Күү атасы атыккан Нурак Абдрахманов. Залкар комузчунун жүрөктө калган элеси

Жазылуу
Бүгүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун туулган күнү. Улуу устаттын көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок.
Sputnik Кыргызстан агенттиги СССРдин эл артистинин сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Нурак Абдрахманов 1947-жылы 19-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында төрөлүп, чырпыктай кезинде колуна комуз алып, ыр-күүгө жакын өскөн. Мектепти аяктаган соң Токмоктогу маданий-агартуу окуу жайында билим алып, эмгек жолун айылдагы клубда баштап, кийин бир катар маданий мекемелерде эмгектенген. Кыргыз эл артисти өзүнүн чыгармачылык жолунда далай шакирттерди өстүрүп, калың журтка мыкты күүлөрүн тартуулаган.
Залкар комузчу узакка созулган оорудан улам 2014-жылы 26-майда 66 жашында бул дүйнө менен кош айтышты.
© фото предоставлено семьей Нурака Абдрахманова

Нурак Абдрахманов 15 жашында бир катар кароо-сынактарга катышып, комузчулар арасындагы биринчиликтерди жеңген

Нурак Абдрахманов 15 жашында бир катар кароо-сынактарга катышып, комузчулар арасындагы биринчиликтерди жеңген - Sputnik Кыргызстан
1/14

Нурак Абдрахманов 15 жашында бир катар кароо-сынактарга катышып, комузчулар арасындагы биринчиликтерди жеңген

© Фото / предоставлено семьей Нурака Абдрахманова

70-жылдарда Ош облусундагы маданий иш-чарага катышып жаткан комузчу

70-жылдарда Ош облусундагы маданий иш-чарага катышып жаткан комузчу - Sputnik Кыргызстан
2/14

70-жылдарда Ош облусундагы маданий иш-чарага катышып жаткан комузчу

© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой

Комузчу тун уулу Таалайбек менен

Комузчу тун уулу Таалайбек менен - Sputnik Кыргызстан
3/14

Комузчу тун уулу Таалайбек менен

© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой

Фрунзе шаарында уюштурулган сынакка катышканы келген учуру

Фрунзе шаарында уюштурулган сынакка катышканы келген учуру - Sputnik Кыргызстан
4/14

Фрунзе шаарында уюштурулган сынакка катышканы келген учуру

© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты өз мезгилинде мыкты уюштуруучу да болгон

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты өз мезгилинде мыкты уюштуруучу да болгон - Sputnik Кыргызстан
5/14

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты өз мезгилинде мыкты уюштуруучу да болгон

© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой

Комузчу Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебинде эмгек жолун улаган

Комузчу Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебинде эмгек жолун улаган - Sputnik Кыргызстан
6/14

Комузчу Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебинде эмгек жолун улаган

© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой

Ал Аламүдүн райондук маданият үйүн төрт жыл жетектеген

Ал Аламүдүн райондук маданият үйүн төрт жыл жетектеген - Sputnik Кыргызстан
7/14

Ал Аламүдүн райондук маданият үйүн төрт жыл жетектеген

© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой

Кыргыз эл артисти чыгармачылык жолунда бир топ шакирттерди тарбиялап, өстүргөн

Кыргыз эл артисти чыгармачылык жолунда бир топ шакирттерди тарбиялап, өстүргөн - Sputnik Кыргызстан
8/14

Кыргыз эл артисти чыгармачылык жолунда бир топ шакирттерди тарбиялап, өстүргөн

© Фото / из архива семьи Абдрахмановых

Таланттуу инсан темир комуз, комуз, кыл кыяк жасап, ээр чапчу

Таланттуу инсан темир комуз, комуз, кыл кыяк жасап, ээр чапчу - Sputnik Кыргызстан
9/14

Таланттуу инсан темир комуз, комуз, кыл кыяк жасап, ээр чапчу

© Фото / из архива семьи Абдрахмановых

Залкар инсан музыкадан сырткары тарых менен алектенип, "Улуу баян" аттуу 600 беттик тарыхый эссе китебин жазган

Залкар инсан музыкадан сырткары тарых менен алектенип, "Улуу баян" аттуу 600 беттик тарыхый эссе китебин жазган - Sputnik Кыргызстан
10/14

Залкар инсан музыкадан сырткары тарых менен алектенип, "Улуу баян" аттуу 600 беттик тарыхый эссе китебин жазган

© Фото / предоставлено семьей Нурака Абдрахманова

Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Кара Молдо, Ыбырай, Ниязаалы Борош уулу, Токтогул Сатылганов, Музооке, Болуш Мадазимов, Чалагыз, Шекербектин күүлөрүн, Сартбай, Муса, Атай, Боогачы, Жумамүдүн, Бектемирдин ырларын өзгөчө чеберчиликте аткарган

Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Кара Молдо, Ыбырай, Ниязаалы Борош уулу, Токтогул Сатылганов, Музооке, Болуш Мадазимов, Чалагыз, Шекербектин күүлөрүн, Сартбай, Муса, Атай, Боогачы, Жумамүдүн, Бектемирдин ырларын өзгөчө чеберчиликте аткарган - Sputnik Кыргызстан
11/14

Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Кара Молдо, Ыбырай, Ниязаалы Борош уулу, Токтогул Сатылганов, Музооке, Болуш Мадазимов, Чалагыз, Шекербектин күүлөрүн, Сартбай, Муса, Атай, Боогачы, Жумамүдүн, Бектемирдин ырларын өзгөчө чеберчиликте аткарган

© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой

Нурак Абдрахманов байбичеси Күмүшай апа жана неберелери менен

Нурак Абдрахманов байбичеси Күмүшай апа жана неберелери менен - Sputnik Кыргызстан
12/14

Нурак Абдрахманов байбичеси Күмүшай апа жана неберелери менен

© Фото / из архива семьи Абдрахмановых

Абдрахманов "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамблинде көзү өткөнгө чейин эмгектенген

Абдрахманов "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамблинде көзү өткөнгө чейин эмгектенген - Sputnik Кыргызстан
13/14

Абдрахманов "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамблинде көзү өткөнгө чейин эмгектенген

© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой

Нурак Абдрахманов сегиз уул, алты кыздын атасы

Нурак Абдрахманов сегиз уул, алты кыздын атасы - Sputnik Кыргызстан
14/14

Нурак Абдрахманов сегиз уул, алты кыздын атасы

Жаңылыктар түрмөгү
0