https://sputnik.kg/20251116/tuura-emes-tamaktanuu-baldar-arasynda-1097824210.html
Туура эмес тамактануу балдардагы аллергияны шарттап жатат. Дарыгердин маеги
Туура эмес тамактануу балдардагы аллергияны шарттап жатат. Дарыгердин маеги
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жаштардын жана өспүрүмдөрдүн тамактануусу акыркы жылдары олуттуу өзгөрүүгө дуушар болду. Тез татым, газдалган суусундук жана майлуу даяр тамактар... 16.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-16T20:11+0600
2025-11-16T20:11+0600
2025-11-16T20:11+0600
балдар
өспүрүмдөр
туура тамактануу
тез татым
кыргызстан
маек
бактыгүл жумакулова
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0d/1097827488_0:174:3068:1900_1920x0_80_0_0_0b75b885874fc545385732f98005e06a.jpg
Кыргызстанда жаштардын жана өспүрүмдөрдүн тамактануусу акыркы жылдары олуттуу өзгөрүүгө дуушар болду. Тез татым, газдалган суусундук жана майлуу даяр тамактар жаш муундун күнүмдүк жашоосунун бөлүгүнө айланды. Буга мода катары караган жаштар да, ата-энелер да анын кесепетин баамдай бербейт. Изилдөөгө ылайык, өлкөдөгү студенттердин 48 пайызы зыяндуу азыктарды үзгүлтүксүз колдонушат, көбү энергетикалык суусундуктарга артыкчылык берет. Ал эми 35 пайызы спирт ичимдиктерин ичишет. Бул — бүгүнкү күндө өспүрүмдөрдүн арасында туура тамактануу маданиятынын жоктугунун далили. Мына ушул көйгөйлөргө байланыштуу биз Бишкек шаарынын №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун мектеп дарыгери Бактыгүл Жумакулова менен өспүрүмдөрдү кантип туура тамактандыруу керектиги жөнүндө маектештик. — Бактыгүл Темирбековна, адегенде өспүрүмдөрдүн бүгүнкү күндөгү тамактануусу тууралуу кеп кылып берсеңиз. Абал кандай? — Мен мектеп медицинасында иштеп келе жатканыма 15 жылдай болду. Башталгыч класстардын (1-4) окуучуларына ысык тамак берилет. Ал эми орто жана жогорку класстагы балдардын тамактануусу көзөмөлдөн чыгып кетти. Алардын көбү мектепке жакын дүкөндөрдөн, кафелерден же көчөдөгү тез татым жайларынан майлуу жана калориялуу азыктар менен тамактанышат. Мындай тамак убактылуу энергия бергени менен организмди пайдалуу заттар менен камсыздай албайт. Туура тамактануу маданияты үйдөн башталышы керек. Эгер ата-эне балага кандай азык пайдалуу экенин, качан жана канча маал тамактануу керектигин үйрөтпөсө, мектептеги түшүндүрүү иштери натыйжа бербейт. Азыркы тапта көпчүлүк балдар эртең мененки тамакты өткөрүп жиберет же мектепке бараткан жолдо сэндвич, чипс, кириешка жана таттуу суусундук менен курсагын алдашат. Ошондой эле шаурма, бургердин түрлөрү, пицца, куурулган картошка жана тоок этин көп жешет. Мындай тамактар "модага" айланып калды. Акыркы жылдары аллергиядан жапа чеккен балдардын саны кескин көбөйдү. Мурда сейрек болчу. Мунун баары — туура эмес тамактануунун натыйжасы. Көчөдөгү тамактардын курамында май жана туз өтө көп, алар организмде туздун топтолушуна, таштын пайда болушуна алып келет. Убакыттын өтүшү менен бөйрөк жана ашказан оорулары, ашыкча салмак сыяктуу көйгөйлөр пайда болот. Тилекке каршы, учурда бул оорулар жаш куракта эле байкалып жатат. — Бул көрүнүштү токтотуу мүмкүнбү? Мектептерде кандай аракеттер көрүлүп жатат? — Өкүнүчтүүсү, бул тамактардын көбү санитардык талаптарга жооп бербейт, аларды көзөмөлдөп жаткан адистер дээрлик жок. Мектептерде учурда "Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу" программасынын алкагында туура тамактануу, гигиена жана сергек жашоо боюнча сабактар өтүлүп келет. Биз ар бир класска кирип, түшүндүрүп беребиз. Бирок бул жетишсиз. Мында үйдөгү тарбия жана ата-эненин мамилеси эң негизги ролду ойнойт. Баладан "эртең менен үйдөн тамак ичтиңби" деп сурасаң, көпчүлүгү "жок" деп жооп берет. Мисалы, бизди апаларыбыз эч качан мектепке ачка жөнөтчү эмес. Таң атары менен эле кам көрүп, жок дегенде бир жумуртка бышырып же сары май сүйкөлгөн нан берип узатчу. Ошондо ата-эненин да көңүлү ток, баланын да күнү сергек, маанайы жакшы эле. Окуучулар убактысынын көбүн мектептен тышкары өткөргөндүктөн туура тамактануунун маанисин үйдөн көбүрөөк айтуу зарыл. Ата-эне өздөрү үлгү көрсөтүшү керек. Үйдө фастфуд же газдалган суусундуктар көп колдонулса, балага "жебе" деп айтуу натыйжа бербейт. Бала эмне жеп жатканын түшүнмөйүнчө көйгөй чечилбейт. — Ата-энелер менен байланыш барбы, бул маселеде чогуу иштешип жатасыздарбы? — Жалпы билим берүү мекемелеринде "Ата-энелер мектеби" деген долбоор түзүлгөн. Ошонун алкагында туура тамактануунун эрежелерин, азыктардын пайдалуулугун айтып келебиз. Айыл жеринде бул иш жакшы жүрүп жатат, ата-энелер жигердүү катышат. Ал эми шаарда абал башка. Ата-энелердин көбү жумушта болуп чогулуштарга келе албай калат. Ошондуктан маалыматты көбүнчө балдарга жеткирүү менен гана чектелип жатабыз. — Өспүрүм курак өсүү менен өнүгүүнүн мезгили болгондуктан, бул учурда туура тамактануу өзгөчө мааниге ээ дейбиз. Кайсы азыктарды көбүрөөк колдонууну сунуштайсыз? — Ооба, өспүрүм куракта организм тез өсүп, энергияга жана пайдалуу заттарга өзгөчө муктаж болот. Бул мезгилде туура, табигый жана түрлөп тамактануу абдан маанилүү. Эл ичинде "эртең мененки ырыскыны кыйбаш керек" деп бекеринен айтылбайт. Күн белокко, витаминге жана пайдалуу заттарга бай азыктар менен башталышы керек. Мисалы, жумуртка, сүт жана сүт азыктары, нан, ботко, ошондой эле жемиштер, жашылчалар ден соолукка абдан пайдалуу. Түнү уктап жатканда организм эс алат дегенибиз менен энергия сарптайт. Эгер адам эртең менен тамактанбаса тез чарчап, сабакка же жумушка көңүлүн топтой албай калат. Ошондуктан эртең мененки тамактанууга жаш курагына карабай маани бериш кажет. Эң негизгиси — күнүнө төрт маал жана убагында тамактануу тартибин сактаган дурус. Мындай режим организмге жетиштүү энергия берип, өспүрүмдүн өсүшүнө жана окуу процессине оң таасирин тийгизет. — Азыр кээ бир кыздар арык бойдон калуу максатында тамактанбай да коюшат... — Бул абдан кооптуу. Жогоруда айтылгандай, өспүрүм куракта организм активдүү өсүп, калыптануу процесси жүрөт. Эгер организмге керектүү тамак-аш жетпесе кийин ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Гормоналдык бузулуулар, аз кандуулук жана өзгөчө эне болуу функциясынын начарлашы сыяктуу кесепеттер жаралат. Бүгүнкү кыздар — эртеңки энелер, демек, туура тамактануу менен ден соолукту чыңдап, келечектеги бакубат жашоону камсыздоо зарыл экенин түшүнүшү керек.
https://sputnik.kg/20241209/tamak-ashtyn-paydaluulugu-1090686812.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0d/1097827488_337:0:3068:2048_1920x0_80_0_0_22df7831d8a8be8cd920d96b73b325ee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
балдар, өспүрүмдөр, туура тамактануу, тез татым, кыргызстан, маек, бактыгүл жумакулова
балдар, өспүрүмдөр, туура тамактануу, тез татым, кыргызстан, маек, бактыгүл жумакулова
Кыргызстанда жаштардын жана өспүрүмдөрдүн тамактануусу акыркы жылдары олуттуу өзгөрүүгө дуушар болду. Тез татым, газдалган суусундук жана майлуу даяр тамактар жаш муундун күнүмдүк жашоосунун бөлүгүнө айланды. Буга мода катары караган жаштар да, ата-энелер да анын кесепетин баамдай бербейт.
Изилдөөгө ылайык, өлкөдөгү студенттердин 48 пайызы зыяндуу азыктарды үзгүлтүксүз колдонушат, көбү энергетикалык суусундуктарга артыкчылык берет. Ал эми 35 пайызы спирт ичимдиктерин ичишет. Бул — бүгүнкү күндө өспүрүмдөрдүн арасында туура тамактануу маданиятынын жоктугунун далили. Мына ушул көйгөйлөргө байланыштуу биз Бишкек шаарынын №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун мектеп дарыгери Бактыгүл Жумакулова менен өспүрүмдөрдү кантип туура тамактандыруу керектиги жөнүндө маектештик.
— Бактыгүл Темирбековна, адегенде өспүрүмдөрдүн бүгүнкү күндөгү тамактануусу тууралуу кеп кылып берсеңиз. Абал кандай?
— Мен мектеп медицинасында иштеп келе жатканыма 15 жылдай болду. Башталгыч класстардын (1-4) окуучуларына ысык тамак берилет. Ал эми орто жана жогорку класстагы балдардын тамактануусу көзөмөлдөн чыгып кетти. Алардын көбү мектепке жакын дүкөндөрдөн, кафелерден же көчөдөгү тез татым жайларынан майлуу жана калориялуу азыктар менен тамактанышат. Мындай тамак убактылуу энергия бергени менен организмди пайдалуу заттар менен камсыздай албайт.
Туура тамактануу маданияты үйдөн башталышы керек. Эгер ата-эне балага кандай азык пайдалуу экенин, качан жана канча маал тамактануу керектигин үйрөтпөсө, мектептеги түшүндүрүү иштери натыйжа бербейт. Азыркы тапта көпчүлүк балдар эртең мененки тамакты өткөрүп жиберет же мектепке бараткан жолдо сэндвич, чипс, кириешка жана таттуу суусундук менен курсагын алдашат. Ошондой эле шаурма, бургердин түрлөрү, пицца, куурулган картошка жана тоок этин көп жешет. Мындай тамактар "модага" айланып калды.
Акыркы жылдары аллергиядан жапа чеккен балдардын саны кескин көбөйдү. Мурда сейрек болчу. Мунун баары — туура эмес тамактануунун натыйжасы. Көчөдөгү тамактардын курамында май жана туз өтө көп, алар организмде туздун топтолушуна, таштын пайда болушуна алып келет. Убакыттын өтүшү менен бөйрөк жана ашказан оорулары, ашыкча салмак сыяктуу көйгөйлөр пайда болот. Тилекке каршы, учурда бул оорулар жаш куракта эле байкалып жатат.
— Бул көрүнүштү токтотуу мүмкүнбү? Мектептерде кандай аракеттер көрүлүп жатат?
— Өкүнүчтүүсү, бул тамактардын көбү санитардык талаптарга жооп бербейт, аларды көзөмөлдөп жаткан адистер дээрлик жок. Мектептерде учурда "Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу" программасынын алкагында туура тамактануу, гигиена жана сергек жашоо боюнча сабактар өтүлүп келет. Биз ар бир класска кирип, түшүндүрүп беребиз. Бирок бул жетишсиз. Мында үйдөгү тарбия жана ата-эненин мамилеси эң негизги ролду ойнойт. Баладан "эртең менен үйдөн тамак ичтиңби" деп сурасаң, көпчүлүгү "жок" деп жооп берет. Мисалы, бизди апаларыбыз эч качан мектепке ачка жөнөтчү эмес. Таң атары менен эле кам көрүп, жок дегенде бир жумуртка бышырып же сары май сүйкөлгөн нан берип узатчу. Ошондо ата-эненин да көңүлү ток, баланын да күнү сергек, маанайы жакшы эле. Окуучулар убактысынын көбүн мектептен тышкары өткөргөндүктөн туура тамактануунун маанисин үйдөн көбүрөөк айтуу зарыл. Ата-эне өздөрү үлгү көрсөтүшү керек. Үйдө фастфуд же газдалган суусундуктар көп колдонулса, балага "жебе" деп айтуу натыйжа бербейт. Бала эмне жеп жатканын түшүнмөйүнчө көйгөй чечилбейт.
— Ата-энелер менен байланыш барбы, бул маселеде чогуу иштешип жатасыздарбы?
— Жалпы билим берүү мекемелеринде "Ата-энелер мектеби" деген долбоор түзүлгөн. Ошонун алкагында туура тамактануунун эрежелерин, азыктардын пайдалуулугун айтып келебиз. Айыл жеринде бул иш жакшы жүрүп жатат, ата-энелер жигердүү катышат. Ал эми шаарда абал башка. Ата-энелердин көбү жумушта болуп чогулуштарга келе албай калат. Ошондуктан маалыматты көбүнчө балдарга жеткирүү менен гана чектелип жатабыз.
— Өспүрүм курак өсүү менен өнүгүүнүн мезгили болгондуктан, бул учурда туура тамактануу өзгөчө мааниге ээ дейбиз. Кайсы азыктарды көбүрөөк колдонууну сунуштайсыз?
— Ооба, өспүрүм куракта организм тез өсүп, энергияга жана пайдалуу заттарга өзгөчө муктаж болот. Бул мезгилде туура, табигый жана түрлөп тамактануу абдан маанилүү. Эл ичинде "эртең мененки ырыскыны кыйбаш керек" деп бекеринен айтылбайт. Күн белокко, витаминге жана пайдалуу заттарга бай азыктар менен башталышы керек. Мисалы, жумуртка, сүт жана сүт азыктары, нан, ботко, ошондой эле жемиштер, жашылчалар ден соолукка абдан пайдалуу.
Түнү уктап жатканда организм эс алат дегенибиз менен энергия сарптайт. Эгер адам эртең менен тамактанбаса тез чарчап, сабакка же жумушка көңүлүн топтой албай калат. Ошондуктан эртең мененки тамактанууга жаш курагына карабай маани бериш кажет. Эң негизгиси — күнүнө төрт маал жана убагында тамактануу тартибин сактаган дурус. Мындай режим организмге жетиштүү энергия берип, өспүрүмдүн өсүшүнө жана окуу процессине оң таасирин тийгизет.
— Азыр кээ бир кыздар арык бойдон калуу максатында тамактанбай да коюшат...
— Бул абдан кооптуу. Жогоруда айтылгандай, өспүрүм куракта организм активдүү өсүп, калыптануу процесси жүрөт. Эгер организмге керектүү тамак-аш жетпесе кийин ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Гормоналдык бузулуулар, аз кандуулук жана өзгөчө эне болуу функциясынын начарлашы сыяктуу кесепеттер жаралат. Бүгүнкү кыздар — эртеңки энелер, демек, туура тамактануу менен ден соолукту чыңдап, келечектеги бакубат жашоону камсыздоо зарыл экенин түшүнүшү керек.