https://sputnik.kg/20251110/1097737239.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
ЖК талапкерлеринин үгүт иштерине бүгүн расмий старт берилди Би-би-синин башкы директору Трамптын сөзүн бурмалаганы үчүн кызматтан кетмей болдуАдылбек... 10.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-10T11:00+0600
2025-11-10T11:00+0600
2025-11-10T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0a/1097737073_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_765e70a6bbf8515f6d79ef8fe33cb7f2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
ЖК талапкерлеринин үгүт иштерине бүгүн расмий старт берилди Би-би-синин башкы директору Трамптын сөзүн бурмалаганы үчүн кызматтан кетмей болдуАдылбек Касымалиев өлкөнү жаштарын майрамы менен куттуктады. Алдыда кененирээкКыргызстанда турак жай жаштар үчүн жеткиликтүү боло баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаштар күнү менен куттуктоосунда айткан. Ал кыргыз жаштары Гарвард, Массачусетс, Йель, Принстон сыяктуу дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алып жатканын белгилеген. Минкаб башчысы жаштар эл аралык спорттук жана интеллектуалдык мелдештерде ийгиликтерге жетишип, калк ичинде билектин күчү да, билимдин күчү да жогорку деңгээлде экенин далилдеп келишерин айткан. "Акыркы жылдары Кыргызстанда турак жай куруу жогорку темп менен жүрүп жаткандыктан жаштар үчүн үйлөр жеткиликтүү боло баштады. IT тармагында, ошондой эле курулушта, өнөр жайда, айыл чарбасында жана туризмде көптөгөн жаңы жумуш орундары түзүлдү", — деген Касымалиев. Өкмөт башчы 2023-2030-жылдардагы Жаштарды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын алкагындагы иш-чаралар жаштардын демилгеси, таланты менен айкалышып, билим алуу, жумушка орношуу жана коомдук турмушка катышууда жакшы жылыштар болуп жатканын кошумчалаган.
Бүгүн, 10-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт өнөктүгү башталды. Бул шайлоо кезексиз болгондуктан өнөктүк 20 күнгө созулуп, 29-ноябрда саат 8:00дө жыйынтыкталат. Парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген. 30 округдан депутат болууга жалпысынан 467 киши аттанды.Расмий катталгандардын 276сы — эркек, 191и аялдар болду. №19 округдан эң көп, тагыраагы, 25 талапкер чыкты.
Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге салык мыйзамдарынын нормалары жөнүндө эскертет. Ага ылайык, талапкерлердин ишенимдүү адамынын, байкоочунун, өкүлдүн милдеттерин аткаргандыгы же үгүт кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү мезгилинде талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунан жеке жактар тарабынан алынган каражаттарга киреше салыгы салынбайт. Мындан тышкары, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде үгүтчүлөрдүн иши патенттик негизде салык салынуучу иш түрлөрүнүн тизмесине кирбейт. Дагы бир маанилүү жагдай — "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтер жөнүндө" мыйзамга ылайык, үгүтчүлөрдүн, байкоочулардын жана ишенимдүү адамдардын алган кирешелери жана сый акысы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат. Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн кирешелерди салык салууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жоболоруна ылайык иш жүргүзүү зарыл.
Би-би-синин башкы директору Тим Дэйви Дональд Трамптын сөзүн бурмалаганы үчүн сынга кабылгандыктан отставкага кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Тим Дэйви менен аткаруучу директор Дебора Тёрнесс Би-би-синин Panorama даректүү тасмасы АКШ президентинин сөзүн бурмалап, көрүүчүлөрдү адаштырды деген сынга кабылгандан кийин кызматтан кетип жатышат", — деп айтылат телерадиокомпаниянын сайтында. Дэйви кийинчерээк жарыяланган кайрылуусунда Би-би-си жалпысынан жакшы иштеп жатканын, бирок анча-мынча ката кеткенин моюндаган. Буга чейин Telegraph гезити Би-би-синин материалы Трамп Капитолийдеги башаламандыктарды колдогондой таасир калтырганын жазган. Андан соң Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт британиялык телерадиокомпанияны "фейк маалымат каражаты" деп атаган.
ЖК талапкерлеринин үгүт иштерине бүгүн расмий старт берилди Би-би-синин башкы директору Трамптын сөзүн бурмалаганы үчүн кызматтан кетмей болдуАдылбек Касымалиев өлкөнү жаштарын майрамы менен куттуктады. Алдыда кененирээкКыргызстанда турак жай жаштар үчүн жеткиликтүү боло баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаштар күнү менен куттуктоосунда айткан. Ал кыргыз жаштары Гарвард, Массачусетс, Йель, Принстон сыяктуу дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алып жатканын белгилеген. Минкаб башчысы жаштар эл аралык спорттук жана интеллектуалдык мелдештерде ийгиликтерге жетишип, калк ичинде билектин күчү да, билимдин күчү да жогорку деңгээлде экенин далилдеп келишерин айткан. "Акыркы жылдары Кыргызстанда турак жай куруу жогорку темп менен жүрүп жаткандыктан жаштар үчүн үйлөр жеткиликтүү боло баштады. IT тармагында, ошондой эле курулушта, өнөр жайда, айыл чарбасында жана туризмде көптөгөн жаңы жумуш орундары түзүлдү", — деген Касымалиев. Өкмөт башчы 2023-2030-жылдардагы Жаштарды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын алкагындагы иш-чаралар жаштардын демилгеси, таланты менен айкалышып, билим алуу, жумушка орношуу жана коомдук турмушка катышууда жакшы жылыштар болуп жатканын кошумчалаган.Бүгүн, 10-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт өнөктүгү башталды. Бул шайлоо кезексиз болгондуктан өнөктүк 20 күнгө созулуп, 29-ноябрда саат 8:00дө жыйынтыкталат. Парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген. 30 округдан депутат болууга жалпысынан 467 киши аттанды.Расмий катталгандардын 276сы — эркек, 191и аялдар болду. №19 округдан эң көп, тагыраагы, 25 талапкер чыкты. Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге салык мыйзамдарынын нормалары жөнүндө эскертет. Ага ылайык, талапкерлердин ишенимдүү адамынын, байкоочунун, өкүлдүн милдеттерин аткаргандыгы же үгүт кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү мезгилинде талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунан жеке жактар тарабынан алынган каражаттарга киреше салыгы салынбайт. Мындан тышкары, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде үгүтчүлөрдүн иши патенттик негизде салык салынуучу иш түрлөрүнүн тизмесине кирбейт. Дагы бир маанилүү жагдай — "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтер жөнүндө" мыйзамга ылайык, үгүтчүлөрдүн, байкоочулардын жана ишенимдүү адамдардын алган кирешелери жана сый акысы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат. Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн кирешелерди салык салууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жоболоруна ылайык иш жүргүзүү зарыл.Би-би-синин башкы директору Тим Дэйви Дональд Трамптын сөзүн бурмалаганы үчүн сынга кабылгандыктан отставкага кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Тим Дэйви менен аткаруучу директор Дебора Тёрнесс Би-би-синин Panorama даректүү тасмасы АКШ президентинин сөзүн бурмалап, көрүүчүлөрдү адаштырды деген сынга кабылгандан кийин кызматтан кетип жатышат", — деп айтылат телерадиокомпаниянын сайтында. Дэйви кийинчерээк жарыяланган кайрылуусунда Би-би-си жалпысынан жакшы иштеп жатканын, бирок анча-мынча ката кеткенин моюндаган. Буга чейин Telegraph гезити Би-би-синин материалы Трамп Капитолийдеги башаламандыктарды колдогондой таасир калтырганын жазган. Андан соң Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт британиялык телерадиокомпанияны "фейк маалымат каражаты" деп атаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0a/1097737073_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_60cc7e660b20bc18f3edb03c46a0af69.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио