https://sputnik.kg/20251205/2026-zhyly-40-mi-batir-berilet-1098365602.html
МИК 2026-жылы 20 миң батир берүүнү пландап жатат. Даректер
МИК 2026-жылы 20 миң батир берүүнү пландап жатат. Даректер
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кийинки жылы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдөн 20 миңге чукул батир ээсине тапшырылат, анын 4 миңи Бишкек шаарында... 05.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-05T11:38+0600
2025-12-05T11:38+0600
2025-12-05T13:32+0600
пресс-борбор
кыргызстан
турак-жай
батир
мамлекеттик ипотекалык компания
гүлзат тотубаева
https://sputnik.kg/img/07e9/09/19/1096755115_0:57:2304:1353_1920x0_80_0_0_c6e2c8877085aa6a324e886f1a1947e7.jpg
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кийинки жылы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдөн 20 миңге чукул батир ээсине тапшырылат, анын 4 миңи Бишкек шаарында жайгашкан. Бул тууралуу МИКтин Калк менен иштеөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди. Адистин айтымында, 2023-жылдан бери компания өлкө аймагы боюнча 4 миң 662 батир берген. Ал эми турак жай алчулардын кезегинин жай жылышы боюнча Тотубаева МИК өзү 2023-жылдан баштап гана үй курууга киришип, алгачкыларын 2024-жылдан тарта гана бере баштаганын белгиледи. МИКтин өкүлү 2026-жылы батирлер бир нече этап менен берилерине токтолуп, даректерин айтты:
https://sputnik.kg/20251001/asker-kyzmatkeri-ipotekadan-batir-aldy-1096870795.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/19/1096755115_256:0:2304:1536_1920x0_80_0_0_000e604f544ed158528ad6741edcf9bd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, турак-жай, батир, мамлекеттик ипотекалык компания, гүлзат тотубаева
кыргызстан, турак-жай, батир, мамлекеттик ипотекалык компания, гүлзат тотубаева
МИК 2026-жылы 20 миң батир берүүнү пландап жатат. Даректер
11:38 05.12.2025 (Жаңыртылды: 13:32 05.12.2025) БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кийинки жылы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдөн 20 миңге чукул батир ээсине тапшырылат, анын 4 миңи Бишкек шаарында жайгашкан. Бул тууралуу МИКтин Калк менен иштеөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева
Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Адистин айтымында, 2023-жылдан бери компания өлкө аймагы боюнча 4 миң 662 батир берген.
Ал эми турак жай алчулардын кезегинин жай жылышы боюнча Тотубаева МИК өзү 2023-жылдан баштап гана үй курууга киришип, алгачкыларын 2024-жылдан тарта гана бере баштаганын белгиледи.
МИКтин өкүлү 2026-жылы батирлер бир нече этап менен берилерине токтолуп, даректерин айтты:
"Мурас" турай жай комплекси — 2 280 батир;
Волков менен Костанай көчөлөрүнүн кесилишиндеги үй — 1 320 батир;
"Ынтымак" турак жай комплекси — 918 батир;
Тынчтык проспекти менен Горный көчөсүнүн кесилишиндеги үй — 120 батир;
Кара-жыгач конушундагы Бегматов көчөсүн жайгашкан объект — 105 батир;
Чыңгыз Айтматов проспекти, 104 дарегиндеги турак жай — 665 батир;
Лев Толстой көчөсү, 120 дарегиндеги объект — 280 батир.