УКМК эскирген азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн товарын жок кылууда
УКМК эскирген азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн товарын жок кылууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте премиум-класстагы эскирген азык-түлүктү саткан жана сактаган кампа аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 28.11.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте премиум-класстагы эскирген азык-түлүктү саткан жана сактаган кампа аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, 10 жылдан ашуун убакыттан бери премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген жарманке дүкөнүнүн негиздөөчүсү, 37 жаштагы З.С.Н. аттуу жаран беш-алты жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн. Ал азыктарды колдонууга жарактуу товарлар менен аралаш жүктөп келгендиктен текшерүүнү татаалдаштырып айласын тапканы белгиленген. Шектүүнүн кампаларын тинтүү учурунда мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафактылык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лабораториясы, техника жана оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүндөр, онлайн-платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздары табылган. УКМК Жаратылыш министрлиги менен бирге жараксыз товарларды жок кылууда.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте премиум-класстагы эскирген азык-түлүктү саткан жана сактаган кампа аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10 жылдан ашуун убакыттан бери премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген жарманке дүкөнүнүн негиздөөчүсү, 37 жаштагы З.С.Н. аттуу жаран беш-алты жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн.
Ал азыктарды колдонууга жарактуу товарлар менен аралаш жүктөп келгендиктен текшерүүнү татаалдаштырып айласын тапканы белгиленген.
УКМК Жаратылыш министрлиги менен бирге жараксыз товарларды жок кылууда
"Европадан италиялык соустар, сыр, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүк катары көрсөтүлгөн продукциялар иш жүзүндө элдин ден соолугуна коркунуч жаратуучу зыяндуу жасалма тамак-аш азыктары болгон", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүнүн кампаларын тинтүү учурунда мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафактылык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лабораториясы, техника жана оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүндөр, онлайн-платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздары табылган.
УКМК Жаратылыш министрлиги менен бирге жараксыз товарларды жок кылууда.