00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
20-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 373кө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. БШКнын маалыматына ылайык, алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирди. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот. Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.
БУУ Кыргызстанды өлүм жазасын киргизүү ниетинен тез арада кайтууга чакырды. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Тюрк мындай кадам эл аралык укукту олуттуу буза турганын эскертти. Анын айтымында, дүйнөдөгү бир дагы сот системасы идеалдуу эмес, ошондуктан өлүм жазасы кайтарылса мамлекеттин колу менен күнөөсүз адам өлтүрүлүшү мүмкүн. Ал бул эл аралык документтерден чыгуунун жол-жобосу каралбаганын белгилеп, өлүм жазасын жокко чыгарган мамлекет кайра аны киргизе албай турганын белгилеген. “Кыргызстан көп жылдан бери өлүм жазасын жоюу боюнча позитивдүү тенденциянын бөлүгү болуп келди. Азыркы демилгелер өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине каршы келет”, — деди жогорку комиссар. Ошондой эле ал өлүм жазасы оор кылмыштарды азайтат же алдын алат деген далилдер жок экенин кошумчалаган. Кыргызстанда педофилдерге жана зордуктап өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүү сунушталып, Конституцияга өзгөртүү киргизүү коомдук талкууга чыгарылган. **Жалал-Абад облусунда селди алдын алуу үчүн токой зоналарын көбөйтүү боюнча долбоор башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, долбоорго Дүйнөлүк банк колдоо көрсөтүп жатат. Анын алкагында алдын ала тандалган, сел көп жүргөн тилкелерге бак-дарак отургузулуп, тоо этектери бекемделип, деградация болгон жайыттар калыбына келтирилет."Эксперттер белгилегендей, өз учурунда чара көрүү аймактагы экосистеманын тең салмагын сактап, жергиликтүү калктын жана айыл чарба жерлеринин коопсуздугун камсыздайт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, долбоорду Өзгөчө кырдаалдар министрлиги координациялайт. Негизги максаты — климаттык жана экологиялык туруктуулукту күчөтүү, жаратылыш кырсыктарына дуушар болгон аймактарды коргоо.
АКШ президенти Дональд Трамп Россия менен жаңжалдашып жаткан Украинанын жеңишке жетерине ишенбейт, бирок аны таптакыр жокко да чыгарбайт. Бул тууралуу ал Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды. "Жеңишке жетсе болот. Менимче, алар жеңе албайт, бирок колунан келмек", — деген өлкө башчысы. Трамп АКШ куралдуу кагылышты токтотуу боюнча тараптардын эпке келүүсүнө шарт түзүүгө аракет кылып жатканын белгиледи. "Абал жөнгө салынса — абдан жакшы. Салынбай турган болсо көп киши үчүн куну оор болот", — деди АКШ лидери. Анткен менен президент тирешүүнүн кесепетин кайсы тарап тарта турганын тактаган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0