00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстандагы мал базарларга ветеринардык маалым каты жок мал-жандык киргизилбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, документсиз малдын ээсине 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 500 сом айып салынат. Ветеринардык кызмат айдоочуларга кайрылып, коштомо документи жок мал ташууга жана базарга алып кирүүгө катуу тыюу салынганын эскертти. Маалым кат алуу үчүн кара малдын кулагына бирка, ал эми жылкылардын денесине чип басылышы керектиги кошумчаланды.
Бишкектеги муниципалдык мектептер 17-октябрь күнү кадимки тартипте окуйт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Муниципалитет ИИМдин окуучуларга коркунуч туудурган киши Кыргызстанда эмес деген маалыматына таянып, тизмедеги билим берүү жайларынын баары текшерилгенин билдирген. Буга байланыштуу муниципалдык мектептерди офлайн-режимде окутуу чечими кабыл алынган. Буга чейин интернетте Бишкектеги окуучуларды өлтүрөм деп коркуткан кишинин видеосу тарап, ата-энелерди дүрбөлөңгө түшүргөн. ИИМ бул адам 20 жаштагы Ярослав Овсюк экенин тастыктап, телефон террорчулугу үчүн Россия ИИМинин издөөсүнө алынганын билдирди. Анын Кыргызстандын аймагында жүргөнү катталган эмес.
Ысык-Көлдө "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга илинди. Аталган документ кабыл алынса аймакта эркин экономикалык зона уюштурулуп, ал жакта өзгөчө бажы процедуралары колдонулат. Резиденттерге салыктар боюнча жеңилдиктер жана бизнес жүргүзүү үчүн артыкчылыктуу шарттар берилет. Атайын финансылык инвестициялык аймак катары өзгөчө укуктук макамга жана режимге ээ болот. "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы экономиканы өнүктүрүү, жаңы технологиялардын негизинде иштеген өндүрүштү көбөйтүү, транспорттук инфраструктура жана туризмди өнүктүрүү үчүн түзүлүп жатканы белгиленген. Эске салсак, аталган аймакты түзүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров ушул жылдын июль айында кол койгон. Анда анын өзгөчөлүгү катары жарандык-укуктук мамилелерди жөнгө салууда англис укугунун нормалары колдонулары, эл аралык талаш маселелерди кароо үчүн өзүнчө борбор түзүлөрү айтылган.
Россия атом тармагында эч кимден көз каранды эмес. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин "Россия энергетикалык жумалыгы" эл аралык форумунда сүйлөп жатып билдирди. Ал ошондой эле Россия БРИКС алкагында Глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен атомдук энергетика жаатында кызматташууну тереңдетерин айтты. "Бул жаатта Россия чынында абсолюттук лидер. Эч кимден көз каранды эмес. Атом тармагындагы нерселердин баары Россияда жасалат", — деди ал. Путин ошондой эле "Росатом" дүйнөлүк атомдук станция куруу рыногунун 90 пайызын ээлей турганын кошумчалады. Мындан сырткары, Россия 15 жылда АЭСтерден (ичинде чакандары бар) 29 гигаваттан ашык кубаттуулукту ишке киргизүүнү пландоодо.
Жаңылыктар түрмөгү
0