https://sputnik.kg/20251011/1097094770.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кыргызча ката жазылган көчө аталыштары оңдолуп, айрымдары алынуудаБританиянын мурдагы премьер-министри Украинага аскерлерди жөнөтүүгө чакырдыКМШ... 11.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-11T15:00+0600
2025-10-11T15:00+0600
2025-10-11T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0b/1097094604_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3d5b7a105c13f3a134cf50e8b9db7752.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кыргызча ката жазылган көчө аталыштары оңдолуп, айрымдары алынуудаБританиянын мурдагы премьер-министри Украинага аскерлерди жөнөтүүгө чакырдыКМШ саммитинин кезектеги жыйыны 2026-жылы Түркмөнстанда өтөтКөз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кийинки саммити 2026-жылдын 9-октябрында Түркмөнстанда өтөт. Бул тууралуу КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев Душанбедеги саммиттин тар чөйрөдөгү жыйынында кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берип жатып билдирди. "Делегация башчылары Түркмөнстан 2026-жылы Шериктештикте төрагалык, ал эми Тажикстан менен Өзбекстан тең төрагалык кылары жөнүндө чечим кабыл алышты. Салтка ылайык, иш-чара төрагалык кылган өлкөдө өткөндүктөн кезектеги жыйын 2026-жылдын 9-октябрында Түркмөнстанда болот", — деди Лебедев.
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун толугу менен колдойт. Бул тууралуу банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву билдирди. Анын айтымында, банк 32 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген насыяларды берүүнү улантат. Анын ичинен алгачкы 8 жылы жеңилдетилген мөөнөт катары каралат."Биз Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлорду толук колдойбуз. Бул долбоорлор энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу менен катар, суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга жана коңшу Өзбекстан менен Казакстан мамлекеттеринин суу коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт", - деди Чжэн Ву. Чжэн Ву кошумчалагандай, 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстандагы банк тарабынан каржыланган долбоорлордун жалпы портфели 1 млрд доллардан ашат.
Бишкекте кыргыз тилинде ката жазылып, өз билемдик менен илинген көчө аталыштары, жарнама такталар алынууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Муниципалитет кээ бир жеке жактар такталардагы жазууларды текшертпестен, өз алдынча илип коюп жатканын белгилеген."Ушуга байланыштуу райондук администрациялар, муниципалдык аймактык башкармалыктар жана кварталдык комитеттер көчө аталыштарынын аншлагдарын текшерип, каталарды оңдоо, мыйзамсыз орнотулган жарнамалык такталарды алуу боюнча текшерүү жүргүзүп, рейд өткөрүүдө. Анда түшүндүрүү иштери менен катар эскертүүлөр берилүүдө", — деп жазылат маалыматта. Мэрия мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга таянып көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде гана жазыларын эске салды. Буга чейин соцтармакка Токтогула, Касы-Малы Жантөшөв деген жазуулар менен көчөгө илинген такталардын сүрөттөрү пайда болуп, интернет колдонуучулар туура эмес жазып койгондорду катуу сындашкан.
Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон Украинанын көпчүлүк аймагы коопсуз экенин айтып, буга байланыштуу Россиянын эскертүүлөрүнө жооп катары Батыштын аскерлерин жөнөтүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Дароо эле чечишип алалы, Украинага бара турчу батыштык аскерлер эч кандай шартта согуштук аракеттерге тартылбайт. Алардын милдети — фронттон алыста туруп колдоо көрсөтүү, логистика жана окутуу жагын камсыз кылуу. Украинанын көпчүлүк бөлүгү коопсуз, жибербей коюуга деле негиз жок", — деген Жонсон Daily Mail чыгарган макалада. Сентябрдын башында Парижде Улуу Британиянын премьери Кир Стармер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун төрагалыгы алдында "каалоочулар коалициясынын" катышуучуларынын жолугушуусу өткөн. Саммиттин соңунда француз лидери 26 өлкө ок атышууну токтоткондон кийин гана Украинага күчтөрдү жайгаштырууга даяр экенин билдирген.
Бишкекте кыргызча ката жазылган көчө аталыштары оңдолуп, айрымдары алынуудаБританиянын мурдагы премьер-министри Украинага аскерлерди жөнөтүүгө чакырдыКМШ саммитинин кезектеги жыйыны 2026-жылы Түркмөнстанда өтөтКөз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кийинки саммити 2026-жылдын 9-октябрында Түркмөнстанда өтөт. Бул тууралуу КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев Душанбедеги саммиттин тар чөйрөдөгү жыйынында кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берип жатып билдирди. "Делегация башчылары Түркмөнстан 2026-жылы Шериктештикте төрагалык, ал эми Тажикстан менен Өзбекстан тең төрагалык кылары жөнүндө чечим кабыл алышты. Салтка ылайык, иш-чара төрагалык кылган өлкөдө өткөндүктөн кезектеги жыйын 2026-жылдын 9-октябрында Түркмөнстанда болот", — деди Лебедев.Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун толугу менен колдойт. Бул тууралуу банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву билдирди. Анын айтымында, банк 32 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген насыяларды берүүнү улантат. Анын ичинен алгачкы 8 жылы жеңилдетилген мөөнөт катары каралат."Биз Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлорду толук колдойбуз. Бул долбоорлор энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу менен катар, суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга жана коңшу Өзбекстан менен Казакстан мамлекеттеринин суу коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт", - деди Чжэн Ву. Чжэн Ву кошумчалагандай, 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстандагы банк тарабынан каржыланган долбоорлордун жалпы портфели 1 млрд доллардан ашат.Бишкекте кыргыз тилинде ката жазылып, өз билемдик менен илинген көчө аталыштары, жарнама такталар алынууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Муниципалитет кээ бир жеке жактар такталардагы жазууларды текшертпестен, өз алдынча илип коюп жатканын белгилеген."Ушуга байланыштуу райондук администрациялар, муниципалдык аймактык башкармалыктар жана кварталдык комитеттер көчө аталыштарынын аншлагдарын текшерип, каталарды оңдоо, мыйзамсыз орнотулган жарнамалык такталарды алуу боюнча текшерүү жүргүзүп, рейд өткөрүүдө. Анда түшүндүрүү иштери менен катар эскертүүлөр берилүүдө", — деп жазылат маалыматта. Мэрия мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга таянып көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде гана жазыларын эске салды. Буга чейин соцтармакка Токтогула, Касы-Малы Жантөшөв деген жазуулар менен көчөгө илинген такталардын сүрөттөрү пайда болуп, интернет колдонуучулар туура эмес жазып койгондорду катуу сындашкан.Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон Украинанын көпчүлүк аймагы коопсуз экенин айтып, буга байланыштуу Россиянын эскертүүлөрүнө жооп катары Батыштын аскерлерин жөнөтүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Дароо эле чечишип алалы, Украинага бара турчу батыштык аскерлер эч кандай шартта согуштук аракеттерге тартылбайт. Алардын милдети — фронттон алыста туруп колдоо көрсөтүү, логистика жана окутуу жагын камсыз кылуу. Украинанын көпчүлүк бөлүгү коопсуз, жибербей коюуга деле негиз жок", — деген Жонсон Daily Mail чыгарган макалада. Сентябрдын башында Парижде Улуу Британиянын премьери Кир Стармер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун төрагалыгы алдында "каалоочулар коалициясынын" катышуучуларынын жолугушуусу өткөн. Саммиттин соңунда француз лидери 26 өлкө ок атышууну токтоткондон кийин гана Украинага күчтөрдү жайгаштырууга даяр экенин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0b/1097094604_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4e71db41918548951065cc3144def08b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио