https://sputnik.kg/20251019/yeb-liderleri-rf-aksh-sammitin-bolturboogo-araket-kylat-1097267324.html
Сийярто: ЕБ лидерлери РФ-АКШ саммитин үзгүлтүккө учуратууга аракет кылат
Сийярто: ЕБ лидерлери РФ-АКШ саммитин үзгүлтүккө учуратууга аракет кылат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Европа лидерлери Россия менен АКШ лидерлеринин Будапешттеги жолугушуусун болтурбоого аракет кылат, себеби алардын көбү Украинадагы... 19.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-19T20:30+0600
2025-10-19T20:30+0600
2025-10-19T20:30+0600
дүйнөдө
акш
россия
венгрия
саммит
петер сийярто
геосаясат
https://sputnik.kg/img/07e9/08/19/1096077957_0:186:2747:1731_1920x0_80_0_0_ffe256cdc720ca83935f6c1c7a8b3775.jpg
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Европа лидерлери Россия менен АКШ лидерлеринин Будапешттеги жолугушуусун болтурбоого аракет кылат, себеби алардын көбү Украинадагы жаңжалдын токтошуна кызыкдар эмес. Бул туурасында Венгрия ТИМинин жетекчиси Петер Сийярто айтканын РИА Новости жазды. ТИМ башчысы Словакия менен Венгриядан башка дээрлик бардык Европа биримдигине мүчө мамлекеттер "согушчул саясат" жүргүзүп жатканын белгилеген. Алар Украинадагы жаңжалды өздөрүнүн иши катары көрсөтүп, согушка даярданып, Европа биримдигин аскердик тартипке өткөрүүнү, Украинаны курал менен камсыздоону жана аны европалыктардын эсебинен каржылоону каалашат. Сийярто Венгрия болсо тынчтык саммитин уюштуруруп жатканын белгилеген. 2025-жылдын 16-октябрында Трамп менен Путиндин Америка президентинин экинчи мөөнөтү башталгандан бери сегизинчи жана эң узак телефондук сүйлөшүүсү болду. Ал эки жарым саатка созулду. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, президенттер Будапештте өтүшү мүмкүн болгон жаңы саммитти жана ортодогу кызматташтыкты талкуулаган. Өлкө башчылар Украина маселесине кенен токтолуп, президент Путин Россия тарап көйгөйдү дипломатиялык жол менен жөнгө салууга умтуларын баса белгилеген. Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү боюнча маселени да козгошкон. Россия лидери бул курал согуштагы абалды өзгөртпөстүгүн, бирок Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилени суук селки кыларын айткан. Трамп Украинада тез арада тынчтык орнотуу зарылдыгын бир нече жолу баса белгилеп, жаңжалдын аякташы Россия менен АКШнын экономикалык кызматташтыгы үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачарын билдирген. Кийинчерээк америкалык лидер "Томагавк" ракеталары АКШнын өзүнө керектигин айтты. Ал Путин аталган куралды Россиянын душмандарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн жактырбастыгын кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20251017/kechee-putin-menen-tramp-emnelerdi-suyloshkonun-ushakov-aytyp-berdi-1097217965.html
акш
венгрия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/19/1096077957_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_b8b40a20b64070e1a6e53bd23e117d9f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, венгрия, саммит, петер сийярто, геосаясат
дүйнөдө, акш, россия, венгрия, саммит, петер сийярто, геосаясат
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Европа лидерлери Россия менен АКШ лидерлеринин Будапешттеги жолугушуусун болтурбоого аракет кылат, себеби алардын көбү Украинадагы жаңжалдын токтошуна кызыкдар эмес. Бул туурасында Венгрия ТИМинин жетекчиси Петер Сийярто айтканын
РИА Новости жазды.
"Европа биримдигиндеги саясатчылардын басымдуу бөлүгү бул саммит өтпөшү үчүн алдыдагы жума же күндөрдө колунан келгендин бардыгын жасай турганын билип турабыз. Себеби, эгер саммит өтүп калса, тынчтык орношуна мүмкүнчүлүк берет. Ал эми мен айткандар согуштун улануусуна кызыкдар", — деп Сийярто Kossuth радиосунун эфиринде айткан.
ТИМ башчысы Словакия менен Венгриядан башка дээрлик бардык Европа биримдигине мүчө мамлекеттер "согушчул саясат" жүргүзүп жатканын белгилеген. Алар Украинадагы жаңжалды өздөрүнүн иши катары көрсөтүп, согушка даярданып, Европа биримдигин аскердик тартипке өткөрүүнү, Украинаны курал менен камсыздоону жана аны европалыктардын эсебинен каржылоону каалашат. Сийярто Венгрия болсо тынчтык саммитин уюштуруруп жатканын белгилеген.
2025-жылдын 16-октябрында Трамп менен Путиндин Америка президентинин экинчи мөөнөтү башталгандан бери сегизинчи жана эң узак телефондук сүйлөшүүсү болду. Ал эки жарым саатка созулду. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, президенттер Будапештте өтүшү мүмкүн болгон жаңы саммитти жана ортодогу кызматташтыкты талкуулаган.
Өлкө башчылар Украина маселесине кенен токтолуп, президент Путин Россия тарап көйгөйдү дипломатиялык жол менен жөнгө салууга умтуларын баса белгилеген. Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү боюнча маселени да козгошкон. Россия лидери бул курал согуштагы абалды өзгөртпөстүгүн, бирок Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилени суук селки кыларын айткан.
Трамп Украинада тез арада тынчтык орнотуу зарылдыгын бир нече жолу баса белгилеп, жаңжалдын аякташы Россия менен АКШнын экономикалык кызматташтыгы үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачарын билдирген.
Кийинчерээк америкалык лидер "Томагавк" ракеталары АКШнын өзүнө керектигин айтты. Ал Путин аталган куралды Россиянын душмандарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн жактырбастыгын кошумчалаган.