https://sputnik.kg/20251112/1097793316.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат. Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында... 12.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-12T13:00+0600
2025-11-12T13:00+0600
2025-11-12T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0c/1097793149_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9cf34d7521ed0882217500f9390213b1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат. Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт. Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.
Кыргызстандын мектептеринде бардык сабактар бүткөндөн кийин бир сааттын ичинде жарык өчүрүлүшү керек. Бул тууралуу Агартууминистрлиги билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин соцтармактарда электр энергиясынын тартыштыгынан улам сабактар кыскартылып, ийримдер убактылуу жабылып жатканы тууралуу маалымат тараган. Айрымдар саат 18:00дөн кийин жарык күйгүзүүгө болбой турганын да жазышкан. Агартуу министрлиги электр энергиясын үнөмдөө боюнча токтомдун негизинде чаралар көрүлүп жатканын тастыктады. Имараттардын иштешин жана сакталышын камсыз кылган инженердик системалар менен жабдуулар бул чектөөгө кирбейт. Ал эми Бишкек мэриясы окуу процесси, ийримдердин иши үзгүлтүккө учурабай турганын билдирди. Бийлик кыргызстандыктарды электр кубатын үнөмдөөгө чакырып келет. Бул Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 миллиард метр кубга аз экендиги менен түшүндүрүлгөн.
Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегаты тең реконструкцияланып бүттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Ведомстсво жетекчиси Таалайбек Ибраевдин айтымында, реконструкциядан кийин станциянын кубаттуулугу 1200 мегаваттан 1440 мегаваттка чейин көбөйдү."Ар бир гидроагрегатка 60 мегаваттан кошулду. Учурда суу менен сыналып бүттү. Гидроагрегат штаттык режимде иштеп жатат", — деп белгилеген министр. ГЭСти жаңылоо жумуштары 2019-жылы башталган. Ошондой эле Үч-Коргон электр станциясында экинчи гидроагрегат жаңыланды. Мында да жалпы төрт гидроагрегат алмашары айтылган.
Украинада НАБУ уюмунун энергетика тармагындагы иликтөөсүнөн кийин чыккан коррупциялык жаңжал уланууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени мурда маалымдалган. Украина өкмөтү компаниянын жана мурдагы энергетика министри Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат. Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат. Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт. Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.Кыргызстандын мектептеринде бардык сабактар бүткөндөн кийин бир сааттын ичинде жарык өчүрүлүшү керек. Бул тууралуу Агартууминистрлиги билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин соцтармактарда электр энергиясынын тартыштыгынан улам сабактар кыскартылып, ийримдер убактылуу жабылып жатканы тууралуу маалымат тараган. Айрымдар саат 18:00дөн кийин жарык күйгүзүүгө болбой турганын да жазышкан. Агартуу министрлиги электр энергиясын үнөмдөө боюнча токтомдун негизинде чаралар көрүлүп жатканын тастыктады. Имараттардын иштешин жана сакталышын камсыз кылган инженердик системалар менен жабдуулар бул чектөөгө кирбейт. Ал эми Бишкек мэриясы окуу процесси, ийримдердин иши үзгүлтүккө учурабай турганын билдирди. Бийлик кыргызстандыктарды электр кубатын үнөмдөөгө чакырып келет. Бул Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 миллиард метр кубга аз экендиги менен түшүндүрүлгөн.Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегаты тең реконструкцияланып бүттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Ведомстсво жетекчиси Таалайбек Ибраевдин айтымында, реконструкциядан кийин станциянын кубаттуулугу 1200 мегаваттан 1440 мегаваттка чейин көбөйдү."Ар бир гидроагрегатка 60 мегаваттан кошулду. Учурда суу менен сыналып бүттү. Гидроагрегат штаттык режимде иштеп жатат", — деп белгилеген министр. ГЭСти жаңылоо жумуштары 2019-жылы башталган. Ошондой эле Үч-Коргон электр станциясында экинчи гидроагрегат жаңыланды. Мында да жалпы төрт гидроагрегат алмашары айтылган.Украинада НАБУ уюмунун энергетика тармагындагы иликтөөсүнөн кийин чыккан коррупциялык жаңжал уланууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени мурда маалымдалган. Украина өкмөтү компаниянын жана мурдагы энергетика министри Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат. Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0c/1097793149_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5708486c0261cc41ee60c7e55ef426ce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио