыз иштеп жатканын кошумчалады. Бишкек шаарын реновациялоо программасы даяр, ал Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосуна киргизилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн брифингде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди. Ал 1960-1970-жылдары курулган үйлөрдү бузуп, ордуна жаңыларын куруу зарыл экенин белгилеген. Курулуш министрлигинин жетекчиси реновация программасынын башкы максаты жарандардын укугун коргоо экенин эске салып, документте компенсация төлөө жана башка шарттар каралганын белгиледи.Америкалык ишкер Илон Маск Еврокомиссияны таркатып, анын ордуна шайлануучу орган түзүүгө чакырды. Буга Евробиримдиктеги азыркы система "бюрократиянын бийлиги" болуп калганы себеп экенин белгилеген. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маск Еврокомиссияны "Евробиримдикти ичинен жеп жаткан залалдуу шишик" деп атап, бул органды жоюуга чакырды. Анын айтымында, ЕКте 32 миң кызматкер иштейт. Алар "эч ким макул болбогон" мыйзамдарды жаратуу менен алек. Буга байланыштуу Маск европалык жарандарды өз өлкөлөрүндө Европа биримдигине реалдуу кысым көрсөтүп, реформаларды жүргүзүүгө түрткү бере ала турган партияларга добуш берүүгө чакырды. “Еврокомиссия жоюлуп, анын ордуна шайлоо аркылуу келген орган түзүлүшү керек. Ал эми ЕБдин башчысы түз шайланышы зарыл. Азыркы система — демократия эмес, бюрократиянын бийлиги”, - деди ал. 2024-жылдын ноябрь айында Маск Европа комиссиясынын курамын түзүү боюнча азыркы процедураны демократиядан алыс деп мүнөздөп, Европа парламентинин депутаттары Европа комиссиясындагы кызматтарга талапкерлерди түздөн-түз тандашы керектигин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0a/1098476841_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f9ff91fbb561954387ebc6393ad78253.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио