00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин үгүтчү жалдоого уруксат берүү боюнча талкууга жооп берди. Ал "Кабар" агенттигине маек курган. Журналист айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык берип, парламентке жалаң акчалуулар келет деген пикирди жаратып жатканын айткан. "Бул маселе боюнча мурдагы мыйзамда 500гө чейин үгүтчү алса болот деген ченем бар эле. Округдар чоңойгонуна байланыштуу депутаттар миң үгүтчүгө чейин деп көтөрүп коюшуптур. Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм. Себеби канча жолу шайлоолорго катышсам да, бир округга мынча үгүтчү алган эмесмин. Азыркы шайлоого катышып жаткан талапкерлер деле мынча үгүтчү албаса керек. Эгер ушунча үгүтчү алган талапкер болсо, демек, акчасы көп талапкер. Шайлабай коюш элдин колунда", — деген Жапаров. Анткен менен миң үгүтчү деген маселеден трагедия кылыштын деле кереги жок дегенпрезидент.
Кыргызстандагы эң маанилүү стратегиялык транспорттук долбоорлордун бири болуп эсептелген Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунун II фазасы 22 млн 531 миң долларды түзгөн. Бул тууралуу аталган долбоордун курулуш боюнча консультанты Элдар Самаркулов билдирди. Анын айтымында, аталган фазанын жалпы узундугу 27 чакырымды түзүп, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген насыянын негизинде каржыланган."Долбоор кытайлык компаниясы тарабынан аткарылды. Азыркы тапта жол кепилдик мөөнөтүндө эксплуатацияланып жатат. Жолдун туурасы 9 метр. Ал эми калктуу конуштардан өткөн бөлүктөрдө жол төрт тилкелүү болуп, туурасы 15 метрге чейин жетет. Асфальт эки катмардан турат. Төмөнкү катмары 9 сантиметр, ал эми үстүңкү катмары 6 сантиметр",-деди ал. Самаркулов кошумчалагандай, жол куруу менен катар аталган суммага көпүрөлөр жана суу өткөргүч түтүктөр орнотулуп, тротуарлар салынган. Мындан тышкары, жол коопсуздугу камсыздалып, жарыктандыруу иштери да жасалган.
Криптовалюта рыногу акыркы суткада он миллиард долларга жакын жоготту, деп билдирет Bloomberg Coinglass биржалык агрегаторунун маалыматтарына таянып. "Криптовалюта рыногундагы алсыздык жума күндөн бери эле сезилип турган. Coinglass маалыматына ылайык, акыркы 24 саатта апрель айынын башынан бери болгон эң ири жоюу толкунунда он миллиард долларга жакын каражат жоюлду", — деп жазат агенттик. Атап айтканда, АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайга каршы жаңы чаралар тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин акыркы сааттарда трейдерлер жети миллиард доллардан ашык суммадагы позицияларды жоюшкан. Ошол эле учурда Ак үйдүн кожоюнунун билдирүүсүнөн кийин биткоин 12 пайызга арзандады.
Нобелдин тынчтык сыйлыгы Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадого ыйгарылды. Бул тууралуу Ослодогу Нобель комитети билдиргенин РИА Новости жазды. Сыйлыкка негизги талапкерлердин бири катары АКШ президенти Дональд Трамптын аты аталып жаткан. Ошол эле учурда айрым маалымат каражаттары Трамптын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) ишин токтоткону, кээ бир өлкөлөргө бажы төлөмдөрүн кирги
Жаңылыктар түрмөгү
0