00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бала комузчудан улуу устатка чейин. Төгөрөгү төп Нурак Абдрахмановду эскерүү

© Фото / предоставлено семьей Нурака АбдрахмановаКомузчу, обончу, уста жана мыкты устат, өзгөчө таланттуу инсан Кыргыз эл артисти Нурак Абдрахманов. Архив
Комузчу, обончу, уста жана мыкты устат, өзгөчө таланттуу инсан Кыргыз эл артисти Нурак Абдрахманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2025
Жазылуу
Комузчу, обончу, уста жана мыкты устат, өзгөчө таланттуу инсан Кыргыз эл артисти Нурак Абдрахманов арабызда жүрсө быйыл 78 жаштын куттуктоолорун кабыл алмак экен. Бүгүн окурмандарга залкар тууралуу айтып беребиз.
Бала комузчу атка конгон. Нурак Абдырахманов 1947-жылы 19-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Атасы Абдырахмандын таасири менен 6 жашында комуз чертип, Тоголок Молдо айылында, кийинчерээк Ак-Талаа аймагында "бала комузчу" атыга баштайт. Себеби 12 жаш курагында айылдык комузчулардын черткен күүлөрүнөн сырткары Карамолдо, Ыбырай, Атай, Токтогул сыяктуу алп комузчулардын патефонго жазылган 40тан ашык күүсүн үйрөнүп, ар кандай концерт-салтанаттарда, сахналарда аткара билген.
Улуулардын таалимин алган. 1962-жылы 15 жашында эмгекчилердин демилгелүү кароо-сынагына катышып, райондо, облуста жана республикалык сынактарда, комузчулар арасында биринчиликти жеңип алган. Ошол жылдан баштап республикалык жана бүткүл союздук кароо сынактарда комуз өнөрчүлүгү боюнча байгелүү орундарга татыктуу болуу менен бирге Шекербек Шеркулов, Абдыкерим Мокоев, Асаналы Кыштообаев, Абдырахман Кыдырбаев сыяктуу көптөгөн улуу өнөрпоздордун таалимин алат. Алардын ар бири Нурактын жөндөмүн жогору баалап, күү чертүүдөгү татаал ыкмаларды жан дили менен үйрөтүшкөн. 1964-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Токмоктогу маданий-агартуу окуу жайына кабыл алынат.
Эмгек жолу. Ал окуу жайды 1967-жылы бүтүрүп, эмгек жолун өз айылындагы клубдун башчысы болуп иштөөдөн баштайт. Маданият үйүнүн алдында комузчулар ансамблин, драмалык коллектив, хор коллективи жана эстрадалык ансамблди камтыган "Шаттык" өздүк көркөм чыгармачылык ийримин түзөт. Тез эле "Сайра комуз", "Тогуз кайрык", "Эл чыгармачылыгы" сыяктуу телесынактарга катышып, республикалык деңгээлде дайыма биринчи орундарды жеңип алып турган. 1974-жылдан баштап Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебине мугалим болсо, кийинки жылы директорлук кызматка дайындалат. 1976-жылы балдар музыкалык мектептеринин республикалык конкурсунан баш байгеге ээ болуп, Маданият министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланат. 1982-1986-жылдары Аламүдүн райондук маданият үйүнүн директору болсо, 1987-жылы "Камбаркан" ансамблине ырчы-солист болуп кабыл алынган.
© Фото / из семейного архива Ширин АбдрахмановойФрунзе шаарында уюштурулган сынакка катышканы келген учуру
Народный артист КР, лауреат специальной номинации ЮНЕСКО, комузист и композитор Нурак Абдрахманов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2025
Фрунзе шаарында уюштурулган сынакка катышканы келген учуру
Күү жаратуучу. Алгач "Кулунчак", "Ата мурасы" күүлөрүн жаратат. Ага катар "Соң-Көл", "Улуу тоолор" деген чыгармаларын сунуштап, күүчүлүккө ишенимдүү кадам таштайт. Анын аткаруусунда элге белгисиз эң эски элдик күү, ыр-обондордон баштап ХХ кылымдын башында жашап өткөн Боогачы, Сыртпай, Сооронбек, Кашкаары, Атай, Муса, Калмураттардын чыгармалары элдин рух дүйнөсүнө жаңы дем менен тартууланып, сенсация жараткан. Өзү жараткан "Улуу тоо" күүсү жөнүндө "кыргыз эли тоону ата-энебиздей көрөбүз. Тообуз жок болсо өзүбүздү талаада калгандай сезебиз. Бул күүнү кыргыздын тоолоруна таасирленип жазгам" деп айтканы бар.
Комузчу-аткаруучу. Карамолдо, Ыбырай, Ниязаалы Борош уулу, Токтогул Сатылганов, Музооке, Болуш Мадазимов, Чалагыз, Шекербектин күүлөрүн, Сартбай, Муса, Атай, Боогачы, Жумамүдүн, Бектемирдин ырларын өзгөчө чеберчиликте аткарган.
Эмгектери. Нурак Абдрахмановдун аткарган жана чыгарган күүлөрүн даңазалаган эмгектеринен эң алгач 1985-жылы "Комузчу Нурак Абдрахманов" деген аталыштагы грампластинка чыккан. 1987-жылы "Нурак Абдрахманов ырдайт" деген грампластинка, 1995-жылы Японияда, 1997-жылы Франциянын ОКОRA мамлекеттик радиосу тарабынан, 2001-жылы АКШда жана 2000-жылы Чехияда альбомдору чыгарылып, дүйнө элдерине уктурулуп жатат. Андан сырткары, 2009-жылы "Нурактын күүлөрү" деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан.
Устаттык, окутуучулук өзгөчөлүгү. Ал табиятынан таланттуу, идиреги бар балдарга нота менен эмес, эн белги менен комуз үйрөткөн. Тагыраагы, өзүнүн автордук ыкмасын иштеп чыккан. Нота тааныбаган, бирок табиятынан ыр жандуу, күү жандуу, комузду мыкты черткен, өнөргө дилгир болуп жүргөн балдар арасында бул жакшы кабыл алынган. Эн белги музыкалык билими жок балдар үчүн алгачкы комуз үйрөнүүгө өзгөчө жардам бергенин иштин жыйынтыгы өзү көрсөткөн. Бул адам таптаган таланттуу балдар-кыздар өлкөнүн ичинде эле эмес, чет мамлекеттерде комузду, кыргыздын күү өнөрүн жакшы тааныткан.
Төгөрөгү төп келген жорго. Нурак Абдрахманов өрнөктүү өмүр, дөөлөтүү карылыкты кечирген. Обон чыгарып жана ырларды ийине жеткире аткарган. Манасты да табына келтирип, мыкты айта билген. Комузду кандай чертип, ырды кандай ырдаса, терме-насыят ырларды да ошондой чыгарып ырдаган. Бир эле мисал, "Бул дүйнө" чыгармасы.
Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө,
Жан дүйнөсү бош калган, наадандарга кур дүйнө.
Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө,
Биз кетсек да калар жаркып, дайым жапжаш бул дүйнө, - деп ырдаган.
Нурак Абдрахманов сонун чыгармаларды элине калтырып кетти.
Тарых менен алектенип, көп жылдык изилдөөлөрдөн соң "Улуу баян" аттуу 600 беттик тарыхый эссе китеби 2007-жылы жарыкка чыккан. Колунан көөрү төгүлгөн уста да эле. Темир комуз, комуз, кыл кыяк жасап, ээр чаба билген.
Обончулугу. Өнөрдүн бул өңүрүн илгертен эле кошо ала жүргөн. Автордун кыргыздар эле эмес, башка улуттагылар, жаштар үчүн да сүйүктүү чыгармасына айланып кеткен ыры — "Аппак сүйүү". Аны Юлия Руцкая чеберчилик менен аткарып, элге кеңири жайылды. Аталган чыгарма туурасында кызы Ширин Абдрахманова эскерип айтып берген.
© Фото / предоставлено семьей Нурака АбдрахмановаКомузчу, обончу, уста жана мыкты устат, өзгөчө таланттуу инсан Кыргыз эл артисти Нурак Абдрахманов
Комузчу Нурак Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2025
Комузчу, обончу, уста жана мыкты устат, өзгөчө таланттуу инсан Кыргыз эл артисти Нурак Абдрахманов
— Атам эки байбичелүү жана 14 баланын атасы болгон кезде жаралган ыр. Балким байбичелерине арнап жазгандыр. Жанында турбагандан кийин так айта албайбыз. "Камбаркан" фольклордук тобу менен Нарын тарапка концерт койгону бара жатышып, автобуста сүйүү ырлары аябай ырдалат. Анан атама ушул ырдын кайрыктары, сөздөрү келген экен. "Аз эле убакытта, ушу Долонго түшүп-чыккыча эле жаратып койгом" деген өзү. Мен "Аппак сүйүүнү" 1995-жылдан бери алымдын келишинче фольклордук багытта аткарып келе жатам. Бирок бул ырдын багын Руцкая ачты. Аны биз да абдан сыйлайбыз. Атам да "ананайын, жакшы ырдайт экен" деп Юлиянын чыгармачылыгын алкап калчу эле. Атам Руцкаяга өзү үйрөтүп, ыраазычылыгы менен батасын берип, ырдоосуна макул болгон. Жаны кыйналып ооруп турса да барып, клибине чейин тартылып келген. Ал ыр элге чыккыча экөө ырдын ар бир кайрыгына, нотасына чейин талкуулап, абдан катуу иштешти. Ыр жакшы чыкканда атам да абдан кубанган.
Сыйлыктары. СССРдин жана Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты. 2001-жылы Самарканд шаарында ЮНЕСКО тарабынан уюшулган Салттуу ырлардын (Шарк Тароналары) эл аралык конкурсуна катышып, атайын байгесин жеңип, "Салттуу музыканын устаты" деген сертификат алган.
Нурак Абдрахманов узакка созулган оорудан улам 2014-жылы 26-майда дүйнө салган.
Бүгүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар комузчу Нурак Абдрахманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Күү атасы атыккан Нурак Абдрахманов. Залкар комузчунун жүрөктө калган элеси
Руководитель ансамбля комузистов Кыргыз көчү  Мастура Бердибекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2020
Комузчу Бердибекова: күүлөрүн нотага түшүргөндө Нурак агай катуу толкунданган
Жаңылыктар түрмөгү
0